Сувейдадагы  окуялар

61
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо жооп

Сувейдадагы  окуялар

Суроо:

Axios АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Томас Барактын ортомчулугу менен өткөн “Израил”дин стратегиялык пландоо министри Рон Дермер жана Сирия Тышкы иштер министри Асад Аль-Шейбанинин Парижде жогорку деңгээлдеги жолугушуусу тууралуу билдирди. (Аксиос: 25-июль, 2025-жыл.  Акыркы бир нече күндө, 2025-жылдын 12-июлунан бери, Сириянын түштүгүндөгү друздар көп жашаган Сувейда провинциясында баш аламандыктын тездешине күбө болдук. Яхудий вужуду Сириядагы агрессиясын жана чабуулдарын улантуудан тышкары алардын иштерине кийлигишкенин жарыя кылды. Дамасктагы президенттик сарайдын айланасына, Коргоо министрлигине жана Башкы штабына чабуул жасалды… Суроо туулат: Сувейдада болуп жаткан окуялардын артында кандай чындык жатат? Сувейда аймагы жана жалпысынан Сириянын түштүгү үчүн яхудий вужудунун планы кандай жана Америка анын пландарын колдойбу? Мунун баары Сирия режими менен жөөт түзүмүнүн ортосундагы нормалдашуу сүйлөшүүлөрүнө, өзгөчө Азербайжанда болгон жолугушууларга кандай тиешеси бар?  Парижде айтылган жолугушуулардын чындыгы кандай? Аллах сизге жакшылыктарды берсин.

Жооп:

Жогорудагы суроолорго жоопту тактоо үчүн биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:

  • Друздарга келсек, алардын Сириядагы саны 700 миңге жакын деп болжолдонууда, алар Сириянын түштүгүндөгү аймактарда, өзгөчө Ас-Сувейда губернаторлугунда жашашат. Алардын 250 000ге жакын бөлүгү Ливанда жашашса, 140 000ге жакын бөлүгү Палестинанын түндүгүндө жана Голан дөңсөөлөрүндө жашашат. Жөөт вужуду оккупацияланган аймактардын тургундарына жарандык берип, алардын бир бөлүгүн өз армиясынын катарына кошкон. Андан соң яхудий вужуду аларды Сирияга кийлигишүү үчүн шылтоо катары колдонду. Былтыр февралдын аягынан бери борбор Дамасктын жанындагы Жарамана жана Сахная шаарларында жөөттөр аларды козгоп келет. 2025-жылдын 12-июлунда башталган Сувейдадагы акыркы окуяларда жөөт вужуду друздарды колдой турганын жана аларды пайдалануу аракетин ачык билдирди. Друз бандалары Сувейда губернаторлугунда жашаган бедуин мусулмандарына каршы зомбулук аракеттерин жасап, жүздөгөн кишини өлтүрүштү. Жөөт вужудунун премьер-министри Нетаньяху 2025-жылдын 17-июлунда жөөт сыналгысы жана башка маалымат каражаттары тараткан сөзүндө мындай деп жарыялады: “Биз так саясатты орноттук. Биринчиси, Дамасктын түштүгүндөгү Голан дөңсөөлөрүнөн Жабал ад-Друз аймагына чейинки аймакты демилитаризациялоо (куралсыздандыруу). Экинчиси, Жабал ад-Друз аймагындагы друздарды коргоо”. Жөөттөрдүн коргоо министри Израил Катц 2025-жылдын 16-июлунда X платформасында Сирияга коркутууларды жөнөтүп, мындай деди: “Дамаскка берилген белгилер аяктады, эми азаптуу соккулар келет. Армия Сувейдада друздарга кол салган күчтөрдү толугу менен чегингенге чейин жок кылуу үчүн күч менен операциясын улантат”. Жөөт армиясынын басма сөз катчысы X платформасында : “Армия Сирия режиминин аскердик буталарына сокку уруусун улантууда. Бир аз мурда Дамаск аймагындагы Сириянын Башкы штабына чабуул кылды”. Ошол эле күнү “Израил” армиясынын радиосу кечээ түндөн бери Сирияда болжол менен 160 бутага кол салганын жарыялады. Алардын көбү Сувейдада “Сириянын коопсуздук күчтөрүнө жана бедуиндерге каршы”, кээ бирлери борбор Дамаскка карата болду. Дамасктагы президенттик сарай, Коргоо министрлиги жана Башкы штаб бутага алынган.
  • Ушундайча, яхудий вужуду максаттарын жана саясатын ачык жарыялоодо жана Сирияга карата бул саясатын ишке ашыруу үчүн друздарды пайдаланып жатканын, анын иштерин Сирия режимине эмес, өзүнө тиешелүү кылып, бул аймакты Сириядан ачык түрдө тартып алып, анын үстүнөн үстөмдүк кылуучу күчкө айланууда. Белгилей кетсек, ал Башар Асаддын тушунда Сирияда чабуулдарын улантып келген, бирок ал друздарды шылтоо кылбай, тескерисинче, Ирандын кийлигишүүсүн жана анын тарапкерлерин шылтоо кылган. Сирия режимине жана куралдуу топтору менен режимге колдоо көрсөткөн Иранга таандык көптөгөн аскерий позицияларга сокку урду. Ал Дамасктагы консулдукка чабуул жасап, бир нече ирандык аскер башчыларын өлтүргөн. Башар Асад качкан күнү, 2024-жылдын 8-декабрда, жөөт вужуду бир нече күн бою интенсивдүү (тынымсыз) рейддерди жүргүзүп, Сириянын жүздөгөн аскерий объектилерине сокку урду. Эч кандай жооп же каршылык көрбөгөн соң ач көздүккө батып, алдыга жылып, Сириянын жаңы жерлерин басып алганга чейин чабуулдарын улантты. Ал борбор Дамаск тарапка болжол менен 25 километрге чейин кирип барып, Хермон тоосун басып алып, 1974-жылы кол салуу жана ок атышпоо келишимин бузган. Жөөт вужуду Сириянын түштүгүндө азчылыктарга, өзгөчө друздарга  ойноп, коопсуз, демилитаризацияланган буфердик аймак түзүүнү каалайт.
  • Бул окуялардан кийин Сириянын президенти Ахмед аш-Шарьа 2025-жылдын 17-июлунда эртең менен Сириянын телекөрсөтүүлөрү жана башка араб телеканалдары аркылуу сүйлөгөн сөзүндө: “Биз Израил менен согушуу же друз шейхтерине макулдашууга уруксат берүү ортосундагы тандоо алдында турганбыз, ошондуктан биз мекенди коргоону чечтик”. Ал мындай деди: “Америка, Араб жана Түркиянын ортомчулугу болбогондо “Израил” Сувейдадагы ок атышпоо келишимин бузууга аракет кылган”. Ал 19.07.2025 күнү экинчи сөз сүйлөдү, аны Сириянын маалымат агенттиги кабарлады жана сыналгыдан көрсөттү. Ал мындай деди: “Сирия мамлекети кыйынчылыкка карабай кырдаалды тынчыта алды, бирок Израилдин кийлигишүүсү Дамасктын түштүгүндөгү жана өкмөттүк мекемелердин ачыктан ачык бомбаланышынын натыйжасында өлкөгө, анын туруктуулугуна коркунуч туудурган кооптуу фазага түрттү. Бул окуялардан кийин абалды тынчтандыруу үчүн Америка жана Араб ортомчулуктары кийлигишти”. Ал ага жол таап берет деп башка мамлекеттердин, өзгөчө яхудий вужудуна демөөрчү болуп, колдоо көрсөтүп жаткан Американын кийлигишүүсүнө үмүттөнүүдө!
  • Ошондон кийин окуялар курчуп, Хикматул Хижри Сувейданын ичин көзөмөлдөөнү күчөткөндөн кийин, анын яхудийлер менен  мамилелери ачыкка чыга баштады. “Мазхаб ичиндеги саптарды жакындатып, шейиттердин үй-бүлөлөрүн соороткула” деген темалар менен Аль-Жарбу, Аль-Балаус, Аль-Ханави сыяктуу өзүн колдобогон үндөрдү жок кыла баштады. Хикмат аль-Хижринин фракциясы Сувейдадагы эң чоң жана башка фракцияларга үстөмдүк кылганы менен, аль-Жарбу жана аль-Балаус сыяктуу оппозицияны  Сирия ичинде улантуу талабында кетенчиктей турган болуп калды. Тескерисинче, анын майданда салмагы жок, анткени Хикмат аль-Хижри тирешүүлөрдү тутанткан, ал Дамаск менен түзүлгөн келишимдерден баш тарткан жана анын кыймылы Сувейдага гана үстөмдүк кылган. Ал Жарбу жана Ханавинин билдирүүлөрүн  эске албастан, друз коомунун руханий жетекчилигинин атынан билдирүүлөрдү чыгарат. Ал жөөт вужуду менен түздөн-түз байланышта экенин ачыкка чыгарып жөөт вуждуна ондогон друз зыяратчыларын жиберген. Хикмат аль-Хижри друздардын руханий жетекчилигинин атынан билдирүү жасап, мындай деди: “Биз эркин дүйнөгө жана анын бардык таасирдүү державаларына кайрылабыз жана Улуу даражалуу президент Дональд Трампка, премьер-министр Беньямин Нетаньяхуга, Сауд Арабиянын мураскор принци Мухаммед бин Салманга, Иорданиянын Улуу даражалуу Королу Абдалла IIге жана бул дүйнөдө үнү жана таасири бар бардык адамдарга кайрылуубузду жолдойбуз… Сувейданы куткарып калгыла”. (Анадолу агенттиги, 17-июль, 2025-жыл). Жөөт вужуду Сириянын ичиндеги салгылашууларга катышуу үчүн өз чек арасын друздарга  ачкан. RT 2025-жылдын 19-июлунда билдиргенине караганда, друз коомчулугунун 2000дей мүчөсү, анын ичинде жөөт армиясында кызмат өтөгөн жоокерлер бир күндө Сириядагы согушка катышуу ниетин билдиришкен.
  • Белгилей кетсек, Яхудий вужуду өзүнө жана курал-жарактарына каршы жасаган бардык аскерий соккуларга каршы, Сириянын түштүгүнө кирип, мамлекет жоктой калкты өлтүрүп, камакка алууларды уюштурду. Дамаск өкмөтү шалаакылыгы жана аракетсиздигинен тышкары, өзүн Сувейда жана Сириянын түштүгүндөгү окуялардын чынжырында  эң алсыз пощициянв карманды. Сириянын  мындай аракетсиздигинин баары Эрдогандын кеңешине негизделген, ал АКШ президентинин Дамасктын Ибрахим келишимдерине кошулуу өтүнүчүн колдой турганын жарыялаган (Ашарк аль-Авсат, 7/6/2025). Эрдоган Азербайжанда Шарьа өкмөтү жөөт вужуду менен байланышышына демөөрчү болгон. Ошентип, Ахмад аш-Шарьанын өкмөтү Сувейда кризисинин өтө алсыз звеносу болуп калды. Бул аймактагы кагылышууну токтотуу үчүн кийлигишип, армиянын Башкы штабына жетип, президенттик сарайга жакындаган яхудий вужудунун бомбалоосу астында маскара болуп андан чегинди. Андан соң Америка кийлигишип, коопсуздук күчтөрү кайтып келиши үчүн араб жана түрк ортомчулугу деп аталган нерсе менен ортомчулук кылды,  бул жолу армиядан эмес, ички иштер министрлигинен, башкача айтканда, жеңил куралдар менен аралашты. Ошондо бул өкмөттүк күчтөр Сувейдага кирбегени белгилүү болду. Тескерисинче, анын милдети араб урууларынын Сувейдага чабуулун улантуусуна бөгөт коюу, башкача айтканда, провинциянын четинде токтоп, ага кирбешин камсыздады. Жөөттөр ушуну талап кылган. Башкача айтканда, уруулардын Сувейдага кол салуусуна бөгөт коюуну талап кылган. Ар бир келишимде козголоңчу Хикмат аль-Хижри аны бузуп, жаңы шарттарды талап кылып, өкмөттү дагы бир жаңы келишим түзүүгө мажбурлаган. Бул акыркы келишим бир жумадагы төртүнчүсү боллу. Ахмед аш-Шаьаа өкмөтү сүйлөшүү жолу менен куралдуу урууларды Сувейдага кирбгизбестен чыгарып, андан кийин Сувейдада жашаган урууларды анын сыртына көчүрдү. Ал Сувейдадан жүздөгөн мусулман үй-бүлөлөрдү Дараадагы баш калкалоочу жайларга көчүрдү. Бул Хикмат аль-Хижри да жасап жаткан нерсе. Жума күнү кагылышуулар- друздардын лидери Хикмат Аль-Хижри менен байланышы бар топ сунниттердин бир катар бедуин урууларын көчүрүп, аларга каршы мыйзам бузууларды жасагандан кийин кайра- жанданды. (Анадолу агенттиги, 21.07.2025.) Сириянын жаңы өкмөтү Сириянын башкаруусун Америка буйругандай кабыл алаарын жана анын жолун Американын Түркиядагы элчиси жана Сириядагы ыйгарым укуктуу өкүлү Том Барак түзөрүн иш жүзүндө көрсөттү!
  • Сириядагы окуялар Америкада Трамп бийликке келгенден кийин күчөгөн болсо да, ал бүгүн башталбаган план боюнча жүргүзүп жатканы ачык. АКШ президенти Дональд Трамп “Израилдин” премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Ак үйдөгү жолугушууда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен “көйгөйлөрүн чечүүгө” жана “акылдуу иш-аракет кылууга” чакырды. Нетаньяху менен жолугушууда журналисттерге берген сөзүндө Трамп түрк президенти менен жакшы мамилеси тууралуу айтып, мындай деди: “Эрдоган деген киши менен жакшы мамиледемин. Мен аны сүйөм, ал да мени сүйөт. Бул маалымат каражаттарынын кыжырын кайнатып жатат”. Ал Нетаньяхуга “Эрдоганды жакшы көрөм” деп айтканын, аны менен көйгөйлөрү болсо аны чечүү керектигин айтып, “Израил Түркия менен кандайдыр бир көйгөйдү чечүү үчүн акылга сыярлык иш-аракет кылышы керек” деп баса белгиледи. (Аль-Жазира, 8-апрель, 2025-жыл). Андан кийин, шаршемби күнү Трамп Эр-Риядда Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шарьа менен 25 жылдан бери мындай жолугушуу биринчи болду, ал Дамаскка каршы санкцияларды алып салуу чечимин жарыялаган күндүн эртеси, бул кадамды кубаттады жана муну “өзөктүү бурулуш” деп эсептеди. Ак үйдүн өкүлү Трамп Сириянын президентин “Израил” менен Авраам келишимине кол коюуга чакырганын билдирди. (Франция 24, 14-май, 2025-жыл) Бул жолугушуу менен Сирияга каршы санкциялар жоюлду жана Нетаньяхуга Сириядагы аракеттерин Түркия менен координациялоо талабы коюлду. Ошентип, президент Трамп жана анын администрациясы Сирияга үстөмдүк кылуу үчүн аракет кылууда.
  •  Американын Сириядагы планы бир малайды башкасы менен алмаштыруучу негизги принципке таянганы белгилүү болду. Ушул себептен Америка Башардын режимин кулатып, ага караштуу жаңы режимди куруу үчүн Түркияга жашыл жарык берди. Сириянын жаңы президенти Ахмад аш-Шараа  бул алмаштырууну, анын ичинде Ислам  менен өкүм жүргүзүүнү таштап, Башардын жолдоочуларын жоопкерчиликке тартуудан  баш тартты. Анын улуттук жарашуу менен алмаштырууну кабыл алганын көрсөткөн бардык билдирүүлөрүнө карабастан, көшөгө артында жөөт вужуду менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Андан кийин Азербайжанда 2025-жыл 12-июлда  көшөгөсүз сүйлөшүүлөргө барды. Андан кийин Париж жолугушуулары башталды. (Axios Парижде “Израилдин” стратегиялык пландоо министри Рон Дермер менен Сирия Тышкы иштер министри Асад Аш-Шейбанинин ортосунда АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Томас Барактын арачылыгы менен Парижде жогорку деңгээлдеги жолугушуу болгонун билдирди. Болжол менен төрт саатка созулган бул сүйлөшүүлөр чейрек кылымдан бери эки өлкөнүн ортосундагы биринчи жолугушуу болду. Алар Сириянын түштүгүндөгү чыңалууну басаңдатуу жана коопсуздукту орнотуу, ок атышпоо маселесине көңүл бурушту. Сириянын Адам укуктары боюнча обсерваториясы Сирия менен “Израилдин” ортосунда АКШнын ортомчулугу менен жетишилген келишим өлкөнүн түштүгүндө, өзгөчө 12-июлдан бери коркунучтуу күчөгөн Сувейда губернаторлугунда ок атышпоого байланыштуу жети негизги жобо камтылганын ачыктады. Обсерваториянын билдиргенине караганда, келишимде Сувейданын бардык документин АКШнын администрациясына өткөрүп берүү каралган. Келишимде ошондой эле кызмат көрсөтүү үчүн Сувейда тургундарынан жергиликтүү кеңештердин түзүлүшү, түздөн-түз АКШга отчет бере турган мыйзам бузууларды документтештирүү боюнча комитеттин түзүлүшү жана Дараа жана Кунейтра губернаторлуктарынын куралсыздануусу, ал жерде оор куралдарга ээ болууга жол бербестен жергиликтүү коопсуздук комитеттеринин түзүлүшү да каралган. (Axios-Eye of Libya, 25-июль, 2025-жыл). Булардын баары Америка Сириянын түштүгүн яхудий вужуду үчүн коопсуз жана буфердик аймак болушун каалап жатканын жана режим жөөт вужуду менен нормалдашуусу үчүн бул абалга моюн сунмайынча жөөт вужуду ага кайра-кайра кол салууларынан ыраазы экенин тастыктайт. Азербайжанда жана Парижде өткөрүлгөн жолугушуулар бул жолдогу ырааттуу кадамдар. ЖМКнын маалыматына караганда, талкууланып жаткан эң көрүнүктүү маселелерге төмөнкүлөр кирет: Сириянын түштүгүндө 1979-жылы Египет режими түзгөн тынчтык келишими боюнча Египет менен яхудий вужудунун ортосунда Синайдагыдай, Сириянын түштүгүндө жөөт вужудунун кызыкчылыгы үчүн коопсуздук буфердик зонанын түзүлүшү.Бул дагы эле күчүндө болуп, Египет калкынын геноцидге дуушар болгон Газадагы бир туугандарын колдоо үчүн иш-аракеттерге баруусуна тоскоол болууда.
  • Сириянын Шамдагы абалы чындыгында кейиштүү, бул тууралуу Расулулла  Табарани риваят кылган асыл хадисинде айткан… عَنْ سَلَمَةَ بن نُفَيْلٍ، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ ﷺ: «عُقْرُ دَارِ الإِسْلامِ بِالشَّامِ» Салама ибн Нуфайлдан риваят, ал айтты: Аллахтын Элчиси саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “ Дарул Исламдын пайдубалы Шамда”.

Ал учурда Исламдан алыс бир режим тарабынан башкарылат жана анын акими Америкага малайлык кылууда жана яхудий вужудуна каршы согушпай, ага моюн сунуу үчүн өзүн таштоодо. Тескерисинче, аны менен тынчтык келишимдерин түзүүгө умтулуп, бул вужуд жана анын колдоочусу болгон Американы ыраазы кылган иштерди кылат. Ал тургай Хизб-ут-Тахрир жигиттерин, Хиддаяттуу Халифалыктын жактоочуларын абакта кармап жатат. Ал, Аллахтын душмандарын ыраазы кылуу анын режимин сактап калат деген элес менен халифалыктын душманы болгон Америка менен яхудийлерди ыраазы кылуу үчүн аларды камактан  бошоткон жок! Ал Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, Ибн Хиббан Урва риваят кылган “Сахихте” Айша энебизден риваят кылган сөзүн унуткан же унуткандай түр көрсөттү:

قال رسول الله ﷺ: «مَنِ الْتَمَسَ رِضَا اللهِ بِسَخَطِ النَّاسِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، وَأَرْضَى النَّاسَ عَنْهُ، وَمَنِ الْتَمَسَ رِضَا النَّاسِ بِسَخَطِ اللهِ سَخَطَ اللهُ عَلَيْهِ، وَأَسْخَطَ عَلَيْهِ النَّاسَ

Аллахтын Элчиси саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Ким адамдарды нааразы кылуу менен Алланын ыраазычылыгын издесе, Аллах андан ыраазы болот жана андан адамдарды да  ыраазы кылат. Ким Аллахты нааразы кылуу менен адамдардын ыраазычылыгын издесе, Аллах Таала ага ачууланып, адамдарды да ага каардантат”.

وأخرجه الترمذي في سننه بلفظ «مَنْ الْتَمَسَ رِضَا اللهِ بِسَخَطِ النَّاسِ كَفَاهُ اللهُ مُؤْنَةَ النَّاسِ وَمَنْ الْتَمَسَ رِضَا النَّاسِ بِسَخَطِ اللهِ وَكَلَهُ اللهُ إِلَى النَّاسِ

Ат-Тирмизи аны “Сунанына”: “Ким адамдарды нааразы кылуу менен Аллахтын ыраазычылыгын издесе, Аллах ага адамдардын оорчулугунан жетиштүү болот. Ал эми ким Аллахты нааразы кылуу менен адамдардын ыраазычылыгын көздөсө, Аллах аны адамдарга калтырат” деген сөз менен риваят кылган.

Бирок, биз жашап жаткан бул зулум режимдерден кийин Халифалык кайра келет деп ишенебиз. Ахмад өзүнүн «Муснадында» Хузайфадан риваят кылат, ал айтты: Аллахтын Элчиси саллаллаху алейхи уа саллам айтты:

ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ»

 .. кийин мажбурлоочу залим падышалык болот, Аллах кааласа ошончолук болот, анан каалаганда аны жок кылат, анан пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалык болот, анан унчукпай калды”.

Ат-Таялиси да Муснадына риваят кылган .. Анан Ислам жана мусулмандар урматталат, каапырлар жана заалимдер кор болот.. Жана момундар кубанышат!

﴿وَأُخْرَى تُحِبُّونَهَا نَصْرٌ مِنَ اللهِ وَفَتْحٌ قَرِيبٌ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ﴾

“…Жана дагы бир силер жакшы көргөн нерсе: Аллахдан келген жеңиш жана жакынкы фатх. Момундарга сүйүнчүлө”.

1447-х, 1-сафар.

2025-ж, 26-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here