Саясатчынын жөндөмдөрү. Стратегиялык көз караш

74
0

Саясатчынын жөндөмдөрү. Стратегиялык көз караш

Саясий күрөш жана идеологиялык тиреш шартында, өзгөрүүлөргө умтулган лидердин негизги сапаты учурдагы окуялардын арткы жагын көрө билүү. Бул сапатты Такийюддин ан-Набхани «дубалдын ары жагын көрүү» деп атаган. Ал идеологиялык партия окуялардын сырткы формасына гана чектелбей, алгачкы таасирлерге алдырбастан, маңызына терең көңүл буруп, жашыруун себептерди талдап, ар бир окуянын артындагы максаттарды жана кызыкчылыктарды баалап чыга турганын баса белгилейт. Анын көз карашында, ар бир саясий кырдаал жөн гана кокустан чыккан фактылардын тизмеги эмес, тескерисинче идеялардын, кызыкчылыктардын жана түрткү берүүчү тараптардын терең күрөшүнүн чагылуусу болуп эсептелет.

Мындай көз караш саясатчыдан жөн гана интеллектуалдык тереңдикти эмес, идеологиялык туруктуулукту да талап кылат. Ал ар бир сырткы кадамдын артында көздөгөн эсеби, алдоо, басым же стратегия болушу мүмкүн экенин түшүнө билиши керек. Ошондуктан ал кыска мөөнөттүү пайда менен эмес, максатына шайкеш келген алыска көз чаптырган чечимдер менен ойлонууга милдеттүү. Болбосо, ал сырткы көрүнүштүн барымтасында калып, реакциялардын арасында чабалактап, идеология аныктап берген багытты сактап кала албайт.

Дал ушул стратегиялык жөндөмдүн маңызы. Ал эртеңки күндү алдын ала көрө билип, узак мөөнөттүү багыт түзүп, кесепеттерди алдын ала баамдап, аракетти үн катуу чыккан жерге эмес, маанилүү жерге багыттай алат.

Бул сапат саясий ыкма же техника эмес. Ислам түшүнүгүндө бул ахлакый жана аклий милдет болуп саналат. Куранда Аллах Таала Юсуф пайгамбарга (а.с.) ишти кандай таризде жолго салганын төмөнкү аят менен сүрөттөйт:

﴿كَذَٰلِكَ كِدْنَا لِيُوسُفَ﴾

«Биз Юсуфка мына ушундай айла-адистикти үйрөттүк». (Юсуф сүрөсү, 76-аят).

Юсуф пайгамбар (алейхис салам) кырдаалга дароо реакция кылуу менен чектелбестен, адилеттүүлүккө жетүү жана бир тууганын мыйзам бузбастан алып калуу үчүн шариатта уруксат берилген каражаттарды колдонгон. Анын мындай аракеттери терең ойлонулган, келечекти эске алган мамиленин — биз бүгүн «саясий стратегия» деп атаган түшүнүктүн — маанисин көрсөтөт. Ал максатка туш келди аракеттер менен жетүүгө мүмкүн эместигин билген жана чындык менен натыйжалуулукту айкалыштыра иш кылган.

Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ да стратегиялык ой жүгүртүүнүн эң мыкты үлгүсү болгон. Хижраттын алтынчы жылында түзүлгөн Худайбийа келишими сыртынан караганда жеңилүү же баш ийүү катары көрүнгөн жана кээ бир сахабалар, анын ичинде Умар ибн ал-Хаттаб да (Аллах андан ыраазы болсун), бул келишимдин тууралыгынан күмөн санашкан. Бирок Пайгамбар ﷺ бул кадамды эмоцияга эмес, натыйжага таянган көз караш менен жасаган. Арадан бир жыл өткөн соң, бул «багынуу» катары көрүнгөн иш Исламдын кеңири жайылышына жол ачкан күчтүү каражатка айланганын ырастады. Бул тууралуу Куранда мындай деп айтылат:

﴿إِنَّا فَتَحْنَا لَكَ فَتْحًا مُّبِينًا﴾

«Алла Сага кудуреттүү Жардам бериши үчүн чындыгында Биз сага ачык-айкын фатх-жеңиш тартуу эттик». (Фатх сүрөсү, 1-аят).

Бул аят Худайбийа келишимин чечүүчү өзгөрүүлөрдүн башаты катары көрсөтөт. Ал келишим Меккенин фатх болуусуна жана Исламдын жапырт кабыл алынышына жол ачты. Бүгүнкү саясий багынып берүү сыяктуу көрүнгөн нерсе, эртеңки жеңиштин ачкычы болуусу мүмкүн экенин Пайгамбарыбыз ﷺ түшүнгөн.

Ушундай эле ыкманы ал ﷺ өзүнүн даават иштеринин башында колдонгон. Ал Исламга чакырууну алгач жашыруун жүргүзгөн. Бул коркуу эмес, стратегиялык эсептөө болчу. Ал алгач жакындарынан баштап, идеологиялык өзөктү түздү, келечекте Ислам байрагын көтөрө турган ишенимдүү адамдарды даярдады. Бул саясий чыдамкайлыктын жана күчтөрдүн тең салмактуулугун түшүнүүнүн чыныгы көрүнүшү. Анын багыты вакыйлыкты дароо эмес, ырааттуу түрдө ишендирүү, уюштуруу жана идеологиялык басым аркылуу вакыйлыкты өзгөрткөн. Мына ушул пайгамбарлык жолдун чыныгы стратегиясы. Аллах Таала дагы Куранда мындай дейт:

﴿وَلَا يَأْتُونَكَ بِمَثَلٍ إِلَّا جِئْنَاكَ بِالْحَقِّ وَأَحْسَنَ تَفْسِيرًا﴾

«Алар сага (Куранды айыптоо үчүн жогорудагыдай) айрым мисал – суроо келтиришсе, албетте Биз сага чын (жоопту) жана эң көркөм тафсир-чечмелөөнү алып келип койдук». (Фуркан сүрөсү, 33-аят).

Бул Пайгамбарыбыз каршылаштарынан келген интеллекттүү чакырыктарга жана шектенүүлөргө туш болгондо, жөн гана жооп кайтарып койбостон, алардын жалган жүйөлөрүнүн маңызын ачып, терең түшүндүрмөлөрдү бергенин көрсөтөт. Мындай жооптор стратегиялык жана идеологиялык ой жүгүртүү болгон учурда гана мүмкүн.

Пайгамбар Мухаммад ﷺ Муаз ибн Жабал (Аллах андан ыраазы болсун) Йеменге жөнөтүп жатканда ага ырааттуу насааттарын берген: «Сен Китеп ээлерине барасың. Аларды биринчи чакырууң “Лаа илааха илла Аллах” деген күбөлүк болсун…» (хадисти Бухари (№7372) жана Муслим (№19) риваят кылышкан).

Бул негиздерден баштоону, шашпоону, элдин аң-сезиминин деңгээлин жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен артыкчылыктарды туура белгилөөнү үйрөткөн насаат. Бул баскычтуу аракет, принциптерге негизделген стратегия.

Ан-Набхани рахимахулла стратегиялык пикирлөөсүз идеологиялык партия өз миссиясын аткара албашын акыйкат айткан. Бул жөндөмгө ээ болбогон саясатчы таасир этүүчү эмес, тескерисинче, таасирленүүчү тарапка айланат. Ал чын ыклас менен аракет кылышы мүмкүн, бирок стратегия болбосо, анын чын ыкласы тартипсиз күрөшкө айланат. Ал майда-барат иштердин арасында адашып, негизги максатты унутуп коёт. Ошондуктан, стратегиялык жөндөм тандоо эмес, милдет. Бул саясатчыны лидерге айлантат, идеяларды болсо вакыйлыкты өзгөртө ала турган тирүү күчкө айлантат.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here