Кыргызстандагы “өнүгүү” тууралуу
Акыркы жылдары мамлекет жетекчилери тарабынан Кыргызстандагы өнүгүү тууралуу көп кептер айтылууда. Негизи мурунтан эле бардык өкмөттөр өлкөнү өнүктүрүп жаткандыгы тууралуу айтып келишкен. Бирок, азыркылардын абалы алардыкынан бир аз башкачараак. Себеби, мурункуларга эл алгач ишеним көрсөтсө да, бирок кийин бат эле – айткандары менен кылгандары дал келбей, элди көп алдагандыктары ашкере болгондуктан – аларга карата элдин ишеними сууган. Азыркылар айтып жаткан айрым нерселерине дал келгенсиген иштерди да жасап жатышкандыктан, буларга карата элдин ишеними – мурункуларга салыштырмалуу – бат жоголгон жок. Ушундан улам, элдин ишенимине эрдемсиген бул жетекчилер айрым кыялдары үчүн деле эч коркпостон убадаларды берип жатышат. Мисалы, экс-минкаб төрагасы Акылбек Жапаров “Азия жолборстору”нан да ашып, Кыргызстан “илбирс секирик жасарын” айткан эле (аны айтып жатып өзү кызматтан “секирип” кетишин оюна келтирбесе керек). Президент Садыр Жапаров болсо Кыргызстан жакын арада дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөнүн катарына кирерин да айтып жиберген. (Бирок, бул жааттагы акыркы билдирүүсүндө “алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү” деп, кичине артка тепкендей болду). Эгер ушул өнүгүү тууралуу кептерге жакшылап назар салсак, анда негизинен, кеп экономикалык өнүгүү тууралуу кетип жатканын көрөбүз. Анда эмесе, алгач ушул жаатта кеп баштайлы.
Азыр бүткүл дүйнө боюнча капитализм өкүм сүрүүдө. Учурдагы дүйнөлүк түзүлуштүн башкаруу системасы демократия деп аталып, дүйнө ал аркылуу башкарылып жатса да, бирок негизи, турмушта капиталисттик экономикалык система эң басымдуу тармак эсептелет. Ошондуктан да, бул коомдук түзүлүш – капитализм деп аталат. Анткени, бул түзүлүштө капитал б.а. байлык эң башкы орунда турат.
Ушундан келип чыгып, дүйнөдөгү мамлекеттер да “өнүккөн өлкөлөр”, “өнүгүп келе жаткан өлкөлөр”, “аз өнүккөн өлкөлөр” деп бөлүштүрүлөт. О.э. экономикалык өнүгүү мамлекет бийликтеринин эң башкы максаддары болуп эсептелет. Анткени, элдер да өз бийликтеринин ийгиликтерин ушул экономикалык өнүгүүлөр менен өлчөшөт.
Ушул орунда баса белгилей кетчү жагдай, ар бир коомдук түзүлүштүн (т.а. мабдаънын) өзүнө таандык өзгөчө экономикалык системасы бар жана бул экономикалык системалардын колдонулушунун натыйжалары бири-биринен таптакыр айырмаланат. Мисалы, исламий экономикалык системаны турмушта колдонгондо, анын натыйжалары капиталисттик экономикалык системанын натыйжаларынан таптакыр башкача болот. О.э. капиталисттик экономиканын натыйжалары да социалисттик экономиканын натыйжаларынан айырмаланат, алардын айырмасы коомдун жашоосунан көрүнүп турат.
Экономикалык системалар өз ара айырмалангандыктан, табийгый түрдө, алардын экономикалык өнүгүү боюнча көз караштары да о.э. өнүгүүнү өлчөөчү ченемдери да албетте бөлөк болот. Кыргызстандагы экономикалык өнүгүү тууралуу кеп кеткенде да мына ушул капиталисттик экономикалык өнүгүү өлчөөлөрүнө таянылат, анткени, Кыргызстан да капитализмде жашайт.
Эң оболу өнүгүү тууралуу сөз башталганда эле, өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) көлөмү өскөндүгү жөнүндө айтылат. Буга мисалдар келтирсек, маселен, 2023-жылы Европадагы айрым эл аралык аналитикалык институттар 2050-жылы Кыргызстан ИДӨсү 20 млрд долларга араң жетип, Борбор Азиядагы артта калган өлкө болорун божомолдошкон. Буга каяша катары, 2024-жылы январда, ошол учурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2030-жылга чейин ИДӨнү 20 млрд долларга жеткирүү мүмкүндүгүн, ал үчүн жылына 10-11,5% өсүү темпин кармоо керектигин айткан. О.э. 2050-жылга чейин ИДӨнү 200 млрд долларга жеткирүү ыхтымалын айтып, ал үчүн өсүү темпи 10,3%дан кем болбошу керектигин белгилеген. Дагы мисал келтирсек, улуттук статком 2023-жылкы ИДӨ өсүшү 7%ды көрсөтсө, 2024-жылы ИДӨ 1,5 трлн сомдон ашып, жылдык өсүш 9% болгонун билдирди. Бийлик мындай өсүүнү абдан чоң секирик катары мүнөздөөдө. Бирок, ушул эле учурда, пандемия жылы т.а. 2020-жылы ИДӨ 8,5%га түшүп кеткенин эске алганда, анда муну “чоң секирик” эмес, балким калыбына келүүдөн кийинки бир аз өсүү катары кароого болот о.э. мында инфляция сыяктуу терс көрүнүштөрдүн чыныгы көрсөткүчтөрүн көз жаздымда калтырбоо керек. Дагы мисал келтирсек, 2025-жылы 11-июнда президент Садыр Жапаров өз баракчасында “2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыгы тууралуу кайрылуу жасады. Программада 2030-жылга чейин ИДӨнү кеминде 30 млрд долларга жеткирүү, жан башына ИДӨнү 4,5 миң долларга көтөрүү, ал үчүн реалдуу экономикалык өсүштү 8%дан кем эмес кармоо белгиленген. Азыр ИДӨнүн жан башына үлүшү 2,5 миң долларга жакын.
Демек, жогорудагы мисалдардан көрүнгөндөй, капитализмде экономикалык өнүгүүнүн эң башкы көрсөткүчү – ИДӨ. Бул эмне үчүн экенине да бир аз токтоло кетели. Капитализмде “адамдардын улам жаңыланып туруучу мухтаждыктары каршысында товар жана тейлөө-кызматтардын жетишсиздиги” – экономикалык проблема деп каралат. Мисалы, учурда дүйнөдөдөгү эң бай адамдарда Айга саякаттап келүү мухтаждыгы пайда болду. Демек, бул да экономикалык проблема болуп, эми аны чечиш үчүн, Айга саякаттоону камсыз кылуучу каражаттарды иштеп чыгаруу керек жана ага тиешелүү тейлөөлөрдү дайындоо керек. Ошондуктан да, капитализмде экономикалык өнүгүүгө төмөнкүдөй аныктама берилген: “Жыргалчылыктын эң жогорку даражасына жетишүү максадында коомдогу бардык мухтаждыктарды кандырып, алардан артып кала турган деңгээлде кызмат көрсөтүү жана товар иштеп чыгууну көбөйтүү”. (Негизи, мында жыргалчылыктын жогорку чеги байлар үчүн болот, ушул эле учурда, коомдун эң жакыр катмарындагы адамдар ачка жашап жаткан болушат). Экономикалык проблеманы чечүү үчүн өндүрүлгөн мамлекеттеги бардык товар жана кызматтардын көлөмү болсо – ИДӨ деп аталат жана ал капиталисттик экономикалык өнүгүүнүн башкы көрсөткүчү болуп саналат. Кыргызстанда да экономикалык өнүгүү ушул капиталисттик өлчөө менен өлчөнөрүн айтып өткөн элек. Мисалы, тегеректеп айтканда, Кыргызстанда ИДӨ 2022-жылы 900 млрд сомду түзсө, 2023-жылы 1,3 трлн сомду түзгөн эле. (Ошондо тарыхта биринчи жолу ИДӨ трлн сомдон ашканы тууралуу айгай салынды). Демек, ошол жылкы киреше 400 млрд сом болду. Эми муну калктын санына бөлүп, киши башына киреше мынча болду деп, көз боёшот. Мисалы, 2023-жылкы 400 млрд сом кирешени 7 млн калкка бөлсө, 57000 сомдон тиет жана жан башына киреше 57000 сомго өстү деп айтылат. Бирок, ар бир жандын үлүшү ар башкача да. Негизи, капитализмде пайданын үлкөн үлүшү бир ууч эң бай адамдарга тиет да, андан соң орто байларга тийип, калган көпчүлүк пайдадан кур жалак калышат, натыйжада социалдык абалдары артка кетип, карызга батышат, үй-жайсыз калышат ж.б.у.с. Мындай натыйжалар капитализмдин табияты болуп саналат б.а. капиталисттик экономикалык система колдонулса эле ушундай натыйжалар келип чыгат, байдын байманасы ташып, кедейдики кемине кете берет. Эми ушунун мисалын Кыргызстан статкомунун цифраларынан көрүп чыгалы.
Статком калкты кирешеси боюнча 20%дан беш топко бөлүп, алардын үлүшүн карап чыккан. Ошондо эң бай адамдар катмары 20%, эң жакыр катмар да 20% деп алынып, ортодо дагы 20%дан 3 катмар бар. Статистикалык маалыматта, 2020-жылы эң бай катмардагы адамдар эң жакыр катмардагы адамдардан 6 эсе көп пайда көргөн. Ал эми, жогоруда айтып өтүлгөн, ИДӨ трлн сомдон ашып(!), өлкө 400 млрд сом киреше көргөн 2023-жылы, эң бай катмардын тапкан пайдасы эң жакыр катмардыкынан 10 эсе көбөйгөн. Б.а. мурункудан дагы 4 эсеге көтөрүлүп кеткен. Ошондо 400 млрд сом кирешенин 200 млрд сому эң бай адамдардын үлүшүнө туура келсе, ал эми эң жакыр катмарга тийген үлүш 20 млрд сом болот. Арткан 180 млрд сом калган 3 катмар арасында бөлүштүрүлөт. Негизи, бул мамлекеттик статистика. Албетте, мында саясат аралашат. Себеби, мамлекет капитализмди колдонуп жаткан соң, анын бузгунчулуктарын мүмкүн болушунча жаап-жашырат. Бирок, ошондо да, элдин ишенимин таптакыр жоготуп албаш үчүн, айрым акыйкаттар (бурмалоолор жана адаштыруулар менен) чыгып турат. Мисалы, статком: “Кыргызстанда эң көп киреше тапкан 20% катмардын да, эң аз киреше тапкан 20% катмардын да кирешеси өсүүдө”, – деп билдирди жана муну менен кедейлер деле байый түшкөнүн уктурмакчы болду. Негизи, кедейлердин да жакшыраак пайда көрүү абалдары өнүккөн мамлекеттерде гана кезигет. Негизинен, алардын баюусу биз сыяктуу үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн байлыктарын тоноо эсебинен болот. Ал эми, биздегидей “өнүгүп келе жаткан” өлкөлөрдүн жакыр эли ирденип кетиши сейрек кездешет. Эгер ирденсе, ал ошол элдин эзилген мээнети аркылуу болот, бирок, ал да туруктуу турбайт, кайра эле кийинки кризис аны жеп кетет.
Ошентип, табийгый түрдө, капитализмде бай менен кедейлердин арасындагы ажырым улам тереңдеп бара берет. Эгер дүйнөлүк тенденцияны карай турган болсок, 2024-жылы дүйнөдөгү 1% байлар дүйнөлүк байлыктын 50%ына ээлик кылары, дүйнөдөгү 10% байлар дүйнөлүк байлыктын 80%ына ээлик кылары, ал эми, алардан арткан 20% байлык калган 90% калктын үлүшүнө туура келери аныкталган. Эгер ушул тенденциядан келип чыгып карай турган болсок жана Кыргызстандагы чыныгы абалды күзөтө турган болсок, турмуштагы чыныгы абал статком жакшыртып көрсөтмөкчү болгон көрүнүштөн башкача экени маалым болот. Турмушта ар бир светофордо кайыр сурагандардын көбөйүп баратышы, социалдык тармактарды жардам сурагандардын басып кетиши – булардын жандуу далилдери. Дагы мисал, кредиттерин төлөй албай үйлөрүн алдырып, жакырлар армиясын толуктагандар да улам арбып барууда. Ушуга байланыштуу дагы бир мисал айтсак, учурда үй-жай жетишсиздиги проблемасына чечим катары бийлик тарабынан ипотекалык үйлөр сунушталып жатат. Албетте, бул үйлөр акыркы 4-5-категориядагы жакыр адамдар үчүн таптакыр жеткиликсиз. О.э. ипотека аркылуу 3-категориядагы айрым адамдардын биртке байлыгы тартып алынып, өздөрү акыркы категорияга ыргытылышы күтүлүүдө. Анткени, ипотека келишими боюнча, жаран акыркы төлөмдөрүн төлөй албай калса, анда ага үй тийбейт жана мурунку төлөмдөрү күйүп кетет. Мына ошентип, ИДӨ ири көрсөткүч менен өсүп жаткан учурда да, бирок, анын каршысында 5-категориядагы жакыр адамдардын саны арбып бараткан болот.
Жогоруда бийликтин 2030-жылга чейин ИДӨнү 30 млрд долларга жеткирүү дымагын айтып өттүк. Эми өкмөт ошого жетишүүнүн эң башкы жолу катары чет элдик инвестиция тартууну көрсөтүүдө. Азыр Кыргызстан ИДӨсүндө чет элдик инвестициянын үлүшү 3,5%. Учурда бийлик муну 13%га көтөрүүнүн аракетин көрүүдө. Жогоруда аталган программада өнүктүрүү зарыл деп 4 тармак белгиленди: 1) индустриялаштыруу; 2) логистикалык хаб; 3) айыл чарбасы жана туризм; 4) жашыл энергетика.
Мамлекеттик саясат боюнча, өкмөт бул тармактардагы максаддарын албетте чет элдик инвесторлордун катышуусу менен ишке ашырмакчы болууда. (Мунун чыныгы себеби, Кыргызстанда капитализм колдонулуп жатканына кошумча, Кыргызстан бул капитализмдин ээлери болгон империалист державалардын колонизаторлук чеңгелинде да турат. Колонизатор державалардын колонизаторлугу болсо ар түрдүү ыкмалар менен ишке ашат. Ал ыкмалардын бири – “инвестиция”. Бул дегени, колонизаторлордун колониядагы өлкөлөрдүн калкынан арзан жумушчу күчү катары пайдаланып, анын байлыктарын тоноп алуусу. Бирок, колонизаторлордун бул ыкмалары сырты жалтырак катар-катар пардалар менен жашырылгандыктан, аны аңкоо адамдар аңдай алышпай кыйналышат. Мисалы, 2024-жылы БУУнун башкатчысы Антониу Гуттериш Кыргызстанга келгенде: Мен Кыргызстанга бир нече жолу келгенмин жана эч качан мындай динамикалык өнүгүүнү көрбөгөнмүн. Ошондуктан, мурун “Кыргызстан – спящая красавица” деп айткан элем, эми болсо, сиздердин өлкө – “сызып бараткан күлүк” экенине ишенем”, – деген эле. Бул колонизатор уюмдун башчысы муну Кыргызстан чындап өнүгүп жаткандыгы үчүн айткан жок, балким, Кыргызстан бийлиги инвестиция шылтоосу артында колонизаторлордун өлкөгө дагы да көбүрөөк кирип келишине шарт жаратып жатканын мактап айтты).
Негизи, учурдагы бийлик жетекчилери мурун башкарууга келе элегинде мына ушул инвестор-колонизатордун жүзүн ачып, ал үчүн курмандыктар берип, калк алдында аброй алган эле. Муну менен Кумтөр алтын кенин назарда тутуп жатабыз. Бийликке келген соң да ушул ишин улантышып, ал инвесторлорду өлкөдөн чыгарышып, кенди мамлекетке алышты. Мында эл аралык жактан Россия-АКШ мамилелери курчуп кетиши Кыргызстан үчүн ыңгайлуу шарт жаратып берди. Кыскасы, кенди Россия колдоосунда мамлекетке ала алышты. (Акаевдин келип көрсөтмө бериши ушунун алкагында болду. Лекин, ушуну менен бирге, бийлик өкүлдөрү да мурунтан инвесторго коюп келген үлкөн доолорунан баш тартышты). Мейли, Кумтөр го мамлекетке алынды. А бирок, азыркы инвесторлорго берилип жаткан жана бериле турган кендер кудум эле мурунку Кумтөрдүн кейпин кийип жатпайбы. Мисалы, Жерүй кенинин келишимин жакшылап карап чыксаңыздар жана анын натыйжаларын күзөтсөңүздөр буга айдан ачык күбө болосуздар.
Кыргызстандын учурдагы сырткы инвестициялык структурасы мындай: 1. Кытай 24%; 2. Россияныкы 22-26% ортосунда; 3. Түркия 10% (эл аралык саясат боюнча, бул алаканын артында негизинен АКШ турганын эске тутуу лаазым); 4. Булардан кийин Европа мамлекеттериники турат. Бул дегени, демек, азырынча Кытай жана Россия биздин байлыктарды тоноп жатышат дегени. Ушул эле учурда, башка державалар да үлүшүн көбөйтүү үчүн күрөш алып барып жатышат. Орто Азия региону үстүндөгү “5+” саммиттеринин өзү эле муну далилдеп турат. Азырынча Кытай инвестициясы күчтүү келүүдө. Батыш өлкөлөрү болсо регион бийликтерин Кытайдын “жибек менен союу” экспансиясынан коркутуп, аларды “диверсификация”га түртүүдө. Б.а. бар-жокту Кытайга кармата бербестен, өз инвесторлорун киргизүүгө да катуу аракет кылышууда. Буга мисал катары Камбарата-1 ГЭСин келтирүүгө болот. (Б.а. буга Батыштан инвесторлор изделип жатат).
Бийликти тезинен инвесторлор тартууга түрткөн дагы бир себеп бар. Буга да кайрыла кетебиз. Ушул орунда азыр бизге “өнүгүү”дөй болуп көрүнүп жаткан көрүнүшкө токтоло кетүүгө туура келет. Азыр бийлик өзү эле эмес, айрым көпчүлүк адамдар да өнүгүү болгонун айтып, бийликке ишеним артууда. Албетте, бизге өнүүгүүдөй көрүнүп жаткан нерселер мурунку бийликтердин убагындагы абалга салыштырмалуу айтылууда. Мурунку бийликтердин кайдыгерлиги, жөндөмсүздүгү элди ыңгайлуулуктардан кур жалак калтырып, көп ниъматтардан махрум кармап келген. Ошондуктан, эл аларды кетирип тынышты. Эми болсо эл мурункулардан башкачараак, бир аз да болсо калк үчүн кам көрө турган, жашоого ыңгайлуулуктарды жаратып бере турган бийликти эңсеп калышты. Азыркы жетекчилер элдин ошол ишенимин актайбыз деп бийликке келишкен. Ошондуктан, бийликтерин сакташ үчүн, аларга элди соороткудай иштер кылышы зарыл эле. Ушундан улам, мектептер курулууда, жолдор оңдолууда ж.б.у.с. Ооба, азыр ушул иштер болуп жатат. Деги, бул иштер кандайча ишке ашып барууда, алар кайдан каржыланып жатат?
Камчыбек Ташиевдин билдиргени боюнча, “кустуризациядан” бардыгы болуп 100 млрд. сом түшкөн. Мунун 40 млрд сому нак. Бул каражаттардын каякка жумшалганы тууралуу так маалыматты “жасалма интелект” (ИИ) да таап чыга алган жок. Негизи, бул кустурулган каражат мамлекеттик бюджетке же турукташтыруу фондуна келип түшөт. Курулуп жаткан жолдор боюнча айта турган болсок, алардын ири эл аралык проектилери толук сырткы кредиттерден каржыланат. Мисалы, Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу, Балбай-Каракол жолу, Күнтуу-Суусамыр жолунун техникалык экономикалык негиздемеси. Ошондуктан, булардын бюджетке тиешеси жок. Ал эми, республикалык бюджеттен каржыланган проектилерди ала турган болсок, мисалы, Ош-Баткен-Раззаков жолу, Бишкек-Ош (Суусамыр) жолунун ремонту ж.б.у.с. Булар Жол фонду аркылуу бюджеттен каржыланат жана аларга бөлүнө турган каражат 2025-жылы 4,4 млрд сом болуп бекитилген. Дагы бир мисал, Орокто салынып жаткан жаңы стадиондун сарф каражаты 5 млрд сом деп эсептелген. Жогоруда келтирилген цифраларга салыштырып айтсак, демек, өзгөчө ири объектилер жана имараттар курулушун о.э. жол иштерин ушул каражаттар женил эле жаап жаткан болот. (Себеби, ал каражаттын көлөмү 100 млрд сом!). Ал эми, “Ынтымак Ордо” кандай курулганын бардыгы жакшы билет. Негизи, бийлик бул сыяктуу имараттарды курганы менен сыймыктанып жатса да, а бирок, элестүү айтканда, бийлик булар менен “жалгыз уюн сатып апа байкуштун, кийип алган мода шымдын жаңысын” деп сыпатталган сылаңкороз, көпкөлөң көйрөң жигиттин ишин кылды. Эли үй-жайсыз жүргөндө хансарай куруп, элди болсо ипотека менен алдоо кандай бийликтин кылар иши өзү? Эли кредитке үйүн алдырып, тентиреп миграцияда жүргөн чакта, стадиондор куруш – кандай бийликтин иши өзү? Демек, бизге экономикалык өнүгүүнүн натыйжасындай көрүнүп жаткан көрүнүштөрдүн чыныгы акыйкаты андай эмес. Биринчиден, булар экономикалык өндүрүштүн пайдасынан каржыланган жок; экинчиден, алар мамлекеттин социалдык өнүгүүсүнө салым кошуп жатса да, бирок, жеке жарандардын социалдык абалын оңдоого тиешеси болбой жатат. Негизи, биз экономикалык өсүш болду дегенде, анын натыйжасын адамдар турмушунан көрүшүбүз керек. Б.а. ар бир жарандын социалдык абалдары жакшыруусу керек. Бирок, биз азырынча муну көрбөй жатабыз. Муну президенттин өзү деле тымызын тан алууда. Ошондуктан, “улуттук өнүктүрүү программасы” тууралуу билдирүүсүндө: “Мамлекеттик ресурсту реалдуу, эл сезе турган натыйжаларга багыттайбыз. Мамлекеттик иштин жемиштери кагаз жүзүндө эмес, элдин күнүмдүк жашоосундагы өзгөрүүлөр аркылуу көрүнүшү керек”, – деп жазды.
Негизи, кустуризация саясий иш болуп, анын экономикалык өнүгүүгө эч кандай тиешеси жок. Эртең куса тургандар да түгөнөт. (О.э. эгер чындап кустуруу болсо, анда Акаев алгачкылардан болуп кустурулмак, бирок, бул жагынан иш тандалма кетип калды). Бүгүнкү күнгө келип, коррупцияга каршы күрөшүү, кустуруу иштери парламенттик шайлоо алдындагы даярдыкка колдонула баштады. Себеби, шайлоого дейре айыл өкмөттөрдөн тартып министрлер кабинетине чейин садакат менен кызмат кылып бере турган адамдарды коюп үлгүрүш керек. Андан соң, парламентке да эч бир соодалашпай иштеп бере турган жаңы жүздөрдү алып келишмекчи. Президенттик шайлоо боюнча болсо – кандай ыкма колдонулбасын, мисалы, ордунда калтыруубу, “путиндик метод”бу, айтор – “биринчи лицо”ну ошол бойдон калтыруу саясаты жүрүүдө. (Азырынча бул жаатта команда ичинде келишпестик көрүнө элек). Булардын баары бүткөн соң, бюджет оор күнгө калат. Негизи, бул учурдун алдын алып, Акылбек Жапаров жетекчилигинде салык реформаларын башташкан эле. Бирок, муну эл көтөрө албай, артка кайтышты. (Бул реформалар себептүү болгон жоготуулар жаатында эч ким жооп берген жок. Салык башчылар курмандыкка чалынды да – албетте аларды актабайбыз – кабмин “суудан кургак чыгып” кете берди. Ар бир нерсеге жеке керт башы менен жооп берчү президент эч кимге эч кандай жооп берген жок). Негизи, салыкты көп чогултуу бул капиталисттик мамлекеттин эң башкы иштеринен болуп саналат. Мында мамлекет элдин нааразылыгы себептүү гана артка чегинбесе, негизи, ал салык саясатына кайра кайтып келет. Ошондуктан, ар бир чиновниктин “салык – бул бюджет, бюджет болсо – мугалим жана дарыгер сыяктуу мамлекеттик кызматкерлердин маянасы, ал пенсия жана пособие” деп, салыкты актап-жактап жатканын угасың. Акылбек Жапаров мамлекеттик өнүгүү жөнүндө айтканда, жалаң гана ушул салыктын көп жыйналганын назарда туткан. Ал: “Мурда жалаң Кумтөргө көз каранды болчубуз. Азыр биздин экономика Кумтөр жок эле туруктуу өнүгүп атканын көрүп атабыз. Бул ишкана ага кошумча булак берип жатат”, – деген.
(“Кустуризация” окуясынан да эл өздөрү капитализм чеңгелинде эзилип жатышканын билип алса болот. Мисалы, канча деген ишканалар жана мүлктөр конфискация болду. Алар мамлекет тарабынан бир байдан тартып алынды. Эми мамлекет аларды аукционго коюп сатып жатат. Б.а. бир байдан тартып алып, кайра бир байга сатып жатат. Б.а. алар дагы бир капиталистти байытат. Мындан сырткары, бюджетке түшкөн бөлүгүн кайра эле “эпчил” корррупционер чиновниктер тарабынан өздөштүрүп алынат).
Демек, өкмөт кустуризация бүтө элегинде эле бюджетти салык менен байытмакчы болду эле, бул ишке ашпай калды. Салык жаатында чегинишкенден кийин, мамлекет эми чет элдик инвесторлор тез жана көп кирип келишине басым жасап жатат.
(Ушул орунда инвесторлор боюнча адаштыруучу маалыматтардын дагы бирине токтоло кетели. Инвестор келгенден кийин, ал товарды Кыргызстанда өндүргөндүктөн, бул өндүрулгөн товардын көлөмү Кыргызстандын ИДӨсүнө кошулуп жазылат. Ушуну менен биздин ИДӨ өскөн болуп көрүнөт жана тиги инвестор экономикабызга кошкон салымы үчүн макталат. Негизи, мамлекетибизге ал өндүргөн товардан келишимде көрсөтүлгөн бөлүк гана алынат о.э. салыгы калат жана дагы акциялардан дивиденд түшүшү ыхтымал. Демек, инвестордон бизге кала турган нерселер ушулар, ал эми, пайданын үлкөн бөлүгү сыртка чыгып кетет).
Эсиңиздерде болсо, Кыргызстандын тышкы карызы боюнча кеп кылганда, президент “карыз маселесин ар ким өз саясий максадына пайдаланып кете берет экен, ошондуктан, эми бийлик мындан ары сырткы карыздар боюнча суроолорго отчет бербейт” деп, элдин мухасаба кылуусун четке каккан. Кудум ушул сыяктуу эле, чет элдик инвесторлордун ишмердүүлүгү боюнча да мухасаба болбошуна бийлик башынан эле аракеттер көрүп келет. Мисалы, Жетимтоо маселесинде активисттердин камалышы сыяктуу.
Ушул орунда дагы токтоло кетчү жагдай, бул мамлекеттин бейөкмөт уюмдар, коомдук активисттер жана массалык маалымат каражаттарына карата болгон мамилеси. Чын-чынында коомдук активисттер болобу, же маалымат каражаттары болобу – алардын АКШ жана Европага таянгандары мамлекет ичинде активдүү иш алып барышар эле. Бирок, азыркы бийлик аларга каршы жигердүү күрөш баштаган. Алгач Батыштын каарына калбаш үчүн акырындан күрөшүп келсе, азыр анча коркпостон ачык аракет кыла баштады. Айрыкча, АКШда Трамптын бийликке келиши бул аракеттер үчүн дагы да ыңгайлуу шарттарды жаратып берди. Мисалы, Трамп USAID, USAGM уюмдарын кыскартуу жарлыгына кол койду. Мурун АКШ бул уюмдар аркылуу башка мамлекеттер иштерине аралашууга шарттарды жаратып келчү. Кыргызстанда да ошондой болуп келген. Ошондуктан, Кыргызстан президенти ушул ж.б.у.с. уюмдар менен иштешкен Кыргызстандагы уюмдарды “Кыргызстанда туруксуздук жаратыш үчүн чет элден каржыланып турат” деп айыптап, аларга каршы мыйзамдар да кабыл алдырган. Ошондуктан, ал Трамптын кыскартуулары боюнча: “Ал тургай ошол уюмдардын ээси болгон ири мамлекеттердин өздөрү да бул уюмдарына каршы болууда”, – деп, сүйүнүчүн жашыра алган жок.
(Ооба, ал чет элдик уюмдардан о.э. алардын биздин өлкөдөгү агенттеринен жакшылык жок. Үстүртөн караганда жакшылык иштерди кылып жаткандай болушат, а бирок, алардын артында үлкөн кыянаттар жатат. Бирок, мамлекеттин өзү да – БУУ ж.б.у.с. – бүткүл дүйнөлүк үлкөн карөзгөй уюмдарга мүчө. Ал колонизатор уюмдардын кызматтарын кылып, калкын аларга кул кылып берүүдө. Мында мамлекеттин кыянаты тигил чакан уюмдардыкынан да ашып түшөт.)
Демек, бийлик тиги “агенттерге” каршы күрөшүп жатканда, калкка кам көрүп жатканы жок, балким, аны өз кызыкчылыгына пайдаланып, бул аркылуу мамлекетте маалыматтык боштук пайда кылмакчы болууда. Мамлекет кайсы инвесторго эмнени берди, мамлекеттин карызы канча болду, бюджет каражаты кандай жумшалып жатат, адамдар кордолуп жаткан жокпу ж.б.у.с. иштер жаатында элге чыныгы маалымат жетпестен, калкка бийлик берген маалымат гана жеткиликтүү болушун камсыздамакчы болуп жатат.
Чет элдик инвестиция тууралуу тыянактап айтсак, чындыгында бул империалист колонизаторлорго өлкө байлыгын салып беруу болуп саналат. Ал эми, азыркы ички саясатта болсо, кустуризациядан түшчү каражат токтогонго чейин бюджетти ушул тармак аркылуу толтуруу көздөлүүдө.
Экономикалык өнүгүү жаатында президент карыз маселесин да айтып өткөн эле, эмесе ошол боюнча да кеп козгой кетели. Ал карыз тууралуу: “Мындан ары сырткы карыз алууда эч кандай чочулоого негиз жок, коркунуч да жок”, – деп, ал тургай карыз 15-16 млрд долларга жетсе да коркпоо керектигин айтты. Бул анын мурунку мамлекет башчылардай эле мамлекетти карызга батыруу үстүндө бара жаткандыгын билдирет. Бирок, ал алдын ала актанып: “Мурда алынган карыздар өзүн-өзү актаган долбоорлорго колдонулган эмес. Кумга сиңген суудай болуп эле жок болуп кеткен”,
– деди. (Ооба, ошондой болгон, негизи, карыз берип жаткан тараптар да так ушуну көздөп берет. Мисалы, көпчүлүк карыздар жолдор салуу сыяктуу өндүрүштөн болбогон тармакка берилет жана карыз берүүчүлөр аны коррупционерлер жеп кетишин билип туруп да беришет. О.э. салынган бул жолдор негизинен империалисттердин товарлары биздин өлкөлөргө сатылышы жана ташылышы үчүн салынат. Ошентип, карыз берүүдө империалисттер “бир ок менен эки коён атышат” б.а. карыздын пайыздык пайдасын алышат же төлөнбөгөн карыз акысына жерлерди, кендерди алышат; о.э. карыздар эсебинен салынган жолдор болсо алардын кызыкчылыктарына кызмат кылат. Бирок, бул жолдордон биздин элдин да пайдалануусу адамдар көздөрүн пардалап, империалисттердин арамза максаддарын көрө албай турган кылып коёт).
Учурда мамлекеттин тышкы карызы 4,5 млрд доллар. Бийлик бул карыз 2035-жылга чейин төлөнүп бүтөрүн айтууда. Алынган карыздарды сууга сиңдирип жиберген мурунку бийлик өкүлдөрү негедир кустуризацияга илинишкен жок. Карыз болсо, элдин жонконунан т.а. бюджеттен төлөнүп жатат. Кыргызстан 2024-жылы тышкы карызды тейлөө үчүн 700 млн доллар короткон. Ал эми Кумтөрдүн ушул жылкы таза пайдасы 400 млн доллар болгон, анан дагы мамлекетке 200 млн долларга жакын салык жана төлөмдөр которгон. Т.а. сумма: 600 млн доллар. Демек, Кумтөрдүн бир жылдык пайдасы сырткы карыздын бир жылдык тейлөөсүн жапканга жетпей жатат!
Ушуга чейинки сөздөрүбүздү бир тыянактап алалы. Демек, бийлик “өнүгүү” деп жатканда капиталисттик экономикалык өнүгүүнү назарда тутуп жатыптыр. Ал эми, бизге экономикалык өнүгүүдөй кылып көрсөтүлүп жаткан социалдык өйдөлөөлөр болсо – бул түздөн-түз кустуризация о.э. коррупция жана кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөш иштеринен келип түшкөн каражат менен каржыланып жатыптыр. Булар да мамлекеттин социалдык абалы өйдөлөөсүнө каратылып, жеке шахстардын социалдык абалы көз жаздымда калууда. О.э. бул өзгөрүүлөр бийликтин кадыр-баркын көтөрүүгө каратылып, анын авторитардык режим орнотуусуна багытталууда.
(Капитализмде мамлекет шахстарга камкордук кыларын айтып, ошондой көрүнүүгө аракет кылса да, бирок, турмуш чындыгынан мунун жалгандыгы ачыкталып кала берет. Мисалы, азыр Кыргызстанда да ошондой болууда. Элге медицина бекер деп айтышат. Негизи, мед кызматкерлер айлыкты салыктар эсебинен алышат, а салык элден жыйналган. Бекер бердик деген дарылары же бекер жаткырдык деген койкалары болсо мажбурлуу медициналык камсыздандыруу (ФОМС) полиси аркылуу болот, бул фонд болсо кайра эле ошол элдин камсыздандыруу взносунан куралат. Дагы мисал келтирсек, бир трассаны мамлекет сырткы карыз эсебинен салат. Карыз кийин проценти менен бюджеттен төлөнөт. Дагы бир күнү мамлекет ал жолду “платный” жолго айландырат, муну да адамдар төлөйт. Ага кошумча, ал жол үчүн бензинге 1 сом да кошуп төлөйбүз. Ушуну менен, бир жол үчүн төрт жолу төлөгөн болобуз. Негизи, бул каракчылыктын эле өзү, болгону, муну “мыйзамдуу каракчылар” мыйзамдаштырып алышкан. Дагы мисал айтсак, мамлекет айлык, пенсия, пособиелерди көтөргөндүгү тууралуу айтууда, бирок, ушул эле учурда, ар кандай шылтоолор менен бул нафакаларды алуучулардын санын кыскартып, бюджетти үнөмдөө иштери алып барылууда. Мисалы, 2022-жылы “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулунун бюджети ИДӨгө карата 0,53% болсо, 2024-жылы 0,37%ды түздү б.а. 230 млн сомго азайды. ИДӨ өстү, пособие азайды. Ал эми “социалдык контракт” сыяктуу нерселер капитализмдеги айланы кетирген жыртыктарга аргасыздан салынган “жамачылар” болуп саналат).
Бийлик экономкалык өнүгүүдөн сырткары, башка тармактарда да реформалар жүрүп, өнүгүү жолунан жүрүп жатканын айтып калат. Бирок, турмуш чындыгынан булардын тескерисин көрсөткөн “реформаларды” көрүүдөбүз. Медициналык тармакта реформа тууралуу айтылды эле, бирок, андан министрлер алмашуусунан жана иштин артка кетишинен башка нерсени көрө албадык. Кыргызфармдын “Эл аман” проектиси кандай кыйраганын баарыбыз көрдүк. (Ал жаатта канча деген убарагерчиликтер болбоду, канча чыгымдар тартылбады, иш элдин зыянына кетти, бирок, буларга эч ким жооп берген жок). Мамлекеттик башкаруу жаатында реформа жүргүзөбүз дешти, министрликтерди кыскартты, кайра башкаларын ачты, айрымдарын кошту, кайра бөлдү, кээ бирлеринин аталыштарын өзгөрттү ж.б.у.с. Кыскасы бул иш артка кетти. (Азыр да мамлекеттик башкаруу сферасын реформалоо Стратегиялык инициативалар институтунун координациясы алдында уланууда. Бирок, анын да ийгиликсиздиктери айкын боло баштады). Мектептеги билим берүүнү 12 жылдык кылышты. Мунун ийгиликсиз чыгарын бир мисал менен эле баамдоого болот. СССР убагында 10 жылдык окууну 11 жылдыкка өзгөртүшкөн. Бирок, айтылган максаддар жүзөгө чыккан эмес. Ошол империя жүзөгө чыгара албаган мындай реформаны Кыргызстан деги ийгиликтүү өтөй албашы анык. Болгону, анын убарагерчиликтери элди кыйнамакчы жана балдардын билим деңгээлин дагы да төмөндөтмөкчү. (Негизи, муну да бир капиталисттик “реформа” катары кароо керек. Капитализмде билим берүү саясаты капиталисттердин балдары гана жакшы билим алып, калган карапайым калктын балдары караңгыраак калышына каратылат. Мына ушул реформа кесепети карапайым калктын балдарына эле тиет, ал эми, капиталисттердин балдары кымбат жеке менчик мектептерде окушат жана алардын татыктуу билим алуусуна мындай “соккулар” таасир этпейт). О.э. административдик-аймактык реформа да жүргүзүлдү, азырынча эл анын да убарагерчиликтерин тартууда, бирок, пайдаларын тата элек. Демек, бийлик бул тармактарда да өнүгүүлөр болгонун айтып жатканы менен, турмуш чындыгынан көрүнүп турган нерселер ушулар. Булардан сырткары, элдин ишенимин кармап туруш үчүн, бийлик келечектен үмүттөндүрүп коюуну көздөгөн, көп жыл кийинкиге болжолдонумуш эткен үлкөн кыял-проектилер да бар. Алардын айрымдарына киришимиш эткен болушат, кайра анысы токтойт, негизи, эл аларга үмүт деле артпайт.
Мындай артка кетүүлөрдүн бардыгы албетте элдин азыркы бийликке болгон ишенимин алсыратты. Негизи, Кыргызстанда бийлик менен элдин ортосундагы үлкөн ажырым илгертен эле бар. Эл ичинде чиновниктерди жана олигархтарды жек көрүү күчтүү. Ушундан улам, калк азыркы бийликтин ошолордун баарын сындырышынан үмүттөнүп жатышат. Ошондуктан да, бийликке “кредит доверие” берилүүдө. Ушунун эле каршысында, бул процесс алкагында бийлик карапайым жарандардын акысына кирип кетти. Айрыкча, муну “снос” иштеринен көрүп жатабыз. Мисалы, элдин “снос”ко кеткен мүлктөрүн мурун мыйзамдаштырып берген чиновниктер тынч бойдон жатышат, ал эми, алардын азабын карапайым адамдар тартып атышат. О.э. адамдар базарлардагы орундарын жоготуп жатышат ж.б.у.с. Тартип орнотобуз деп алып, адамдарды тартипсиздиктерге түртүп жатышат. Бийлик деле акыры барып элдин ишениминен айрыларын башынан эле билген. Ошондуктан, күч органдарына имараттар, кызматтык батирлер куруп берип, “полицей мамлекет” орнотууну эчак эле башташкан. Азыр болсо күч кызматкерлерин – коррупция жана ОПГ менен күрөшүү сыяктуу иштер шылтоосу артында – бары-жокту талап-тоноочуларга айлантып салышты.
Бул бийлик авторитардык режим орнотмокчу, полицей мамлекет курмакчы деп жатабыз. Бул дагы капитализм колдонулушунун табийгый натыйжасы болуп саналат. Демократиянын ата-апасы болгон ири империалисттик мамлекеттер өздөрүнүн бузук капиталисттик-империалисттик мыйзамдарын мыйзамдаштырып алып, өз өлкөлөрүндө кандайдыр деңгээлде ошол мыйзамдар диктатурасын орнотууга жетишишкен. Ал эми, биздей үчүнчү дүйнө мамлекеттеринде андай нерсе болбойт. Ошондуктан, биздин өлкөлөрдү карасаңыздар, бардыгында авторитаризм экенин көрөсүздөр. Биздин бийликтегилер да мындан башка башкаруу үлгүсүн билишпейт, бар билгендери ушул. Эң ашып барса Эрдоганды кумир тутушат. Көз ачып көргөндөрү, бери жагы Ислам Каримов, Шавкат Мирзиёев; Сапармурад Ниязов, Гурбангулы Бердымухамедов; Эмомали Рахмон; Нурсултан Назарбаев, Жомарт Токаев – ушулар болушту. (Эми болсо, жада калса, АКШ сыяктуу мыйзам диктатурасын орноткон өлкөлөрдүн жетекчилери да азыр авторитаризмге ыктап барышууда).
Бийлик бул жылдары өзүнө каршы чыгуучулар менен күрөшүүнүн биринчи “жумшагыраак” баскычын өткөрдү. АКШ агенттерин да, Россия агенттерин да, алардын артындагыларды да катуу сындырып жибере алган жок, болгону, бардыгын коркутуп коюу үчүн кылмыш дүйнөсүнөн курмандыктар чалды. Эми парламенттик жана президенттик шайлоолордон кийин – эгер алар ойлогондой натыйжаларга жетише алышса – экинчи “катуу” толкунду башташмакчы. Бирок, бүгүнкү күндөгү мүнөт сайын күтүүсүз өзгөрүүлөр ыхтымалы болгон эл аралык абалда, анык кайсы бир натыйжалар тууралуу айтуу кыйын. Анткени, биздин ички саясаттар да ошол эл аралык абалдан келип чыгуучу шарттардан түздөн-түз таасирленет. Бүгүнкү абал Каримов, Рахмонов сыяктуулар авторитаризм куруп алган доордогу абалдан айырмаланат. О.э. Кыргызстандын ичинде көп жылдардан бери калыптанып келген, толук авторитаризм орнотуп алууга тоскоол боло турган өзгөчө шарттар бар. Жана ал шарттар бийлик менен элди өз кызыкчылыктары жолунда өз ара соодалашууга түртөт.
Эгерде эле бийлик толук авторитаризм орнотуп калгыдай болсо, анда бийликти мухасаба кылууда бийлик менен Хизб бетме-бет жекеме-жеке калат. Майдандагы ийгилик кимиси элдин колдоосуна көп ээ болушуна байланыштуу. Эгер эл ичинде Хизбге карата колдоо күчсүздүк кылса, Меккеде бану Хашим коктуга сүргүн кылынгандай, Кыргызстанда да Хизб жигиттери коомдон ажыратып коюлат. Кийин кайра элдин колдоосуна ээ болуу үчүн азыр талаб кылынгандагыдан көп эсе мээнет жана машакаттар талаб кылынат. Эгер элдин колдоосу күчтүү болсо, анда жигиттер Мадинадагы ансарлар сыяктуу, көп ийгиликтерге жетишишет. Элдин колдоосу болсо – Хизб фикирлеринин элге канчалык сиңдирилиши жана алардын канчалык деңгээлде кабыл алынышы менен өлчөнөт.
Сөзүбүз өнүгүү тууралуу башталган эле, андан сырткары, кебибизге ага тиешеси болгон башка темаларды да камтый кеттик. Эми ошол башталган кебибизди сөзүбүздүн аягында тыянактай кетели.
Демек, өнүгүү дегенде экономикалык өнүгүүнү эле назарда тутуп албашыбыз керек. Ал эми, капиталисттик экономикалык көз караштагы экономикалык өнүгүүнүн элге таңууланып жатышы – бул элди капитализм зулматы ичиндеги караңгылыкта, көр-сокур абалда кармап туруучу колонизаторлук сакофаттан башка нерсе эмес. О.э. өнүгүү дегенде, аскердик же башка тармактардагы өнүгүүлөр эле назарда тутулбашы керек. Жана да, өнүгүүнүн шахска, хизбге, мамлекетке карата карата факторлору ар башка экенин билүү керек. Маселен, шахс акыйда менен өнүгөт, хизб саясат менен, мамлекет болсо мабдаъны колдонуу менен өнүгөт. Тарыхтан мисал келтирсек, Пайгамбар а.с. жана ал затты көркөм көрүнүштө ээрчиген мусулмандар Ислам акыйдасы менен өнүгүшкөн; коммунисттер коммунисттик акыйда менен өнүгүшкөн; демократтар секуляризм акыйдасы менен өнүгүшкөн. Пайгамбар а.с. жана анын сахабалары биригишип, саясий иштерди алып барышкан б.а. өнүккөн исламий партияны түзүшкөн; коммунисттик партия капитализмге каршы саясий аракеттери менен өнүккөн; демократиялык партиялар демократиялык мамлекеттерди демократия негизинде мухасаба кылуу менен өнүккөн абалдарында турушат, мисалы, республикачылар жана демократтар партиясы АКШ бийлигин мухасаба кылганы сыяктуу.
Мамлекет болсо мабдаъны колдонуу менен өнүгөт. Тарыхта Пайгамбар а.с. тикелеген мамлекет Ислам мабдаъсын колдонгону сыяктуу. О.э. СССР коммунисттик мабдаъны, ал эми, азыркы империалисттик державалар капитализмди колдонгону сыяктуу. Мына ушундай мабдаъны колдонуу менен өнүккөн мамлекеттин башка тармактары да, башкаруусу, саясаты, экономикасы, медицинасы, таалими ж.б.у.с. өнүккөн болот.
Мына ушулардан айкын болгондой, Кыргызстан калкынын башка мусулмандар менен биригүү аркылуу Ислам менен гана өнүгүү шансы бар. Демократия менен б.а. капитализм менен эч качан өнүгө албайт. Анткени, биринчиден, бул калк мусулман калк. Экинчиден, бул өлкө империалисттер тарабынан колония кылынган өлкө. Ал өз Исламы менен колониядан азаттыкка чыкпаса, анда бир кожоюндан экинчисине өтүп, күнкор бойдон кала берет. Бул болсо биздин мусулманчылыгыбызга туура келбейт. Анткени, Аллах Таала каафирлердин биздин үстүбүздөн үстөм болушунан кайтарат, бизди алардын үстүнөн үстөм болушубузга буйруйт.
Сакофат бөлүмү