«Үмүт жараткан өкмөт, Ислам жана Халифалыктын көлөкөсүндө гана жетишилет»

71
0

Басма сөз баянаты

«Үмүт жараткан өкмөт, Ислам жана Халифалыктын көлөкөсүндө гана жетишилет»

2025-жылдын 19-майында, дүйшөмбү күнү, Эгемендүүлүк кеңешинин төрагасы Абдул-Фаттах аль-Бурхан мурда БУУда иштеген Камиль Идристи премьер-министр кылып дайындоо чечимин кабыл алды. Аны технократтык өкмөттү түзүү үчүн дайындады. Ошол эле күнү Бурхан кеңештин мүчөлөрүнүн федералдык министрликтер жана өкмөттүк мекемелер үстүнөн көзөмөл жүргүзүү боюнча мурдагы буйругун жокко чыгарган жаңы чечимди да чыгарды.

Министрлерди дайындоо иши эки ай бою бөлөк-бөлөк жүргүзүлүп келгенин байкасак, алгач “технократтык өкмөт” болот деген билдирүүгө карабастан, өкмөттүн мүнөзү өзгөрүп кеткен. Бул эми өз ара кайчы келген өнөктөштөрдүн ортосундагы квоталар жана бөлүштүрүүлөр менен коштолгон гибрид өкмөт болуп калды. Алар киреше алып келе турган министрликтер үчүн – финансы, кен байлыктар, социалдык камкордук министрлиги (бул сырттан жардам жана кайрымдуулук кире турган эшик) – уялбастан талашып-тартышып жатышат.

Камиль Идрис болсо өкмөтүнүн ураанын “ҮМҮТ” деп жарыялады. Ал 2025-жылдын 19-июнундагы телекөрсөтүү аркылуу кайрылуусунда: «Өкмөттүн урааны — үмүт, анын максаты — элге коопсуздук, бакубат жашоо жана жыргалчылык алып келүү» деп билдирди. Бирок бул максаттарга ал ошол эле секулярдык-демократиялык башкаруу системасы менен жетүүнү көздөп жатат. Бул система болсо 1898-жылы каапыр колонизатор Китченер Суданга аскер киргизген күндөн бери ушул күнгө чейин бизге таңууланып келет. Ал үмүт өкмөтүнүн жогорудагы максаттарынан эч бирин ишке ашыра алган жок. Тескерисинче, дал ошол система бизден коопсуздукту тартып алды жана анын көлөкөсүндө ыйык нерселер тебеленди!

Бузукулук жайылып, жашоонун деңгээли ушунчалык төмөндөп кетти, эми адамдын башкы арманы болгону тирүү калуу гана, максатсыз жана демсиз жашоо болуп калды. Экинчи жагынан болсо, Камиль Идрис менен бирге келген Жуба келишиминин өнөктөштөрү өздөрүн четке сүрүлгөн деп көрсөтүп, элди куру убадалар менен алдашууда. Алар министрлик креслолорунда отурууну өлкөнүн борборунан алыстагандарга жана ортолуктагы зулумдукка каршы күрөшүү менен аралаштырып, элди ачык түрдө адаштырып жатышат.

«Аш-Шарк» каналы “Адилеттик жана теңдик кыймылынын” саясий катчысы Мутасим Ахмед Салихтин мындай сөздөрүн таратты:

«Тынчтык келишиминин тараптары келишимдеги жоболорго ылайык министрликтерге болгон укугун талап кылып жатышын “саясий шантаж” деп сүрөттөө жалган жана маселеге бир жактуу кароо. Бул тараптарды коркутуп, алардын долбоорлорун жокко чыгаруу жана борбордук элитанын үстөмдүгүн бекемдөө, ошондой эле чет жактагы күчтөрдү адилет чечим кабыл алуу жараянынан четтетүү максатын көздөйт».

Камиль Идрис баш болгон технократтар да, «куралдуу күрөш» деп аталган кыймылдар да муну түшүнүшү керек: Исламдагы башкаруу “торт” эмес, аны жеп бийликтен жана байлыктан ырахат алуу көздөлбөйт. Ал бийликке жетүү үчүн четке сүрүлгөндөргө же башкаларга куру убадаларды берип, такка отурууну самабашы керек. Аллах Таала айтат:

﴿يَعِدُهُمْ وَيُمَنِّيهِمْ وَمَا يَعِدُهُمُ الشَّيْطَانُ إِلَّا غُرُوراً

«(Шайтан) аларга убадаларды берет, аларды куру кыялдарга салып коёт. Акыр-акыбетте шайтан берген убадалар бүт бойдон жалган-азгырык болуп чыгат». (Ниса сүрөсү, 120-аят).

Коопсуздук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка көптөгөн куру убадалар же болбосо чет жакта жашаган, «четтеги эл» деп аталгандар үчүн берилген убадалар мунун баары ушул “Үмүт өкмөтүнө” каршы айкын далил. Бул өлкөнүн элинин тажрыйбасы көрсөткөндөй: бийликке отуруп алып, аны олжо, байлык деп эсептегендердин бардыгы акырында кулап түшкөн. Анткени элдин ишин көзөмөлдөө чоң жүк жана аманат. Ал акырет күнү уят жана өкүнүч алып келет. Элдин ишин жоопкерчилик деп билгендер менен “торт жегиси келген”, бийлик жана байлык үчүн келгендердин ортосундагы асман менен жердей айырма бар.

Ал эми «четтеги эл» деген жомокко келсек аны ар дайым чет эл менен кызматташкан, мамлекеттин бийлигине каршы чыккан тараптар көтөрүп чыгышат. Алар муну мамлекеттин чет жактарында жашаган калкка жасалып жаткан зулумдуктардын далили катары көрсөтүшөт. Бирок бул зулумдуктун чыныгы себеби каапыр колонизатор Батыштын системасынын өзү. Бул курал көтөргөндөрдүн максаты адилетсиз түзүмдү өзгөртүү эмес, тескерисинче, өзүлөрүнүн үлүшүн алуу жана ошол эле түзүмдү колдонуу аркылуу аны улантуу. Башкача айтканда, “четтегилер” мурда кылып жатса, эми алар өздөрү ошол эле элге зулум кылышат!

Исламдагы бийлик, башкача айтканда, башкаруучуну шайлоо жана дайындаоо укугу толугу менен үммөттүн укугу же анын атынан иш кылган өкүлдөрдүн укугу. Үммөт бул укукту кимге берет? Албетте, эл үчүн чоң жоопкерчиликке татыктуу деп эсептеген адамга: ал күчтүү, такыба, калкка карата жумшак мамиле кылуучу, адамдарга зулумдук кылбаган адам болот.

Бул башкаруучунун жеке сапаттары. Ал эми анын калк менен болгон мамилесинде төмөнкү нерселер шарт: аларга ак ниет кеңеш берүү, умумий мүлккө кол салбоо, элди бир гана Ислам менен башкаруу.

Бул жети сапат бир башкаруучуда бириксе, жашоо оңолот, элдин абалы жакшырат. Ал эми, технократтар менен куралдуу кыймылдар ушулардын кайсынысына ээ?!

Камиль Идрис өзүнүн өкмөтүн «үмүт өкмөтү» деп сүрөттөйт. Бирок Судан элинин эң төмөнкү деңгээлдеги үмүтү – бул алардын көйгөйлөрүн чечкен, жашоосун адамдык деңгээлге көтөргөн өкмөт. Бул болсо төмөнкү негизги муктаждыктарды камсыз кылуу аркылуу ишке ашат: ар бир адамдын жегенге, кийгенге жана турак-жайга болгон муктаждыгы, жалпы элдин коопсуздукка, билимге жана дарыланууга болгон муктаждыгы, таза суу, электр энергиясы, инфраструктура (байланыш, жол, көпүрөлөр ж.б.), өлкө байлыктарын уурдоону токтотуу жана умумий мүлктү анын ээлерине кайтаруу.

Булардын баарын ишке ашыруунун негизи каапыр колонизаторлордун таасирин өлкөдөн тамырынан жулуп чыгаруу. Мына ушундай иштер гана Судан элине чыныгы үмүт тартуулайт. Бирок Камиль Идрис жетектеген өкмөт бул максаттарга эч качан жетише албайт!

Эмне үчүн? Анткени ар бир көйгөйдү чечүү үчүн алгач анын себептерин аныктоо зарыл. Андан кийин ошол себептерден багытталган чечимдерди кабыл алуу менен гана тамырынан чыккан чечүү жолуна жетүүгө болот. Демек, Камиль Идрис үмүт жараткан дарылоо менен келдиби? Же болбосо, анын алып келген нерсеси көйгөйдүн өзү болуп, жөн гана косметикалык оңдоолор менен жасалгаландыбы?!

Судан эли мусулмандар. Ал эми улуу Ислам дини Пайгамбарыбыз Мухаммад Аллах Тааладан алып келген акыйкат дин. Бул дин ишеним гана эмес, толук жашоо тутуму, дин жана мамлекет, акыйда жана толук системалар жыйындысы. Кыямат күнүнө чейин бул дин жарактуу болот. Аллах Таала мындай дейт:

﴿الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الْإِسْلَامَ دِيناً

«Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, нематымды-жакшылыгымды кемчиликсиз, толук кылып бердим жана силер үчүн Исламды (гана) дин кылып тандадым». (Маида сүрөсү, 3-аят).

Бул Ислам акыйкат, бирок акыйкат менен жалганчылыктын акыркы салгылашында утуп чыккан каапыр колонизатор Батыш болду. Алар мусулмандардын мамлекети Халифалыкты кыйратып, ордуна улуттук, жасалма мамлекеттерди курушту. Ал мамлекеттерге саткын, бузук башчыларды дайындашты. Аларды болсо ошол эле сатылган саясатчылар, ойчулдар жана маалымат каражаттарынын жалданма топтору коргоп келет. Булардын жалгыз милдети Исламдын кайра кайтуусуна тоскоолдук кылуу, ал эми жашоонун чыныгы дабасы болгон Исламды жок кылууга жан үрөө.

Тескерисинче, булардын максаты өздөрүнүн каапыр кожоюнунун системаларын мусулмандарга таңуулап колдонуу. Мына ошон үчүн алар бири-бири менен талашат: буларды ким колдонууга тийиш? Аскерлерби? Технократтарбы? Же куралдуу кыймылдарбы?

Судан эли тартып жаткан кризистин негизги себеби – бул каапыр Батыш түзгөн секулярдык мыйзамдардын колдонулушу. Демократиялык башкаруу системасы жана капиталисттик экономикасы бул ресурстарды талап-тоноп, элди кулга айлантууга ыңгайлуу системалар. Дал ушул системаларды Камиль Идрис бизге кайра таңуулап келди. Анын максаты мойнубузга салынган Батыштын кулчулук жибин кайра бекемдөө!

Чыныгы үмүт тарых бою жалган дүйнөдө, элестетүүлөрдө, калп жана адаштырууда төрөлгөн эмес. Үмүт ар дайым акыйкат менен жаралат, аны пайгамбарлар көтөрүп келишкен. Алар Аллах тарабынан жөнөтүлгөн, алардын акыркысы — Пайгамбарыбыз Мухаммад улуу Ислам дининин кабарчысы болгон. Бул дин так акыйда түшүнүгүн, башкаруу, экономика, коомдук түзүлүш, билим берүү саясаты, тышкы саясат өңдүү жашоонун бардык тармактарына тиешелүү толук жүйөлүү чечимдерди алып келген.

Мусулмандар т.а. бийлик ээлери же алардын ордуна иш алып барган күчкө жана таасирге ээ адамдар ушул Ислам системасынын негизинде өз ичинен бир адамга, мусулмандардын халифасына, бай’ат беришет. Ошондо Халифалык тикелент. Мына ошол учурда гана Исламдын көлөкөсүндө ардактуу жашоо үчүн чыныгы үмүт төрөлөт.

Бул үмүттүн негизги себептери төмөнкүлөр:

Биринчиден: Халифа мусулмандар арасында калыптанып калган секулярдык, Батыштан келген мыйзамдардын акыркы барагын жабат. Аларды жана аларды ишке ашыруучу Батыштык «эксперттерди» жокко чыгарат. Андан соң, Исламдын Аллахтан түшкөн шариатка негизделген системаларын ишке ашырууну баштайт.

Экинчиден: Халифа дароо муавиндерди, валийлерди жана башка башкаруучуларды дайындайт, жана алар менен иштешет. Анан дароо үммөттүн маселелерин чечүү иштерин баштайт. Бул иштер эч кандай квота же үлүш бөлүшүү принцибине негизделбейт, анткени бийлик шарият боюнча үммөттүн укугу, курал көтөргөндөрдүн же чет элдиктер менен сүйлөшкөндөрдүн укугу эмес!

Үчүнчүдөн: Мусулмандардын халифасы каапыр Батыштын өлкөлөрүбүздөгү таасирин тамыры менен жулуп чыгат. Ал мамлекеттин түзүмүн Батыштын куралдары болгон уюмдардан, элиталардан, программаларынан жана өкүлдөрүнөн тазалайт. Андан соң үммөттүн интеллектуалдык байлыгын жана материалдык ресурстарын пайдубал кылып, алар аркылуу мамлекетти тарыхтагы 600 жылдык алтын доорундагыдай дүйнөдөгү биринчи мамлекет кылып көтөрөт.

Төртүнчүдөн: Исламдын башкаруусу халифа аркылуу жүргүзүлгөндө саясий чөйрө каапыр Батыштын агенттеринен, анын түзүмүн коргогон куралдарынан жана бөлүп-жаруучу расисттик ураандардан тазаланат. Ошондой эле жахилия доорунун «бул биздин эл, тигил четтеги эл» деген өңдүү улутчул ураандары да жоюлат. Ошондо мамлекеттик саясат калктын баарына адилеттик жана кайрымдуулук менен камкордук көрсөтүүгө негизделет. Бул болсо “четке сүрүү” деген сыяктуу түшүнүктөрдү тамырынан жок кылууга жетиштүү болот, анткени алар Батыш түзгөн зулум системанын мөмөсү болчу.

Бешинчиден: Халифа мамлекеттеги бардык куралдуу күчтөрдү бириктирип, бир армия кылат. Бул армияны халифанын өзү башкарып, ар бир таң жаңы милиция же куралдуу топ түзүлгөн акыбалга чек коёт. Андан да жаманы кээ бир күчтөр чет мамлекеттерде даярдалып жатышы! Ушундай башаламан куралдуу түзүмдөрдүн көлөкөсүндө туруп алып, биз “үмүткө”, “ардактуу жашоого” жетебиз деп үмүттөнөбүзбү?

Бул айтылгандар Ислам мыйзамдарынын жарымынан да кичине бөлүгү гана. Бирок бул жоболор үммөт үчүн сунуш кылынган долбоор катары сунушталса, алар чыныгы үмүткө жол ачат. Ал эми алар тажрыйбада ишке ашып, колдонулганда, жашообуз түп-тамырынан өзгөрөт. Үмүт иш-аракетке айланып, бизди мурунку даңктуу тарыхыбызга, бийиктиктин чокусуна кайра жетелейт. Бул Аллах үчүн эч кандай кыйын иш эмес!

Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ

“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла”. (Анфал сүрөсү, 24-аят).

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмү

19.07.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here