Кырсыктар менен апааттар — үммөткө камкордук кылган мамлекеттин жоктугунун табигый натыйжасы

59
0

Басма сөз баянаты

Кырсыктар менен апааттар — үммөткө камкордук кылган мамлекеттин жоктугунун табигый натыйжасы

Кайталанып жаткан кырсыктардын жана коркунучтуу өрттөрдүн сабында эң көрүнүктүүлөрүнүн бири болгон 2023-жылы Ниневедеги үлпөт залындагы өрт, анда 120дан ашуун адам каза болуп, 200дөн ашууну жаракат алган. Ошондой эле 2021-жылы Зи-Кар провинциясындагы Хусейн ооруканасында чыккан өрттөн 92 киши каза болуп, ошол эле жылы Багдаддагы Ибн аль-Хатиб ооруканасында коронавируска байланыштуу обочолонтуу борборунда чыккан өрттөн 82 адамдын өмүрү кыйылган.

Ал эми азыр болсо, 2025-жылдын 16-июль шаршемби күнү кечинде, Васит провинциясынын борбору Кут шаарындагы гипепмаркетте катуу өрт чыгып, жаңыдан эле ачылган беш кабаттуу соода имараты күлгө айланды.

Ирак Ички иштер министрлигинин ырастоосуна ылайык: өрттөн 61 киши каза болду, алардын ичинен 14 кишинин денеси күйүп, таанылгыс абалга келген, курман болгондордун көпчүлүгү түтүндөн муунуп каза болушкан, ал эми имарат – ашкана жана соода борбору катары колдонулуп жаткан жана ачылганына болгону жети күн гана болгон.

Бул кырсыктардын кайра-кайра кайталанышы жана болгону тергөө комиссияларын түзүп, аза күтүү жарыялоо менен гана чектелүү, анын себептерин аныктабай, жайылышын токтотпой коюу үммөткө болгон эң чоң кыянат. Анткени бул кырсыктардын негизги себеби баарына белгилүү: мамлекетти жеп-ичип жаткан коррупция, саясий чечимдерде көп баштуулук, саясатчылардын калкты кароодон баш тартып, байлык жана кызмат ордун сактоого гана көңүл бөлүшү.

Кырсык болгон учурда тиешелүү органдарда жетиштүү мүмкүнчүлүк жок, өрттү өз убагында көзөмөлдөө мүмкүн эмес, бир нече саат бою имараттын ичинде калган үй-бүлөлөрдү куткарып чыгууга шарт жок, курулуш жана пайдаланууга уруксаттар коопсуздук талаптарын эске албастан берилет,  көпчүлүк имараттар уруксатсыз салынып жатат, мамлекетке таандык имараттардын көбүндө өрт өчүрүү системалары таптакыр жок, болгондору да иштебейт же иштетилген эмес. Ошондуктан мындай өрт кырсыктарынын көбөйүшү табигый көрүнүш болуп калды.

Бул — каржылык коррупциянын, жаман башкаруунун, шалаакылыктын, жайбаракаттыктын, жана калкты карай турган мамлекеттин жоктугунун ачык натыйжасы.

Эй мусулмандар!

Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ؛ فَالْأَمِيرُ الَّذِي عَلَى النَّاسِ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ…»

«Ар бириңер жоопкерсиңер жана ар бириңер өзүнүн карамагындагылары үчүн жоопкер. Эл үстүнөн башкарган амир да жоопкер, жана ал өз карамагындагылар үчүн жооп берет…» (Бухари менен Муслим риваяты).

Ошондой эле момундардын энеси Аиша رضي الله عنها  айтты: «Пайгамбар ﷺ  бул үйдө:

«اللَّهُمَّ مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئاً فَشَقَّ عَلَيْهِمْ فَاشْقُقْ عَلَيْهِ، وَمَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئاً فَرَفَقَ بِهِمْ فَارْفُقْ بِهِ»

«Оо Аллах! Үммөтүмдүн иштерине жооптуу болуп, аларга оорчулук жараткан адамга Сен да оорчулук келтир! Ал эми жумшактык менен мамиле кылганга Сен да жумшак бол!» — деп дуба кылганын уктум». (Муслим риваяты).

Бул Пайгамбарыбыз ﷺ  мусулмандардын жеке жана коомдук иштерин колго алган башкаруучуларга карата дубасы. Ал эми чыныгы жумшактык — үммөттү Аллах жана Анын Элчисинин ﷺ  буйругу менен башкаруу. Кимде-ким элди Мухаммад ﷺ  алып келген хидаяттан башка жол менен башкарып жатса аларга кыйынчылык гана тарттырат. Анткени имамдык  жана элдин иштерин көзөмөлдөө — оор жүк жана Аллах алдында жоопкерчилик болгон аманат.

Пайгамбарыбыз ﷺ  бул туурасында төмөндөгүдөй жооп берген.

Абу Зарр رضي الله عنه  риваят кылат:

يا رسول الله ألا تستعملني؟

«Мен: “Оо Аллахтын Элчиси, мени кызматка дайындабайсызбы?” – дедим. Ошондо ал менин ийниме колун коюп, мындай деди:

«يا أَبَا ذَرٍّ، إنَّكَ ضَعِيفٌ، وإنَّهَا أَمَانَةُ، وإنَّهَا يَومَ القِيَامَةِ خِزْيٌ وَنَدَامَةٌ، إلَّا مَن أَخَذَهَا بحَقِّهَا، وَأَدَّى الذي عليه فِيهَا»

“Эй Абу Зарр, сен алсызсың. Бул (башкаруу) аманат, ал эми Кыямат күнүндө  уят жана өкүнүч болот.  Ким аны өз укугу менен алса жана ага тийиштүүсүн аткарса гана (кутулат).” (Муслим риваяты).

Эй мусулмандар! Бул кырсыктар жана башка болуп жаткан жүздөгөн кайгылуу окуялар элдин турмушу чыныгы камкордуктан тышта калганынан, капыр баскынчы түзүп берген чирик башкаруу системасынын үстөмдүгүнө жана элдин моюнуна отурган бузук башкаруучулардын коргоосунда бул система иштеп жатканынын натыйжасы.

Мындай окуяларга “кырсыктан кайгырабыз, Аллах ырайым кылсын” деген билдирүүлөр, аза күтүү жарыялоо менен дары табылбайт. Анткени оорунун өзү болгон  бул система, ар бир кырсыктын, азаптын жана тозоктогудай жашоонун табигый булагы.

Чыныгы дарылоо бул бузук системаны тазалоо, анын ордуна Аллахтын шариятын негиз кылган, үммөттүн иштерин Аллахтын өкүмдөрү менен башкарган системаны орнотуу, үммөт менен адилеттүү имамдын ортосунда байат түзүү, ал имам бардык түрдүү коррупцияны темирдей катуулук менен жок кылсын, бузукулук булактарын кургатып, тамырын түбүнөн кырксын, анын максаты – Аллахтын ыраазычылыгына жетүү болсун!

﴿وَقُلِ اعْمَلُواْ فَسَيَرَى اللهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ وَالْمُؤْمِنُونَ ۖ وَسَتُرَدُّونَ إِلَىٰ عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ﴾

“Айткын: «(Каалаган) ишти кылгыла. Анткени, Алла, Анын пайгамбары жана момундар кылган иш-амалыңарды көрүп турат жана жакында көмүскө жана көрүнөөнү (жашыруун жана ашкере нерселердин баарысын) Билүүчү Затка кайтарыласыңар. Анан, Ал Зат силерге кылып өткөн амалдарыңардын кабарын берет»”. (Тообо сүрөсү, 105-аят).

Хизб ут-Тахрирдин Ирак вилаятындагы маалымат бөлүмү

18.06.25

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here