Кыргызстан – логистика жана геосаясат кесилишинде
Бишкекте Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугушуу болду.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өз ара кызматташтыктын негизги долбоорлорунун бири катары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу белгиленди.
Бийлик бул объектти жөн гана инфраструктуралык долбоор эмес, аймактык интеграцияга жана логистикалык маршруттарды түзүүгө карай жасалган кадам катары мүнөздөдү.
Темир жолдун Кыргызстан аймагындагы курулушу буга чейин эле башталган.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жөн гана инфраструктуралык долбоор болбостон, Кытайдын Борбор Азиядагы позициясын чыңдоого жана соода менен логистиканын альтернативдүү жолдорун кеңейтүүгө багытталган узак мөөнөттүү геосаясий стратегиясынын бир бөлүгү болуп эсептелет.
Россия менен Украинанын ортосундагы согуш уланып жаткан шартта жана Москва батыш базарларынан барган сайын обочолонуп жатканда, Россия аймагы аркылуу өтүүчү салттуу транзиттик жолдор мурдагыдай ишенимдүү болбой калды.
Дүйнөдөгү эң ири өндүрүш державасы катары Кытай товарларын Европага, Жакынкы Чыгышка жана андан ары Инд океанындагы портторго саясий жактан туруктуу экспорт каналдары аркылуу жеткирүүгө абдан муктаж.
Мындай шартта Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу өтүүчү түштүк багыттагы маршрутту түзүү Пекинге санкциялык аймактарды айланып өтүүгө, логистиканы диверсификациялоого жана Россиянын транзитине болгон көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, бул темир жол «Бир алкак — бир жол» долбоорунун алкагында каралып, Кытай тараптан ал экономикалык долбоор гана эмес, аймактагы таасирин кеңейтүүчү саясий курал катары да бааланууда.
Кыргызстан үчүн бул долбоорго катышуу транспорттук инфраструктураны жакшыртууга, жумуш орундарын түзүүгө жана транзиттик агымдардан дивиденд алууга үмүт жаратат.
Бирок, экинчи жагынан алганда, долбоор белгилүү бир тобокелдиктерди да камтыйт.
Биринчиден, Кытайга болгон экономикалык көз карандылыктын күчөшү тышкы саясаттагы чечимдерди кабыл алууда Кыргызстанды өз алдынча болуусунан тосуп коюшу мүмкүн.
Узак мөөнөттүү келечекти алсак, бара-бара Кытайдын көлөмдүү долбоорлору алкагында берилчү Кытайдын ири инвестициялары саясий шарттар менен коштолуп, алар ар дайым эле улуттук кызыкчылыктарга төп келе бербейт.
Экинчиден, Кытайдын аймактагы таасиринин күчөшү Борбор Азияда өз таасирин сактап калууга умтулган Россия жана АКШ сыяктуу ири оюнчулар менен чыңалууга алып келиши ыктымал.
Үчүнчүдөн, темир жолдун курулушу жана ишке кириши стандарттар сакталбаса же ачык эмес келишимдер жана карыздар менен коштолсо экологиялык зыянга жана социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн, анткени мындай тажрыйба башка өлкөлөрдөгү кытайдын инфраструктуралык демилгелерине байланыштуу жүз бергени белгилүү.
Андыктан, бул темир жол долбоору жөн гана тоолорду кесип өтүүчү жол болбостон, учурдагы геосаясий кайра куруунун символдорунун бири болуп калууда.
Борбор Азия барган сайын кызыкчылыктар кагылышкан майданга айланып, экономикалык долбоорлор тек гана таасир жана көзөмөл жүргүзүүнүн куралына айланууда.
Латыфул Расых