Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Эки коркуу жана коопсуздуктун бирикпеши
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
جاء في الحديث القدسي الذي رواه أبو هريرة وحسنه الألباني، أن الله عز وجل قال: “وعزتي لا أجمع على عبدي خوفين وأمنين، إذا خافني في الدنيا أمنته يوم القيامة، وإذا أمنني في الدنيا أخفته في الآخرة
Абу Хурайра риваят кылган жана Аль-Альбани тастыктаган хадис кудсийде Аллах Таала мындай дейт:
“Менин даңкыма ант болсун, пендем үчүн эки коркуу жана эки коопсуздукту бириктирбейм, эгер ал Менден бул дүйнөдө корксо, Кыямат күнү аны коопсуз кылам, ал эми бул дүйнөдө Менден өзүн коопсуз сезсе (коркпосо), Акыретте аны коркутам”.
Урматтуу бир туугандар:
Биринчи, бул жер жүзүндөгү бардык зулумдук чеккен адамдар үчүн жакшы кабар. Бул Палестина, Чеченстан, Ооганстан, Ирак жана башка элдер үчүн жакшы кабар. Бул Сирия, Египет, Иордания, Өзбекстан, Тунис, Сауд Арабия жана башка мамлекеттердеги залимдердин түрмөлөрүнүн караңгылыгында жаткандар үчүн да жакшы кабар.
Экинчиси, бул жалпы коомчулукка Аллахтын улуулугун, кудуретин, кубатын жана падышачылыгын эстеп, бул дүйнөдө Анын каарынан жана азабынан коркуу үчүн эскертүү. Алла Таала айтат:
{أَفَأَمِنُواْ مَكْرَ اللّهِ فَلاَ يَأْمَنُ مَكْرَ اللّهِ إِلاَّ الْقَوْمُ الْخَاسِرُونَ}
{Алар Аллахтын айла-амалынан коопсуз болушабы? Бирок Аллахтын айла-амалынан зыянга учураган коомдон башка эч ким коопсуз болбойт.} башкача айтканда, Аллахтын айла амалынан өзүн коопсуз сезүү чоң күнөө, анткени бул Аллахтын кечиримине таянып, күнөөлөрдү улантуу менен акыретте зыянга учурайт.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 30-мухаррам.
2025-ж, 25-июль.