Сириядагы акыркы өзгөрүүлөр
Сирияда Асад режими кулашынын артынан Америка аймакта жаңы стратегиясын ишке салууда. Тагыраагы, аймактагы оюнчулардын ролун алмаштырууда. Маселен, Иран сыяктуу агенттеринин ролу Сирия, Ливандагы буга чейинки кызматтарына карабай кыскартылды. Иран ролунун кыскарышы мурунтан белгилүү болгондуктан, яхудий жана Америка каршысында ар дайым жеңилүүчү тарап болду. Ал эми, Түркия сыяктуу малайларга чоңураaк рол берилди. Текебер Трамптын Сирия ачкычы Түркиянын колунда экенин айтуусу муну тастыктап турат.
Ал эми, Аксо бороону башталгандан бери уланып жаткан Газадагы согуш яхудий түзүмүнүн коопсуздугу коркунучта экенин көрсөттү. Мындан улам, Америка баштаган Батыш үчүн “Израил”ди сактап калуу эл аралык капиталисттик системаны коргоонун бир бөлүгүнө айланды. А бирок, алардын баары биригип согушуп жатышса да, Газада каалаган жеңишке жете алышпады.
Яхудий түзүмү үчүн Палестинада Хамас баштаган куралдуу күчтөр канчалык коркунучтуу болсо, Сирия калкы менен ал жердеги калыс мужахиддер да ошончолук коркунучтуу. Мындан улам, Америкага таянган яхудий вужуду Сирияда башаламандык чыгарууга ар дайым кызыктар.
Сувейдадагы башаламандык
Батыл ишенимге ээ болгон дуруздар жашаган Сириянын түштүгүндөгү Сувейда шаарында 13-июлда бедуин араб уруулары менен дуруздардын арасында куралдуу салгылаш башталды. Ок атууну токтотуу чакырыктары айтылып жаткан чакта, яхудий аскерлери Сирия коопсуздук күчтөрүн бутага алган чабуулдарды жасады. Бул чабуулга даярдыксыз болгон сириялык жоокерлердин 700дөн ашыгы шахид болду.
16-июлда болсо яхудий учактары Сирия президенти жана Коргоо министрлиги жайгашкан имараттарды бомбалады. Яхудийлердин ачык согуштук кадамдарына карабастан Сириянын убактылуу өкмөтү ок атышпоо келшимине берилгендигин сактап калды. Президент Шара өз билдирүүсүндө согуштан коркпой турганын, бирок калктын кызыкчылыгы мындан жогору тураарын айтты. АКШ тараптар ортосунда келишим түзүлгөнүн айткан соң Сирия аскерлери Сувейдадан чыгып кетти. Бул абалдан пайдаланган дуруздар аймакта жашаган мусулмандарды мыкаачылык менен кыргынга алышты. Бөбөктөр бычакталды, эркектердин башы кесилди жана аялдар зордукталды. Үйлөр өрттөлүп, мусулмандардын мал-мүлкү талап-тонолду. Өлтүрүлгөн мусулмандардын денеси шаардын кире беришине асылып, социалдык тармактарга таркатылды. Аман калган мусулмандар чөлгө качып чыгууга аргасыз болушту.
Бедуин уруулардын бутка туруусу
17-июлда кагылышуу кайрадан башталды жана бул ирет окуялардын багыты өзгөрдү. Сирия армиясы Сувейдадан чыгып кеткенден кийин мусулман бир туугандарынын кыргынга алынганын көргөн Сириядагы 42 бедуин уруусу орток билдирүү жасап, дуруздарга каршы согуш жарыялашты. Бедуин уруулар Дараа, Дейриззор жана башка шаарлардан агылып чыга баштады. Алар Сирия өкмөтүн ортого түшпөөгө чакырып, тоскоолдук кылышса кылмышкерлердин сабында эсептелээрин билдиришти. Сувейдада зулумдук чеккен мусулмандардын абалы оңолгонго чейин өздөрүнө кофе ичүүнү арам кылган бул согушчан уруулар дуруздарды талкалaп, Сувейданын борборуна чейин жетип келишти. Дуруздар ыйлап-сыздап Батыштан жардам сурай баштады.
Мындай өзгөрүүнү күтпөгөн АКШ жана яхудий расмийлери байма-бай билдирүү жасап, Сирия бийлигинен лидерликти колго алууну талап кылышты. Натыйжада, Сирия режими коопсуздукту коргоо шылтоосу менен Сирия армиясы Сувейдага жайгаштырыла турганын билдирди. Айрыкча, Сувейдага келе жаткан урууларды токтотуп, аймактагы согушкерлерди шаарды бошотуп чыгууга чакырышты.
Ал эми, “Сирия режимине кол салгандар каршысында бизди табат” деген Эрдоган админстрациясы адаттагыдай ачуу билдирүүлөрдөн ары өткөн жок. Тагыраагы, Газада болгон сыяктуу Трамптын кадамын күтүү менен убакыт өткөрдү. Ошентип, Сирия режими менен Түркия бийлиги чөлдөгү бедуин уруулары жасаган эрдикти жасоого батына алышпады. Тескерисинче, Сувейдага кирген сириялык аскерлер мусулмандардын канын төккөн дуруздарды жазалоонун ордуна бедуин урууларын шаардан чыгаруу менен алек болушту. Дүйшөмбү күнү Ички иштер министрлиги 1500 бедуин согушкерин шаардан алып чыгуу үчүн автобустарды жөнөткөнүн билдирди. Бул абалга ачууланган уруулардын биринин лидери, “Өкмөт он саат күткөндө Сувейданы куткарган болор элек”, – деди.
Жогорудагылардан келип чыгып, Сирия режимине өткөн тарыхтан сабак алууну эскертүү зарыл. Күч жана кубатты Исламдан башка жайдан издегендердин акыбети баарыбызга маалым. Аллах жана үммөткө таянган бийлик үчүн болсо ашып өтө албас тоскоолдук жок экенин түшүнүү керек.
Андыктан, Сирия режими алдында АКШ жана яхудий түзүмү менен кызматташтык беткабы астында туткун жашоону улантуу же Үммөт жана Аллага таянуу менен мусулмандарды эгемендикке чыгаруу жана Исламды жихад аркылуу дүйнөгө көтөрүп чыга турган азиздикти тандоо жолу турат!
[مَثَلُ الَّذ۪ينَ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللّٰهِ اَوْلِيَٓاءَ كَمَثَلِ الْعَنْكَبُوتِۚ اِتَّخَذَتْ بَيْتًاۜ وَاِنَّ اَوْهَنَ الْبُيُوتِ لَبَيْتُ الْعَنْكَبُوتِۢ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ] “Алладан өзгө «досторду» тутунган кишилер кудум (өзү үчүн) үй куруп алып, (ошол үйүнөн жардам издеген) жөргөмүшкө окшойт. Албетте үйлөрдүн эң алсызы жөргөмүштүн уясы. Эгер алар (аны) билишкенде (жөргөмүштүн уясы сыяктуу алсыз буттардан жардам издебеген болушаар эле)” [Анкабут: 41].
Мумтаз Маверанахрий