Сирия мамлекеттердин кызыкчылыктары менен тагдырий тандоонун ортосунда

82
0

Сирия мамлекеттердин кызыкчылыктары менен тагдырий тандоонун ортосунда

2024-жылдын 8-декабрынан бери Сирия ар кыл деңгээлдеги дипломатиялык сапарларга күбө болууда. Бул сапарларды айрыкча, Дамаскка барган мамлекеттердин тарыхын жана учурдагы абалын эске алганда айыпсыз деп айтууга болбойт.

Бүгүн Сирия эл аралык мамилелерде түп-тамырынан бери өзгөрүүнү башынан кечирип жатат. Бул өзгөрүү Башар Асаддын күтүүсүз качып кетүүсүнөн кийин күчөдү. Бул окуя узакка созулган саясий туңгуюктан жана үзгүлтүккө учураган нормалдашуу аракеттеринен кийин дипломатиялык жанданууну пайда кылды. Бул окуя аймакты чаташтырып койду. Анын натыйжасы аймактык дипломатиялык картанын кайра түзүлүшүнө алып келеби же мурдагы жолду эле кайталап коёбу убакыт көрсөтөт.

  2011-жылдагы төңкөрүш башталгандан бери мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жатат. Дамаскка араб жана батыш мамлекеттеринен көптөгөн делегациялар агылып келди. Бул делегациялар кимдер? Алар эмне максатта келишти? Эмнени көздөшөт?

14 жылдан кийинки Британиянын сапары:

2025-жылдын 5-июлунда Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Лами Сириянын борбору Дамаскка барды. Бул Британиянын 14 жылдан берки алгачкы сапары. Ал Сириянын убактылуу президенти Ахмад аш-Шара жана Тышкы иштер министри Асад аш-Шайбани менен жолукту. Сапардын жүрүшүндө Лами Сирияга гуманитардык жана өнүгүү жардамдары үчүн 129 миллион доллар бөлүнөрүн жарыялап, өлкөнүн туруктуулугуна жана калыбына келишине Британия колдоо көрсөтөрүн белгиледи. Ал ошондой эле миналарды тазалоо, инфраструктураны калыбына келтирүү жана жарандык коомду чыңдоо иштерин колдоорун билдирди. Ошондой эле согуш кылмыштарына тиешеси бар адамдар жоопко тартылышы керек экенин катаал түрдө белгиледи.

АКШнын санкцияларды жеңилдетиши:

2025-жылдын 30-июнунда АКШ Дамаскка карата колдонулган экономикалык санкцияларды жеңилдетүү чечимин чыгарды. Бул кадам АКШнын Жакынкы Чыгыштагы тышкы саясатынын өзгөрүшүнүн алкагында жасалды. Америкалык булактар бул чечимдин максаты “Сирия өкмөтүн демократиялык өзгөрүүлөр багытында жылууга түрткү берүү жана аймактагы туруктуулукту колдоо” экенин билдиришти.

Сауддардын ачык колдоосу:

2025-жылдын февраль айында Ахмад аш-Шара Сауд Арабияга расмий сапар менен барды. Аны Мухаммад бин Салман салтанаттуу түрдө тосуп алды. Жолугушууда Сирияны калыбына келтирүү, энергетика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташуу маселелери, ошондой эле Сириянын инфраструктурасына Булуң өлкөлөрүнүн инвестициялык колдоосу талкууланды. Бул сапар президент Ахмад аш-Шаранын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары болгондуктан, өзгөчө символикалык мааниге ээ болуп, Дамаск менен Булуң өлкөлөрүнүн ортосундагы мамиленин бекемделүүсүнүн белгиси катары бааланды.

Эл аралык коомчулуктун аракети:

2025-жылдын 12-январында Эр-Риядда эл аралык жыйын өтүп, ага АКШ, Британия, Франция, Германия жана башка араб мамлекеттерин кошкондо 17 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Жыйында Сирияга карата санкцияларды акырындап алып салуу, институттарды куруу аракеттерин колдоо жана өткөөл өкмөттү чыңдоо маселелери талкууланды.

Европалыктардын сапары, шарттуу жардам жана этият көзөмөл:

2025-жылдын 3-январында Франция жана Германиянын Тышкы иштер министрлери Дамаскка саясий жана гуманитардык мүнөздөгү сапар менен келишти. Алар Сайднайа түрмөсүнө барышып, оппозиция жана расмий тараптардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул сапар адилеттүүлүктү орнотуу жана эл аралык коомчулук менен ишеним түзүү максатында уюштурулду. Март айында Германия 13 жылдан кийин Дамасктагы элчилигин кайра ачып, 300 миллион еврого бааланган жардам пакетин жарыялады. Бул каражаттар инфраструктураны, саламаттыкты сактоону жана кайтып келген качкындар үчүн билим берүү программаларын колдоого багытталган.

Араб элчиликтеринин кайтып келиши:

Араб мамлекеттери да бул дипломатиялык активдүүлүктөн четте калган жок. 2025-жылдын май айында Марокко падышасынын көрсөтмөсү менен Дамасктагы элчилигин кайра ачуу иштери үчүн техникалык делегация жөнөттү. Ал эми 2025-жылдын февралында Алжирдин Тышкы иштер министри Дамаскка зыярат кылып, өз өлкөсү өткөөл өкмөткө толук колдоо көрсөтөрүн жарыялады. Ирак болсо 2024-жылдын декабрында жогорку деңгээлдеги коопсуздук делегациясын жөнөтүп, чек ара коопсуздугу жана экстремисттик топтордун өтүүсүн алдын алуу боюнча кызматташтыкты макулдашты.

Булардын бардыгы көрсөткөндөй, элдин жана мужахиддердин чоң аракетине карабай жетишилген натыйжа бул мамлекеттер үчүн канааттандырарлык да, ишенимдүү да болгон жок. Кантип ишенишсин, алар күнү-түнү бул төңкөрүштү жок кылууга, аны көмүүгө аракет кылып жатышса? Алар ачык-айкын максат менен иш жүргүзүп жатышты. Режимди нормалдаштыруу жана кайрадан өндүрүү үчүн калкты кысымга алуу ушул планды ишке ашыруудагы кошумча кадамдардан болду. Түркиянын тышкы иштер министринин билдирүүлөрү жөн жерден айтылган эмес, Сиракеб менен Абу аз-Зандин жолугушуулары да жөн гана протоколдук окуялар болгон эмес. Маарат ан-Нассан менен Абу аз-Зандин өткөрмө пункттарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрү да тек гана сөз эмес болчу. Булардын бардыгы алдын ала белгиленген жана так пландын алкагындагы чыныгы кадамдар.

Эгерде каалаган жыйынтыкка жетишилбесе, анда эмне үчүн бул делегациялар келди? Эмне үчүн бул сапарлар болуп жатат? Сирияны толук бойдон бойкотко алып, обочодо калтыруу туура болбойт беле?

Жоопту биз салгылашуу менен коштолгон билдирүүлөрдөн табабыз. Анда бул жигердүүлүктү көзөмөлдөп туруу, аны бул өлкөлөргө жакпаган жолдорго түшүп кетүүдөн сактоо зарылдыгы ачык айтылган. Ирактын, Иорданиянын жана яхудий түзүмүнүн билдирүүлөрү, “абалдын кооптуулугу” жана “көзөмөл зарылдыгы” тууралуу сөздөр,  бул дипломатиялык жандануунун себептерин ачып турат.

Бул макалада аталган мамлекеттердин революцияга болгон мамилесин карасак, алардын тарыхы жаман жана ниеттери бузук болгонун көрөбүз. Алардын бирөөсү да мунун сыртында эмес. Баары революцияны жок кылууга катышкан, план түзгөн, чара көргөн жана ар кандай жол менен аны ийгиликсиз кылууга аракет кылышкан.

Ушул тарых жана саясаттардан кийин, бүгүнкү делегациялар жакшы ниет менен эмес, аларга жакпаган багытты токтотуу үчүн келип жатканы айкын. Алар Сирияны өз алдынча чечим чыгара албаган, секулярдык, көз каранды мамлекет катары сактап калууну каалашат. Алар бизди эркиндикке чыгууга, өз чечимибизди кабыл алууга, улуулукка жетүүгө жолоткусу келбейт. Бизди колония кылган, кысым көрсөткөндөрдөн кандай куткаруу жолу күтүлөт? Боштондугубузду тартып алып, элдик тирөөчүбүздү жана революциябызды кыйраткандардан кандай жардам болот?!

Бүгүн, бул дипломатиялык кыймылдын башталганына жети ай өтсө да, биз Сирия тандоосун жасады деп айта албайбыз. Себеби, мүмкүнчүлүк дагы деле бар, жаңылыш кадамдан кайтууга болот. Бизде тандоо бар, дүйнөдө өз чечими бар, сөзү бар үммөт болобузбу же башкаларга көз каранды, чечимсиз жана тонолгон бойдон калабызбы?

Мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле келе бербейт… Андыктан туура жолду тандагыла! Ар-намыска жетүүгө шашылгыла! Кечигүүдөн жана күмөн саноодон сак болгула, болбосо силерге Башардан куткаруу берген Зат силерден жүз үйрүп, тагдырды өз колуңарга таштап коёт, ошондо силер ачык көз менен туңгуюкка карай басасыңар!

Ал өлкөлөр кайрымдуулук уюмдары эмес. Алардын бизге болгон мамилеси жакшы нерсени убада кылбайт. Бүгүн болуп жаткан окуялар биздин кызыкчылыкка кызмат кылбайт, эгерде чечимди өзүбүз кабыл албасак. Тандоо биздин колубузда, кырдаал дагы эле көзөмөлдө. Этият болгула! Бул болгон окуяны пайдаланып, дүйнөгө өз сөзү бар, кадырлуу, урматтуу үммөт катары чыгууга шашылгыла!

Устаз Абду Даллий (Абу ал-Мунзир)

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here