Орусиянын миграциялык саясаты: Чегинүүдөнбаш ийүүгө карай
Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Анын маалыматына караганда, жолугушуунун башкы темасы кыргыз жарандарынын Россия аймагында жүрүшү, өзгөчө эмгек миграциясы жана алардын укуктук макамын мыйзамдаштыруу маселелери болгон.
Тараптар өзгөчө көңүлдү эмгек мигранттарын алдын ала даярдоого бурушту. Кыргыз Республикасы негизги жол-жоболорду — сүрөткө тартуу, манжа изин алуу (дактилоскопия), медициналык кароону жарандар Россияга жөнөй электе Кыргызстандын аймагында уюштурууну сунуштады. Мындан тышкары, орус тараптан байкоого алынган жарандардын реестрине киргизилген кыргыз жарандарынын макамын мыйзамдаштыруу механизми талкууланды.
Кыргыз тарап миграциялык борборлордо жана Россиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүндө кошумча документ кабыл алуучу терезелерин ачып берүү сунушун берди. Кайрылуулардын саны кескин өсүп, өтө чоң кезектер пайда болгонуна байланыштуу бул маселенин маанилүүлүгүбелгиленди.
Комментарий:
Кыргызстандын ТИМи жарыялаган маалыматка ылайык Алмаз Имангазиев менен Сергей Вакуновдун жолугушуусунда кооптуу жагдайлар байкалууда. Орусиянын барган сайын катаалдашкан миграциялык саясатынын шартында кыргыз жарандарынын укуктарын коргоого жумшалган аракет дээрлик байкалбай келет.
“Жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү” деген шылтоо менен кыргыз тарап толугу менен орусиялыктар таңууланган катаал эрежелерди кабыл алып жатат. “Сунушка” ылайык сүрөткө тартуу, манжа изин алуу жана медициналык текшерүү Кыргызстандын аймагында жүргүзүлүшү зарыл. Бул логистикалык жана укуктук жактан эң оболу Москва үчүн ыңгайлуу. Формалдуу түрдө бул “алдын ала даярдык” катары көрсөтүлүп жатканы менен, иш жүзүндө бул толук кандуу көзөмөлгө карай жасалган кадам. Натыйжада, кыргыз мигранттары өз өлкөсүнөн чыга элек жатып ар тараптуу байкоого алынышат.
Өзгөчө кооптонууну жараткан маселе — “Байкоого алынган жарандардын реестри” деп аталган тизмеге байланыштуу. Бул инструмент аркылуу орус тарап кыргыз жарандарын сотсуз жана тергөөcүз эле Орусияга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коюу укугуна ээ болууда. Киргизбей коюудагы жүйөлөр да ачык айкын эмес, күңүрт бойдон калууда. Мындай тизмеде тургандарды “мыйзамдаштыруу” сунушу жогоркудай кемсинтүүчү ыкмалардан баш тартуу же анын мыйзамдуулугун карап чыгуу талаптары менен коштолушу керек эле. Тилекке каршы, кыргыз тарап орустун репрессивдик машинасын иштетип берүүчү техникалык аткаруучу болууга ыраазы. Анын үстүнө кыргыз тарап эмгек мигранттарына карата эч кандай чектөөлөр, басым кысымдар көрсөтүлбөшү керек деген сыяктуу ачык билдирүү кыла алган жок. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин россиялык органдар тарабынан кыргызстандыктарга карата жүргүзүлүп жаткан кармоолору, депортациялары жана өз билемдиктери боюнча позициясы кайда? Эмнеге кыргыз тарап эмгек мигранттарынын негизги укуктарын сактоону талап кылбайт? Байкагандай, бул ирет нааразычылык билдирген же талап койгон бир да пункт белгилеген жок.
Россиянын миграциялык саясатын ишке ашыруу үчүн шарт түзүү жарандардын укугун коргоого жатпайт. Бул кулдук уруу. Миллионго жакын кыргызстандыктар орус экономикасына салым кошуп жаткан шартта, расмийлердин риторикасы менен аракеттерине караганда, Кыргызстан өзүнүн “кызыл сызыктарын” аныктоого жарабай (же аны кылгысы келбей) жатат.
ТИМдин сүкүт сактоосун дипломатия деп атоого болбойт. Бул көз карандылыгын туруктуулук кыялына айырбаштоо. Ал эми учурдагы түзүлүп жаткан жагдай эмгек мигранттары мындан ары да зулум астында кала берет дегенди билдирет. Алардын макамы, укуктары жана коопсуздугу экинчи даражадагы маселе болуп кала берет.
Хужжат Жамия