Европа Иранды коркутууда: Айтылган мөөнөткө чейин өзөктүк келишимге жетишилет же санкциялар ишке кирет!

85
0

Европа Иранды коркутууда: Айтылган мөөнөткө чейин өзөктүк келишимге жетишилет же санкциялар ишке кирет!

Париж 2025-жылдын 18-июлунда билдиргендей, Франция, Британия, Германия жана Европа Биримдигинин Тышкы иштер министрлери Ирандык кесиптеши Аббас Аракчиге Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишүүдө жылыш жасабаса, Бириккен Улуттар Уюмунун санкцияларын кайра жандандыра турганын эскертишти. Франциянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, европалык министрлер Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчиге ырааттуу түрдө «Snapback» механизми колдонуларын, башкача айтканда, Иран тарап жайдын аягына чейин Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимге жетүүдө олуттуу жылыш жасабаса, эл аралык санкциялар толугу менен кайрадан күчүнө кирерин баса белгилешти. Франциялык дипломатиялык булактын маалыматына ылайык, Британия, Франция жана Германиянын Тышкы иштер министрлери Иранды кайрадан дипломатиялык жолго кайтууга чакырышты. Ошондой эле америкалык “Axios” сайты үч булакка таянып билдиргендей, АКШнын Мамкатчысы Марко Рубио менен Франция жана Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү өткөрүлгөн телефон сүйлөшүүсүндө Иранга акыркы мөөнөт катары августтун аягын белгилөөгө келишишкен. Америкалык расмий өкүлдүн айтымында, президент Дональд Трамп Иран тараптын сүйлөшүү үстөлүнө кайра кайта электигине катуу нааразы болууда. Өз кезегинде Иран дүйшөмбү күнү Америка менен өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөргө натыйжасы алдын ала белгилүү болмоюнча кайтып барбай турганын билдирген. Иран Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи азырынча Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен Америка өкүлү Стив Уиткофтун жолугушуусу боюнча так датасы жок экенин билдирген. (Sky News Arabic).

Комментарий:

Мусулмандардын башкаруучулары өткөндөн сабак алышпайт окшойт. Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен америкалык өкүл Уиткофтун ортосунда беш жолу кыйыр сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, андан кийин Америкадан «жашыл жарык» алып, яхудий түзүмү Натанз жана Исфахандагы ирандык өзөктүк объектилерге, аскердик базаларга аба соккуларын жасаган. Бул чабуулдарда жүздөгөн өзөктүк илимпоздор жана аскердик жетекчилер каза болуп, бул операцияларга Америка да катышкан. Иран болсо өз тараптан яхудий түзүмүнүн маанилүү жайларын жана Катардагы америкалык базаны аткылоо менен жооп бердик деп актанган. Булардын алдында Иран менен «5+1» өлкөлөрүнүн 2015-жылы жетишкен келишиминин жокко чыгарылышы жана Ирандын ичинде өзөктүк илимпоздордун бир нече жолу өлтүрүлүшү да орун алган.

Бул окуялардын баары Иран режиминин кол алдындагыларга кайрадан өз эсептерин карап чыгып, эмне себептен мындай абалга түшүп калышканын аңдап чыгуу үчүн жетишсиз болсо керек. Американын Иракты жана Ооганстанды басып алуусунда жардам бергени, Сирияда өзүнүн кулу Башар Асадды колдогону сыяктуу чоң кызматтар көрсөтүлсө да, булардын бирөө да Иранды коргоого негиз болбой калды. Америка яхудий түзүмүнө Ирандын өзөктүк жайларын талкалоого жана илимпоздорун, аскер башчыларын Иран аймагында өлтүрүүгө жол ачты. Мындайча айтканда, Пайгамбарыбыз ﷺ  айтканындай:

«لَا يُلْدَغُ الْمُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»

«Момун бир ийинден эки жолу чактырышы мүмкүн эмес»,- деген сөзгө кулак салышкан жок!

Булардын баары болгондон кийин дагы эле Европа мамлекеттери — Франция, Британия жана Германия — Иранды кайрадан дипломатиялык жолго кайтууга үндөп, өзөктүк программа боюнча келишимге жетишүүдө жылыш болбосо «Snapback» санкцияларды тез арада калыбына келтирүү механизмин ишке киргизүү менен коркутуп жатышат!

Чындыгында, Ирандын башкаруучулары мындан сабак алып, өз үммөтүнүн катарына кайтып, жашоонун бардык тармактарында — саясат, экономика, коом, билим берүү, тышкы саясатта — Исламды колдонууга жана мусулмандарды бир саясий лидерликтин алдында бириктирүүгө аракет кылуулары керек эле. Бул лидерлик Китеп менен Сүннөттөн келип чыккан толук саясий долбоорду көтөрүшү зарыл. Бул долбоордо эгемендүүлүк шариатка, бийлик үммөткө таандык болуп, үммөт өз ыктыяры менен ага Китеп менен Сүннөткө ылайык өкүм жүргүзө турган жетекчисине байъат берет. Мындай долбоор элди алдабаган, чыныгы жол көрсөткөн Хизб ут-Тахрир партиясында бар.

Аллах Таал мындай дейт:

﴿مَن كَانَ يُرِيدُ الْعِزَّةَ فَلِلَّهِ الْعِزَّةُ جَمِيعاً إِلَيْهِ يَصْعَدُ الْكَلِمُ الطَّيِّبُ وَالْعَمَلُ الصَّالِحُ يَرْفَعُهُ وَالَّذِينَ يَمْكُرُونَ السَّيِّئَاتِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ وَمَكْرُ أُوْلَئِكَ هُوَ يَبُورُ﴾

«Ким күч-кудуретти каалай турган болсо, анда, бардык күч-кудурет Аллага таандык Пакиза Сөз (тагыраак айтканда, «Лаа-илааха иллаллах, Мухаммадун Расулуллах» келмеси) Ага көтөрүлөт жана жакшы ишти да (Алла Өз даргөйүнө) көтөрөт. Жаман айла-амалдар кыла турган кимселер үчүн болсо катуу азап бар. Жана алардын айлакерликтери да жок болот (бекер кетет).»  

)Фатир сүрөсү, 10-аят).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here