Эмне үчүн Монголия түрк дүйнөсү менен кызматташтыкка кызыкдар?

95
0

Эмне үчүн Монголия түрк дүйнөсү менен кызматташтыкка кызыкдар?

20-июлда Монголиянын президенти Хурэлсүх Ухнаа Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен келди. Бул сапар анын Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган кеңири турнесинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Кыргызстандан кийин Монголия президент Душанбеге учуп кетти.

Бул сапардын жана жалпы турненин максаттары жөнүндө сөз кыла турган болсок, Монголия Борбор Азиядагы аймактык саясатта өз ордун табууга умтулуп жатканы байкалат. Бирок геосаясий жагынан алганда, анын саясий маневр жасоо дарамети дээрлик түгөнгөндөй. Кытай менен Россиянын кысымы алдында калган бул өлкө көз карандысыз чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн дээрлик ажыраган. Бүгүнкү күндө Улан-Батордун жүргүзүп жаткан дипломатиялык активдүүлүгү — анын ичинде Кыргызстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга болгон сапарлары — суверендүү багытынын белгиси эмес, тескерисинче, эки ири коңшунун (Кытай жана Россия) кысымынан чыгуу үчүн кандайдыр бир жол издөөгө багытталган аракеттер катары баалоого болот. Бул эки коңшу өлкөлөр Монголиянын экономикалык жана саясий алсыздыгын өз ыңгайына жараша пайдаланып келет.

Монголиянын Кытайга үлкөн соода көз карандылыгы бар. Экспорттун 92 пайызы дал ошол Кытайга жөнөтүлөт. Ошол эле маалда монгол коомчулугунун Пекинге карата мамилеси анчейин жылуу эмес, тескерисинче, Кытайдын “сугунуп алуусунан” коркуу, чек араларды жаап салуу жана оор шарттарга карата нааразычылык үстөмдүк кылат. Россия болсо маданий жана тарыхый байланыштарга карабастан, өнөктөш катары алсырап, тең укуктуу мамилени кепилдөө бу жакта турсун, ал өзү туруксуздуктун булагына айланып баратат. Андыктан Монголия эч нерсени кепилдей албаган татаал географиялык абалда калды. Учурда бул өлкө эки ири күчтүн ортосунда өзүн сактап калууга аракет кылууда, бирок бул күчтөрдүн экөөсү тең Монголиянын өз алдынча жол тандап кетишине кызыкдар эмес.

Ушундай шартта Монголиянын Борбор Азияга жана түрк дүйнөсүнө тиешелүү долбоорлорго кызыгуусу — бул табигый интеграцияга умтулуу эмес, тескерисинче, көз карандылыгын символикалык альянстар арасына жаап жашыруу аракети. Монголия тил жагынан да, маданий жактан да түрк тилдүү мамлекет эмес. Бирок ал дал ушул жерден кандайдыр бир таяныч табууга аракет кылып жатат. Монголиянын Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна кызыгуусунда жана анын ичинде Кыргызстан менен жакындашуусунда дал ушул жашыруун логика камтылган.

Кыргызстан болсо “бир туугандык” оюнун ойноп, кубаттуу түрк биримдигинин сүрөтүн көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок мунун артында кайра эле көз карандылыкка жол жатат, бул жолку кожоюн – өзүн коргоочу, руханий борбор жана ортомчу катары көрсөтүп келаткан Түркия болмокчу. Анкара региондогу өлкөлөргө символдор менен ураандардан башка эч нерсе бере албайт. Бирок дал ошонун өзү экономикалык аба ырайды алмаштыра турган күн тартибин түзүүгө жетиштүү болуп жатат. Ресурстары Кытай менен Россияга агылып жаткан чакта, Түркия геосаясий кулдуктан чарчаган жана алсыз өнөктөштөргө багытталган өзүнүн идеологиялык инфраструктурасын сунуштоодо.

Монголия үчүн мындай тандоо альтернатива эмес, башка жээкке качып кетүү жолу. Бул ачык кысымдан жумшак, бирок баары бир тыштан көзөмөлдөнгөн көз карандылыкка өтүү жолу. Көчмөн тарыхты, талаа символдорун жана маданий биримдикти байланыштырган улутчул риторикасымунун баары саясий алсыздыкты жаап жашыруучу беткап катары кызмат кылууда. Монголия түрк дүйнөсүнө жуурулуп кетейин деген жок, балким өзүнүн аргасыз абалынан чыгууга аракет кылып жатат. Анын жаңы биримдиктеги “кичүү бир бир тууган” болуу ролу, ири державалардын курчоосундагы жалгыздыкка караганда демди кыспайт деп үмүттөнүүдө. Бирок бул үмүттөр акталышы кыйын. Түркия да, Борбор Азия да Монголияга чыныгы өнөктөштүктү эмес, жасалма асыроону гана сунуштай алат. Инфраструктура, түз соода жолдору, альтернативдүү базарлары жана реалдуу инвестициялар болбосо бул интеграция тууралуу кептин баары саясий театр ичинде куру сөз бойдон кала берет.

Жалпысынан айтканда, Монголия Түрк дүйнөсүнө умтулган жок, болгону басым алдынан чыгып, чет жакка чегинип жатат. Эгер абал ушундайча улана берсе, эркиндикке жетем деп кайра эле тышкы көзөмөлдүн туткунуна түшүп калуу коркунучу бар. Натыйжада, Монголия үчүн көз карандысыздык кол жеткис кыялга айланат.

Латыфул Расых

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here