Ачка калтыруу кылмышын токтот!
Хамас кыймылы баскынчы яхудий түзүмүнүн Газадагы кыргыны, ач калтыруу кылмышы токтогонго чейин дүйнөдөгү бардык шаарларда кең көлөмдүү масштабда жүрүшкө чыгууга чакырды.
“Газадагы камоо жана калкты ач калтыруу жокко чыгарылганга чейин жума, ишемби жана жекшемби күндөрү дүйнөнүн бардык борбор жана башка шаарларда кең көлөмдүү жүрүш жана митингдерге чакырабыз. Келечектеги күндөргө, баскынчылыктын каршысында күчтүү жана бийик чыккан үн менен жетебиз. Ал эми үнсүз калгандардын маңдайында шерменделик тагы болсун”, – деп айтылат жазылуу билдирүүдө.
Билдирүүдө “Ачка калтыруу кылмышын токтот” ураанын колдонуу да сунушталды.
Хамастын билдирүүсү менен катар Газадагы бөбөктөр, аялдар жана кары-картаңдардын жүзүнөн ачкалыктын акыркы чеги көрүнгөн видеолор социалдык тармактарда кеңири жайылууда.
Буга чейин Газадагы каршы туруунун символуна айланган Абу Убайда мусулман жетекчилери менен аалымдарга видео кайрылуу жасаган эле. Анда: “Ислам үммөтүнүн лидерлери жана аалымдарынын желкелерине жүз миңдеген бейкүнөө инсандардын каны жүк болуп илинди. Алар бул кыргынга көрүүчү болушту. Эй Ислам дүйнөсүнүн лидерлери, аалымдары жана жамааттары! Силер биз Кыяматта өч ала турган тараптасыңар! Силердин бийик ак сарайлар артында Газадагы бөбөктөрдүн жардам кыйкырыгын угузбай жаткан кулагыңар Кыямат күнү Аршка жеткен каргыш дубалар менен каршылашат. Туткун болгон Газа эмес, силер болдуңар! Оор эсеп күнү силерди күтүп турат!”, – деп айтылат.