Кыргызстанда Кытайдын таасири күчөп жатат

93
0

Кыргызстанда Кытайдын таасири күчөп жатат 

23-июлда Кытай парламентинин төрагасы Чжао Лэцзи расмий визит менен Кыргызстанга келди. Бул визиттин алкагында парламенттик деңгээлде жолугушуулар жана кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөшүүлөр болуп өттү. Ал эми 24-июлда Чжао Лэцзи өлкө президенти Садыр Жапаров менен жолукту.

Маалыматтарга ылайык, Чжао Лэцзи 23-июль күнү Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугуп, саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташтыкты талкуулаган. “Кытай Элдик Республикасы Кыргызстан менен бардык тармакта, анын ичинде экономика, айыл чарбасы, экология, энергетика, санариптештирүү, кен өндүрүшү жаатында кызматташууга, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жүзөгө чыгарууга кызыкдар”, – деди Чжао Лэцзи. Тараптар Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) алкагында парламент аралык кызматташууну күчөтүү жана эл аралык майданда тыгыз өнөктөштүк жүргүзүү жөнүндө сөз кылышты.

Ал эми Чжао Лэцзи менен жолуккан Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосунда бардык деңгээлдерде өз ара аракеттешүүнүн жогорку динамикасы байкалганын белгилеп, кызматташтык тарыхый жогорку деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө жеткенин баса белгиледи.

Бул жаңылык — Кыргызстан менен Кытайдын алакасын жаңы деңгээлге чыгарган саясий окуя. Кытай эл аралык жана регионалдык кызыкчылыктарын көздөп Кыргызстанга өзгөчө көңүл бурууну күчөтүүдө. Себеби Кыргызстан Кытай үчүн Батышка чыкчу дарбазалардын бири болуп эсептелет. Андан тышкары Россия Украинадагы согуш менен алаксып Орто Азиядагы чеңгелин бир аз жеңилдеткенден улам Кытай Орто Азия менен кызматташууну улам-улам жогорку деңгээлге чыгарып келе жатат. Ал эми Орто Азия өлкөлөрүндөгү режимдер Кытай менен кызматташууга кызыкдар. Себеби Кытайдын ресурсу абдан үлкөн, каалаган учурда карыз берет жана инвестиция жаткырат, ошондой эле бул үчүн кескин саясий талаптарды койбойт.

Бирок, биздин бийлик төбөлдөрүнө Кытай менен кызматташуу “сонун” болуп көрүнгөнү менен, бул алака өлкөнү сазга батырып, Кытайга көз каранды кылган багытка карай алып бара жатат. Себеби, Кытайдан алынган карыздар жана Кытай тарабынан сунушталган долбоорлор негизинен анын гана кызыкчылыгын жүзөгө чыгарат. Маселен, чуулгандуу болгон Бишкектеги ТЭЦти оңдоо иштерин алып көрөлү. Кыргызстан бул долбоор үчүн Кытайдан үлкөн кредит алган, ал эми долбоорду Кытай компаниясы ишке ашырган. Башкача айтканда Кытайдан кредит алдык, алынган каражатты Кытай компаниясына бердик. Ал эми кредит элибиздин мойнуна жүктөлдү. Ушул сымал Кытай менен түзүлгөн башка долбоолор да, анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору да ушул сыяктуу болот.

Кытай Кыргызстанда өзү үчүн стратегиялык болгон долбоорлорду ишке ашыруунун башталышында турат, ошондой эле өлкөбүздөгү кен өндүрүш тармагынын үлкөн үлүшүн ээлөөнү көздөп жатат. Мунун баары “инвестиция” деген көз боёмочулуктун негизинде жүзөгө чыгарылууда. Бул долбоорлорду ишке ашыруу жана кен байлыгыбызды талап-тоноо оңой болсун үчүн, негизгиси мыйзам жактан корголушу үчүн Кытай өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы, тактап айтканда парламент менен кызматташууну жолго коюп жатат. Эки өлкөнүн парламенттеринин кызматташуусу – бул эки өлкөнүн мыйзамдарын өз ара ылайыкташтырууну, башкача айтканда мыйзамдарды Кытай талап кылган өңүткө багыттоону түшүндүрөт.

Андан тышкары жогорудагы жаңылыкта “тараптар ШКУ алкагында парламент аралык кызматташууну күчөтүү жана эл аралык майданда тыгыз шериктештик жөнүндө сөз кылышты” делди. Демек Кытай үчүн “экстремизм”, “терроризм” саналган нерсе бизде да “экстремизм”, “терроризм” деп таанылып, мыйзам менен бекемделиши күтүлөт. Ал эми “эл аралык майданда тыгыз шериктештик” дегени эл аралык аренедагы иш-аракеттерди Кытай менен координациялоону түшүндүрөт.

Кыргызстан-Кытай алакасындагы инвестициялар, долбоорлор, ар түркүн деңгээлдеги кызматташуулар өлкөнү көз карандылыкка гана алып бара жатат. Кытай үлкөн мамлекетке айланды, андыктан анын бир регионуна айланып калбоо үчүн өтө кылдат мамиле жасоо зарыл, керек болсо анын көптөгөн долбоорлорунан баш тартуу кажет.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here