Американын жылдызы өчүп, Халифалык түшүнүгүнүн жаркырап чыгышы
Америка Кошмо Штаттарынын 47-президенти Дональд Трамп бийликке келгенде, ичи-тышы кризиске баткан, оор абалда калган өлкөнү жетектөөгө киришти. Американын алдында турган эң чоң чакырыктардын бири анын эл аралык аброю түшүп, солгундап жатканы болду. Бирок Трамп өжөр, өзүнө ишенген, күрөштү жакшы билген жана үмүтүн жоготпогон адам. Ал атаандаштарын коркутуп, партиясын жетектөөгө өзүн таңуулоо менен бул сапаттарын далилдеди. Азыр ал Ак үйгө экинчи жолу кайтып келди жана бул жолу да күчтүү кайтып келди. Демократ талапкер Камала Харристен кыйла чоң айырма менен жеңип чыкты. Трамптын артында капиталисттик чоң компаниялар турат: классикалык капитализмдин өкүлдөрү мунай, курал-жарак, темир жол компаниялары, булар Республикачылар партиясынын негизги таянычтары жана колдоочулары. Ал тургай Кремний өрөөнүндөгү технологялык гиганттар – Мета, Эппл, Амазон жана башкалар башында Камала Харисти колдошкону менен, кийинчерээк Трампты колдогондордун катарына өтүштү. Бул компаниялардын көбү Трамптын инаугурация аземине ар бири бир миллион доллардан ажыратып беришти.
Бул жолу Трамп бийликке “консервативдүү оңчулдардын” идеялары жана пландары менен келди. Бул агым Америка түзүлгөндөн бери эле бар, ал эми 20-кылымдын 50-жылдарында таасирдүү саясий агым катары калыптана баштаган. Анын максаты протестант ак адамдын башкаруусун сактоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга кайтуу. Бул агымдын белгилүү лидерлеринин бири мурдагы президент Рейган болгон.
Американын башкаруучуларын өзгөчөлөнтүп турган эң негизги сапат – алардын саясаттагы ыкчам өзгөрүүлөрү. Бул болсо алардын чечимдерин негизинен аналитикалык борборлордун изилдөөлөрүнө таянып кабыл алышына байланыштуу. Трамптын бул президенттик мөөнөтүндөгү саясаты “Heritage Foundation” уюму тарабынан даярдалууда. Бул 1973-жылы негизделген изилдөө жана билим берүү мекемеси болуп саналат. Жылдык бюджети 80 миллион доллардын тегерегинде. Бул уюм АКШдагы эң көрүнүктүү консервативдүү пикирий борборлордун бири. Аны түзүү либералдык борборлордун, мисалы, “Brookings Institution” сыяктуу мекемелердин чыгышына жооп катары болгон. Heritage Foundation уюмунун изилдөөлөрү өткөн кылымдын 80-жылдарында президент Рейгандын Советтер Союзуна каршы “Суук согушту” утуп чыгышына чоң салым кошкон.
Трамп жүргүзүп жаткан саясаттардын булагы 2023-жылы “Heritage Foundation” аттуу консервативдик пикирий борбору жарыялаган изилдөөдө берилген. Бул долбоор «2025-жылдагы бийликтин өткөрүлүп берилүү долбоору» (Project 2025 Presidential Transition) деген ат менен белгилүү. Анын негизги мазмуну «Mandate For Leadership: The Conservative Promise» (“Башкарууга ыйгарым укук: консервативдик убада”) деген аталыштагы саясий сунуштардан турган китепте берилген.
Бул долбоорду даярдоого 22 миллион доллар сарпталган. Трамп бул сунуштарды учурдагы саясаты аркылуу ишке ашырууда. Изилдөөнүн негизги максаттары төмөнкүлөр:
• «Терең мамлекет» деп аталган түзүмдү ыдыратуу;
• Бийликти элге кайтаруу;
• Америкадагы саясий бөлүнүүнү оңчул консервативдик агымдын пайдасына чечүү;
• Ички ажырымдарды жоюу;
• Азыр 36,2 триллион долларга жеткен федералдык карызды азайтуу;
• Ал эми тышкы саясатта Американын эл аралык аброюн калыбына келтирүү.
Трамптын тышкы саясатынын негизги багыты чыгашаларды кыскартуу, шантаж жана башкаларды өз кызыкчылыгына жумшоо.
Мусулмандардын жерлеринде болсо, Трамптын саясаты Исламдын кайра кайтуусуна, өзгөчө Халифалыктын тикелөнүүсүнө каршы күрөшүү болуп эсептелет, анткени Халифалык Исламды мамлекет түрүндө колдонуунун жалгыз тарыйкаты. Ушундан улам Америка биздин жерлердеги эң маанилүү чабуул базасы болгон яхудий түзүмүн сактап калууну артыкчылыктуу максат кылып алды.
Методдор жана ыкмалар боюнча Трамп «катуу күчкө» таянат же аны колдонууга коркутуу менен иш алып барат. Ал «жумшак күч» деген түшүнүктү толук четке кагат. Анын пикиринде, дал ошол жумшак күч реалдуу жана узак мөөнөттүү зыян келтирүүчү курал. Натыйжада, ал Газадагы геноцидди дүйнөнүн көз алдында, камералардын астында жүргүзүп жатат, максаты Газаны бошотуу. Бул үчүн ал яхудий түзүмүн курал катары колдонууда.
Мусулмандардын сезимдерине да, дүйнө жүзүндөгү акыл-эстүү адамдардын санаасына да көңүл бурбайт. Ал тургай өзүнүн аскердик учактарын Ирандын атомдук объектилерине сокку урууга колдонууда. Бул аркылуу АКШнын өзү түзгөн эл аралык укук нормаларын жана дүйнөнү башкарууга арналган институттарды тебелеп жатканы да Трамп үчүн маанилүү эмес. Трамп мындан тышкары аймактагы башка өлкөлөрдү да “Абрахам келишимдерине” кошулууга мажбурлоо аракетинде. Бул келишимдер аркылуу яхудий түзүмүн мусулман акимдеринин чыныгы көзөмөлчү “ага” кылып коймокчу. Анын айткандарын “Al Araby” телеканалы мындайча келтирет:
«Көптөгөн мамлекеттер Абрахам келишимине кошулууну каалашат. Бул жолдо жалгыз тоскоол Иран болчу».
Бирок күч менен мас болуп калган, дүйнө лидерлеринин анын көрсөтмөлөрүнө баш ийип жатышына тымызын суктанган Трамп эки маанилүү чындыкты билбей жатат:
Биринчиси: Америка жана анын ички саясатына байланыштуу фактылар, алар төмөнкүлөр:
Америка кыйроо жолуна түшүп, бул багытта бир топ баскычтарды артта калтырды. Ал учурда колдонуп жаткан саясаты алсыроо стратегиясы болуп эсептелет. Бул стратегия аркылуу ал өлкөсүн мурдагыдай улуу мамлекет кылып кайра жандантууга аракет кылууда жана бул анын ураанында да чагылдырылган (MAGA – Make America Great Again) – «Американы кайрадан улуу кылабыз!» Бирок Америка коомчулугу азыр ички ажырымдардан жабыркап жатат: кээде бул ажырымдар саясий негизде «мамлекет» менен «терең мамлекеттин» ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышынан; кээде болсо ак түстүүлөр менен кара түстүү калктын ортосундагы расалык негизде чыгууда. Трамптын саясаты бул ажырымдарды ого бетер тереңдетүүдө. Ал “консервативдүү оңчулардын” көз карашына ылайык, өлкө башкаруусун кайрадан ак түстүү адамга кайтарууну көздөөдө. Бул болсо коом менен мамлекетти дагы да алсыратууга алып келчү коркунучтуу көрүнүш.
Ошондой эле, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өзүн эркиндиктин жана жогорку баалуулуктардын булагы катары таанытып келген Америка бул имиджин жоготту. Илгери өзү да көптөгөн Европа мамлекеттеринин колониясы болгон Америка бүгүн башка өлкөлөрдү эзген эң негизги колонизатор мамлекет экени ачылып калды. Элдер эми Американы дүйнөдөгү биринчи колонизатор мамлекет катары таанып, аны жалаң зулумдуктан куралган империя катары көрүп калышты. Ал адамдык баалуулуктардан куру калган, дүйнөнү басып алган моңголдор менен татарлар сыяктуу болуп калды. Ошону менен ал дүйнөнү башкарууга моралдык укугун жоготту. Эми дүйнө анын күчү менен гана эсептешүүгө мажбур болууда.
Экинчиси: Ислам жана мусулмандарга байланыштуу фактылар, алар төмөнкүлөр:
Ислам – акыйкат дин. Ал баарын Билүүчү жана Даанышман Алла Таала тарабынан адамзаттын жашоосун оңдоо үчүн түшүрүлгөн. Өнүккөн мусулман өзүнүн Эгеси жана Туура Жетекчиси катары Алла Тааланы тааныган пенде. Алла Таала — Кудуреттүү, улуулук жана падышалык Ээси, Анын улуулугунун алдында бардык махлуктар баш ийет. Алла Өзүнүн ыйман келтирген кулдарын бул дүйнөдө да, акыретте да колдойт:
﴿إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُواْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ﴾
«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө, да, күбөлөр тура турган Күндө (Кыяматта) да жардам беребиз». (Гафир сүрөсү, 51-аят).
Мына ушул Аллага кул болгон, Ага таянган жана Анын жардамына таянган мусулман Американын күчүнө да, анын жалган улуулугуна да маани бербейт. Бул тууралуу тарыхта күбө болчу далай мисалдар бар.
Акыркы ондогон жылдарда үммөткө түшкөн оор сыноолор жана зулумдар аны жанчып, тебелеп-тепседи. Мындай окуялар мусулмандардын ой жүгүртүүсүнө түрткү берип, алардын көңүлүн өткөндөгү даңазалуу доорунан, бүгүнкү кайгылуу абалына буруп койду. Алар Фарук Умар رضي الله عنه айткан улуу чындыкты түшүнө башташты:
“نحن قوم أعزنا الله بهذا الدين فمهما ابتغينا العزة في غيره أذلنا الله”
«Биз Алла Таала бул дин менен улуулукка жеткирген үммөтпүз. Эгер улуулукту Исламдан башка нерседен издесек, Алла бизди кор кылат».
Алар түшүндү: бул Ислам дини алардын турмушунда жандуу жана чечүүчү рол ойношу үчүн, кризистерден жана маселелерден чыгуу үчүн сөзсүз түрдө анын мамлекетин, башкача айтканда, пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты кайра орнотуу керек.
Ушундайча Халифалык түшүнүгү пайда болуп, азыр да мусулмандардын жерлеринде ыкластуу адамдардын аракети менен өсүп-өнүгүп жатат. Бул идея бүгүнкү күндө мусулмандар арасында коомдук пикирге айланып жетти. АКШ баш болгон кыйрап бараткан колонизатор капыр мамлекеттер бул түшүнүктү токтотуу үчүн ар кандай тоскоолдуктарды коюп жатышат. Бирок, мунун бары куру убара, анткени Халифалык идеясы мусулмандардын жүрөгүндө жашап, ыкластуу адамдардын акылында такталган. Алар бул Халифалыкты пайгамбарлык жолунда кайрадан тикелөө үчүн анык долбоорду көтөрүп жүрүшөт.
Халифалыктын кайра келери сөзсүз. Ал Газа жана башка мусулмандардын аймактарында аялы, баласы, карысы менен кыйналган мазлум мусулмандарга жардам берүүнүн жалгыз жолу. Мусулмандар бүгүн ислам түзүмдөрү болбогон шартта жашагандыктан, алардын азап-тозогу токтобой келет. Мусулмандар кайрадан бир үммөт болушу керек. Анткени азыркы башкаруучу бийликтер үммөттү шылдыңга калтырып, аны уяттуу жана кордук абалга алып келишти. Алар мусулмандардын байлыктарын талап-тоноп жатышат, Газа, Дарфур сыяктуу аймактардагы мусулмандар ачка өлүп жатышат.
Мунун баары Халифалыктын кайтып келүүсүн зарыл жана качып кутулгус шарт кылат. Халифалык идеясы жандуу, динамикалык ыйман негизинен чыккан. Аны көтөрүп бараткан үммөт адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт:
﴿كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللهِ﴾
«(Эй Мухаммаддын үммөтү), силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени силер жакшы иштерге буюрасыңар, жаман иштерден кайтарасыңар жана Аллага ыйман келтиресиңер». (Али Имран сүрөсү, 110-аят).
Хатим Жафар (Абу Ауаб)
Роя гезити