Уранды алдында калган Батыш жана жаңы доордун башталышы
АКШ президенти 22-июлда АКШнын ЮНЕСКОдон чыгуу жөнүндө чечимин кабыл алды. Ак үй өкүлдөрүнүн айтымында, бул чечим уюмдун «кастыкты козутуучу максаттарды» колдоосуна жана АКШнын кызыкчылыктарына шайкеш келбей калганына байланыштуу кабыл алынды.
Мындай чечим бир караганда, Ак үйдүн тышкы саясий демилгелеринин кезектеги кескин кадамы катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул нерсе эл аралык саясатта жана дүйнөлүк тартипке байланыштуу болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдөн кабар берет. Өзүн демократиянын, адам укуктарынын жана глобалдык лидерликтин туу чокусу катары көрсөтүп келген АКШ эл аралык институттар алардын кызыкчылыктарына туура келбей калган чакта, аларды четке кагууга даяр экенин көрсөтүүдө.
ЮНЕСКОдон чыгуу чечими уюмдун «кастыкты козутуучу максаттарды» көздөгөнү жана АКШнын кызыкчылыктары үчүн пайдасыз болуп калганы менен түшүндүрүлдү. Албетте, бул билдирүүлөр Трамп администрациясынын АКШнын глобалдык саясаттагы ордун кайра карап чыгуу жана бир тараптуу мамилени күчөтүү багытындагы буга чейин айтып келаткан жалпы саясатына шайкеш келет. Бирок бул кадамдар бүткүл демократия түзүмүнө коркунуч жаратат жана ал бир уюм же бир президенттик мөөнөт менен эле чектелбейт.
ЮНЕСКО БУУ алдындагы уюмдардын бир бөлүгү жана анын ишмердиги эл аралык кызматташтыкты, тынчтыкты жана өнүгүүнү бекемдөө деп аталат. АКШ көп жылдар бою анын негизги донору жана таасирдүү катышуучусу болуп, анын негизги багыттарын аныктап келген. Мындай институттан баш тартуу жөн гана каржылоодон баш тартууну билдирбейт. Бул кандайдыр бир эрежелер АКШнын эркиндигине залал келтирсе, глобалдык оюндан чыгууга даяр экенин билдирет. Кандайдыр бир дипломатиялык белги берүү да эмес, балким кандайдыр бир түзүмдүк элемент АКШнын кызыкчылыгына тескери келип калса, өзү түзүп, колдонуп келген эрежени деле карманууга милдеттүү эмес экенинин белгиси.
Таң калычтуусу, мындай кадамга эл аралык коомчулук үн катпай, эч бир жооп кайтарылган жок. Союздаштардан кескин айыптоолор да, олуттуу билдирүүлөр да, БУУнун ичинде жоготуунун ордун толтуруу үчүн күч-аракеттерди мобилизациялоо да болгон жок. Мындай алсыз сүкүт сактоо АКШнын аракеттерине макул болуудан мурун, андан коркуу жана ага болгон көз карандылык менен түшүндүрүлөт. Анткени, АКШ дагы да болсо алдыңкы аскердик, каржылык жана технологиялык держава бойдон калууда. Көптөгөн өлкөлөр Вашингтондун бир тараптуу аракеттерине нааразы болсо да, мамилелердин начарлашынан коркуп, ачык талаш-тартышка барууга батына албай жатышат. Эл аралык институттар болсо мындай масштабдагы өлкөгө таасир эте турган куралдарга ээ эмес. Натыйжада, эл аралык нормалар алсыздар үчүн гана иштеп, күчтүүлөр мыйзамдан жогору турат деген чындык ачыкка чыгууда. Бул кош стандарттуулуктун эң эле айкын көрүнүшү.
Дүйнөдө демократия түзүм деңгээлинде алсырап жаткан учурда мындай кадамдар өзгөчө мааниге ээ болууда. Бир жагынан эл аралык укуктун үстөмдүгүн жарыялаган, экинчи жагынан эл аралык келишимдерден жана институттардан баш тартып жаткан АКШ мындай жүрүм туруму менен бүткүл дүйнөнү олку-солку абалга кептеп барууда. Авторитардык режимдер муну жамынып демократиялык нормаларды четке кагууга мүмкүндүк алышууда. Бул учурда “Дүйнөнүн демократиялык лидери» атыккан өлкө өзү баш болуп жалпы эрежелерди сактабаса, эмнеге башкалар аны карманышы керек”, – деген табигый суроо пайда болот. Ошентип, АКШнын жүрүм-туруму алардын тышкы саясатынын моралдык негизин гана эмес, мамлекеттер аралык теңдик жана эл аралык укукка негизделген глобалдык либералдык тартиптин легитимдүүлүгүн да жок кылууда.
Чындыгында, АКШ глобалдык сот жана модератор катары моралдык артыкчылыгын да жоготуп жатат. Алардын иш аракеттери мындан ары үлгү катары кабыл алынбайт, тескерисинче, геосаясий эгоизмдин мисалы катары бааланат. Диалог жана институттук чечимдердин ордуна алар бир тараптуу кадамдар, каржылоо аркылуу шантаж кылуу жана эл аралык милдеттенмелерден ачык түрдө баш тартууну тандашууда. Мындай иш аракеттер жеке уюмдардын гана эмес, глобалдык кызматташуу идеясынын да беделин түшүрөт.
Бул жаатта АКШнын ичиндеги жана анын эл аралык саясатындагы демократиялык баалуулуктардын кулашы ачык айкын байкалууда. Мындай гуманитардык өнүгүүнү, билим берүүнү, маданиятты жана илимди бекемдөөгө багытталган институттарга катышуудан баш тартуу учурдагы баалуулуктар барган сайын соолуп баратканынан кабар берет. Принциптер пайда алып келсе гана колдонула турган болуп, саясий кызыкчылыктарга тоскоол боло турган болсо, андан баш тартыла турган болууда. Мунун баары кризис АКШнын глобалдык лидерлигине гана эмес, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин курулган дүйнөлүк тартиптин өзүнө да жеткенин билдирет.
Бүгүнкү күндө АКШ жана бүтүндөй Батыш жамынып келген демократия түзүмү эч качан универсалдуу баалуулуктар системасы болгон эмес, болгону алардын кылмыштарына ушунча убакыт бою ыңгайлуу калкан болгон. Бул үлкөн базарлар, доллар, курал-жарак жана каардуу көзөмөл аркылуу түзүлгөн эрежелердин бетин жашырып, ага адамкерчилик, жагымдуулук маскасын кийгизген пикирий кабык эле. Бул демократия түзүмү элге эмес, өзүн башкаларга таңуулоого умтулган ири институттарга кызмат кылып келди. Эми бул беткап сыйрылды, аны кайра кийип алуу мүмкүн эмес. Беткап ачылды жана анын артында эркиндиктин коргоочусу эмес, өз пайдасын гана ойлогон глобалдык оюнчу турганы ачыкка чыкты. Бул нерсе мүмкүнчүлүктөрдү да жаратууда. Мурунку бир уюлдуу системанын ыдырашы өзүн-өзү аныктоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылууда. Бул өзгөчө көптөн бери тышкы идеологиялык басым астында келе жаткан өлкөлөр үчүн ыңгайлуу учур. Азия жана Африка элдерин камтыган Ислам дүйнөсү «чоңдордун» көзөмөлүсүз жана чет элдик моделдерди туурабастан адилеттүүлүк, өнүгүү жана тартип тууралуу түшүнүктү өздөрү аныктап ала турган тарыхый мүмкүнчүлүктүн босогосунда турушат.
Жакынкы убакта авторитардык режимдердин күчөшү күтүлөт, алар глобалдык башаламандык шартында өз калктарын коркутуу жана зулум аркылуу баш ийдирип, күч топтогонго аракет кылышат. Бирок дал ушул басым жана зулумдук, ислам тарыхында Мухаммад (С.А.В.)дын пайгамбарлык миссиясынын башталышын эске салган терең руханий түрткү боло алат. Ал эми ошол зулумдук күчөп, чекке жеткенде, ал тарыхый ойгонуунун, чыныгы ыймандын жана пикирий негиздерге кайтуунун башталышына түрткү болуп калат.
Бул жаатта Алланын Элчисинин (С.А.В.) дын төмөнкү айтканы өзгөчө мааниге ээ. Айтты: «Пайгамбарлык силердин араңарда Алла каалаганча турат. Кийин Алла каалаганда аны көтөрөт, кийин пайгамбарлык минхажындагы Халифалык болот жана ал да Алла каалаганча турат. Кийин Алла каалаганда аны көтөрөт. Кийин адилетсиздик кыла турган падышалык болот жана ал да Алла каалаганча турат. Кийин Алла Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот жана ал да Алла каалаганча турат. Кийин, Алла каалаган убакытта аны көтөрөт. Кийин, пайгамбарлык минхажындагы Халифалык болот». (Ахмад, 18406).
Бул хадис мусулман үммөтүнүн тарыхый баскычын гана сүрөттөбөстөн, анын келечегине да ишарат кылат. Залимдик доорунан кийин пайгамбарлык минхажына негизделген башкарууга кайтуу болоорунан кабар берет. Бул утопия же ураан эмес, бул вахий жана пикирий негиз. О.э ачык көрүнүп калган Батыш моделинин ыдырашы менен тастыкталып жаткан тарыхый мыйзам ченемдүүлүк. Учурда батыл күчүн жоготуп, ислам үммөтү сыноолордон өтүп, өзгөнү туурап эмес, өз акыйкат жолуна сапар алган кайра жаралуу доорунун астында турат. Бул болсо эки жүздүү демократия беткабы астындагы диктатура кулап, адилеттүүлүк, абийир жана пайгамбарлык минхажына негизделген Халифалыктын убакыт сааты келип жеткенине ишара кылган акыйкат жол.
Хужжат Жамиа