Трамп Россиядан тажадыбы?
Зеленский Украина менен НАТО уюмунун ортосундагы мамилелерди бекемдөөнүн жана альянска мүчө өлкөлөрдүн аскердик чыгымдарын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Буга чейин “Axios” сайты Америка биринчи этапта НАТОдогу союздаштарына 10 миллиард долларлык курал сатууну пландап жатканын, бул куралдар кийинчерээк Украинага жөнөтүлөрүн ачыкка чыгарган.
Бул маалыматтар мурдараак АКШ президенти Дональд Трамптын Ак үйдө НАТО баш катчысы Марк Рютте менен биргелешкен маалымат жыйынында айткан билдирүүсүнөн кийин жарыяланды. Ал билдирүүсүндө, эгерде Украина менен 50 күндүн ичинде келишимге жетишилбесе, анда Россияга карата 100 пайыздык бажы салыгын киргизерин жарыялаган (Rai al-Youm).
Комментарий:
Украинаны кайрадан куралдандыруу жана узак аралыкка атылуучу ракеталар менен камсыз кылуу темасы кайрадан күн тартибине чыкты. АКШ администрациясынын атынан сүйлөгөн украиналык бир расмий өкүлдүн айтымында, АКШ Украинага Россиянын ички аймактарын бутага алуу боюнча чакырык жасаган, бул аркылуу Москваны сүйлөшүү үстөлүнө отургузуп, анча-мынча сүйлөшүүлөрдөн кийин аябай көтөрүлүп кеткен талаптарын төмөндөтүүгө мажбур кылууну көздөшүүдө.
Бул талаптар Россия тараптан Трамп президенттикке келгенден кийин көтөрүлө баштаган, анткени ал Украинаны курал менен колдобой турганын, тынчтыкты кааларын жана Россия–Украина согушун токтоткусу келерин билдирген. Муну мүмкүнчүлүк катары пайдаланган Москва аскердик жана саясий басымдарын күчөтүп, талаптардын деңгээлин көтөрүп жиберди. Учурда ал Украинадан куралсызданууну жана өлкөнү НАТО менен Орусиянын ортосундагы буфердик аймак катары калтырууну талап кылууда.
Россия мунун баарын Трамп администрациясынын оор абалын жана дүйнөлүк маанидеги чоң проблемаларга батканынан пайдаланып жасап жатат. Анткени бүгүнкү күнгө чейин АКШ бул көйгөйлөрдүн бирин да чече элек. Палестина элине каршы жүргүзүлүп жаткан яхудий түзүмүнүн согушу Американы чоң кыйынчылыкка салып, анын кынтыксыз колдоосунан улам АКШ жоопкерчиликке тартылып калды. Бул согуштан тышкары Иран менен болгон кагылышуулар, Сирия маселесинин кайра курчушу, Кытай маселеси – мунун баары чечилбей турат. Мына ушунун баары Россияга чоң талаптарды коюуга мүмкүнчүлүк берип жатат. Бул аралашуулар Трамптын администрациясын Орусияга карата аскерий кысым көрсөтүүгө кайтып келүүгө мажбур кылды. Бул аркылуу алар Москваны акыл-эстүүлүккө чакырып, согушту токтотууга макул болуусун каалашат. Ошондой эле, АКШ Украинаны курал менен колдой турганы, бирок бул колдоо Европа менен НАТОнун казынасынан болору белгилүү болду. Бул Трамптын администрациясы үчүн олуттуу кадам жана Америка өзү каалаган өнүгүү.
Англия болсо бул кадамды колдоп чыкты. Анын коргоо министри: “Биз Украинанын толук жеңишке жетүүсү үчүн анын жанында болобуз”, – деп билдирди. Бул Британия согуштун токтошун эмес, тескерисинче, аны узартууну жана АКШ менен Орусияны түз кагылышууга түртүүнү каалап жатканын көрсөтөт. Балким бул аркылуу ал өзүнүн унутулуп калган тарыхынан бир үлүш алууну самап жатат. Ар дайым куу амал, айлакерлик жана атаандаш мамлекеттерди бири-бирине кагыштыруу Британиянын салты болуп калган.
Жыйынтыктап айтканда, Трамп Россия менен Украинанын ортосунда кеңири жана күчтүү согушту каалабайт. Ал бул согушту Россияны сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу жана согушту токтотууга мажбурлоо үчүн колдонууну көздөйт. Балким бул анын президенттик мөөнөтүнүн биринчи жылындагы алгачкы ийгилиги болуп калар. Эми Орусия жумшарып, сүйлөшүүгө барабы? Же болбосо өз кызыкчылыктарын дагы көбүрөөк коргоп алуу үчүн басым кылууну улантабы?