Том Брак Ливанга эскертүү берди: Ливан Шам аймагынын бир бөлүгүнө кайтып калышы мүмкүн!

159
0

Басма сөз баянаты

Том Брак Ливанга эскертүү берди: Ливан Шам аймагынын бир бөлүгүнө кайтып калышы мүмкүн!

2025-жылдын 12-июлунда АКШнын Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Том Брак Arab News гезитине курган маегинде АКШнын аймактагы долбоорунун жүзүн ачкан жаңы билдирүүлөрдү жасады. Ал Америка администрациясы “Жаңы Жакынкы Чыгыш” долбоорун ишке ашырууда олуттуу кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын ачыкка чыгарды.

Брак мындай деди:

“АКШ Ливан менен баскынчы яхудий түзүмүнүн ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөктөштү. Бул сүйлөшүүлөр тездик менен өнүгүүдө!” — деп, муну Сириядагы жаңы режим менен болгон сүйлөшүүлөрдөн да тез жүрүп жатканын кошумчалады.

“Мен байкап жатам, Сирия санкциялар алынган тарыхый мүмкүнчүлүктү пайдаланууга ашыгып жатат… Түркия менен Булуң өлкөлөрүнөн инвестициялар агылууда, кошуна өлкөлөр менен дипломатиялык байланыштар жанданды!”.

Андан кийин Брак мындай эскертүү берди:

“Эгерде Ливан АКШ сунуш кылган чечим тарапка жылбаса, анда ал кайрадан Шам аймагына кайтып калат!”. Ал чек ара жана саясий таандыктык маселесин көтөрүп, эгер Ливан тынчтык келишимине жана багынып берүүгө барбаса, анда башка тагдыр күтүп турганын айтты.

“Трамп Сирияга мүмкүнчүлүк берүүдө кайраттуу болду. Батыш кийлигишкенден бери, Сайкс-Пико келишиминен бери абал оң болгон жок… Эгер Ливан кыймылдабаса, ал Шам аймагына кайтып барат!”.

АКШ кечээ жакында эле конференциялар өткөрүп, түрдүү азчылыктарга мамлекет денгээлиндеги убадаларды берип жаткан эле. Эми ошол эле АКШ аларга өз өкүлү аркылуу мындай деди:

“АКШнын позициясы Сирияда федерацияга каршы экенин ырастады. Өлкө бирдиктүү болушу керек, бир армиясы жана бир өкмөтү болушу зарыл. Ал жерде алты мамлекет болбойт, бир Сирия болот”. Ал муну менен өзүнчө күрт, алави же друз мамлекеттеринин түзүлүшү мүмкүн эместигин билдирди.

Ошондой эле:

“АКШ шарттарды таңуулабайт, бирок бөлүнүп-жарылуучу жыйынтыктарды колдобойт. Биз түбөлүк ал жерде бала баккандай болуп тура бербейбиз!”, – деди.

АКШ адеп-ахлак деген түшүнүктү тоготпогон дипломатиялык билдирүүсүндө, кечээ эле “террористтик” деп эсептеп келген уюмдарга мунапыс жарыялап, аларды “актап”, алар менен мамиле табууга жол ачты. Мисалы:

— “Хайат Тахрир аш-Шам” тобун террорчул уюмдардын тизмесинен чыгарды;

— Иран партиясынын колунда кармаган оор куралга карабай, аларга өз  эшигин ачты;

— Жылдар бою өзүнө кызмат кылган “Күрд Демократиялык Күчтөрүнө” (QSD/СДС) кайрылып:

“Биз силерге мамлекет ичинде өзүнчө өкмөт түзүүгө укук берүүгө милдеттүү эмеспиз… Бирок ооба, силерге акылга сыярлык мамиле кылууга милдеттүүбүз. Эгерде өзүңөр акылга сыярлык болбосоңор, анда башка альтернатива күн тартибине чыгат!”

Бул АКШ саясатынын логикасы. Кызмат кыласың, багынып берсең ыраазы болобуз! Мына бул эч бир убадага жана келишимге турбаган АКШнын чыныгы жүзү.

Эй Ливандагы мусулмандар, жана жалпы Шам аймагындагы мусулмандар!

Бул коркутуу АКШнын аймактагы долбооруна каршы турган жалгыз чыныгы атаандаш Халифалыкты кайра тикелөө аркылуу үммөттү бириктирүү долбоору экенин кыйыр моюнга алуусу.

Биз жакшы билебиз, АКШ Ливандын да, Сириянын да тагдырына кайдыгер, ал бул аймактын элдерин өзүнүн келишимдери менен альянстарын курал катары гана көрөт. Анын чыныгы максаты яхудий түзүмүн аймактын табигый бир бөлүгү катары кабыл алдыруу жана аны интеграциялоо. Ошол эле учурда, ал үммөттүн калган байлыктарын талап-тоноп, биримдигин ыдыратууга жан үрөп жатат, айрыкча азыркы кезде, дүйнө газга жана стратегиялык кен байлыктарга жарышып кол созуп жатканда жана АКШнын Кытай менен болгон экономикалык тирешинде бул дагы даа маанилүү.

Брак айткан “Ливандын Шам аймагына кайтуусу” жөнүндөгү сөз анын оозунан чыгып кеткен ката эмес, бул — стратегиялык мааниси бар билдирүү. Бул АКШ үммөттүн өз түпкү негизине, биримдигине жана исламий саясий долбооруна кайтып келишинен чочуп жатканын далилдейт. Бул билдирүү бир эле учурда коркутуу жана моюнга алуу болуп саналат:

  • Коркутуу жагы: кимде-ким АКШ сунуштаган “тынчтык” жана багынуу жолун кабыл албаса, ал өз түп-тамырына кайтарылат!
  • Моюнга алуусу: түп-тамырынан бүтүндөй үммөттүн биримдиги өзүнүн аң-сезиминде, жеринде, жүрөгүндө дагы деле тирүү экени. Бул, канча жылдар бою үммөттүн жүзүн буруу жана бул жерлердин чыныгы өзүн таануусун жок кылуу аракетине карабастан, үммөттүн ичинде исламий ойгонуунун учкуну дагы эле жашап жатканын көрсөтөт.

Халифалык долбоору Шам аймагын гана эмес, бүтүндөй үммөттү бириктирүүчү долбоор. Аны АКШ да, яхудий түзүмү да коркунуч катары карап, ага каршы күрөшүп келишет, анткени бул долбоор алардын аймактагы үстөмдүгүнө жана кызыкчылыктарына чоң коркунуч жаратат.

Брак жана анын администрациясы ушул коркунучту “азчылыктарды” үркүтүү үчүн коркутуу куралы катары колдонууда. Алар муну менен азчылыктарды исламий альтернативадан коркутуп, АКШнын долбооруна баш ийип, аны өздөрүнүн долбоору катары кабыл алууга түртүшүүдө.

Биз, Ливан вилаятындагы Хизб ут-Тахрир партиясы, мындай билдирүүлөргө жооп кайтарууда биринчи кезекте өзүбүздү милдеттүү деп эсептейбиз жана ишеним менен төмөнкүдөй жооп беребиз:

  • Аймактагы чыныгы күрөш ислам үммөтү менен каапыр секулярдык Батыштын ортосундагы мабдаий күрөшү. Бул баалуулуктар менен түшүнүктөрдүн тиреши. Батыш бир мүнөт да үммөттү алсыратуу, ага каршы кутум уюштуруу аракетинен баш тарткан жок. Ал бул аймакты Халифалыкты кулатуу менен колония кылып баштап, андан соң бөлүп-жаруу жана майдалоо саясатын ишке ашырды. Биз ачык жарыялайбыз: бул колонизаторлуктун акыркы жоюлушу Пайгамбарыбыз ﷺ  сүйүнчөлөгөн халифалыкты кайра тикелөө менен гана ишке ашат. Бул – бүгүн биз жашап жаткан залим режимдин соңунда келет, ин шаа Аллах.
  • Бул билдирүүлөр канчалык коркутуу жана текебердик менен коштолбосун, алар бир чындыкты ачыкка чыгарат: үммөттү бириктирүүгө умтулган исламий долбоор, тактап айтканда, пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты тикелөө долбоору, Вашингтондогу чечим кабыл алуучуларды тынчсыздандырып, аймактагы үстөмдүк жана таасир боюнча эсептерди кайра карап чыгууга мажбур кылууда. Бул яхудий түзүмү үчүн да кооптуу долбоор болуп эсептелет. Муну Нетаньяхунун Халифалыктын Жер Ортолук деңизинде пайда болуу коркунучу тууралуу ачык билдирүүлөрү далилдейт. Ал Халифалык кайсы жерде түзүлбөсүн, аны соккуга алууга даяр экенин билдирген.
  • Батыш бүгүн ойноп жаткан “азчылыктар картасы” мурда Ислам мамлекетин кулатууда колдонулган ыкманын эле уландысы. Бирок мунун чыныгы багыты мусулмандар өзүнүн жарандыгындагы мусулман эместерге карата адилет мамиле кылганын жашыруу. Анткени, Ислам мамлекетинде жашаган мусулман эместер: «Алар үчүн мусулмандарга берилген укуктар, жана аларга да мусулмандарга жүктөлгөн милдеттер» деген принцип боюнча жашашкан. Алар мурда ислам башкаруусунда жашап, адилетсиздикти көрүшкөн эмес, тескерисинче, көпчүлүгү ислам өкүмдарлыгын мактаган сөздөрдү калтырышкан.
  • Эгер Том Брак өз билдирүүсүндө QSD жана башка “азчылыктар” деп эсептеген топторду коркутуп, эгерде алар АКШнын багыты боюнча жүрбөсө, анда жаман акыбеттерге туш болушат десе бул, чынында эле, АКШнын мындай топторду өзүнүн гана кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатканын ашкерелейт. Бул алардын кызыкчылыгы үчүн эмес, АКШ өз кызыкчылыгы үчүн бул “азчылыктарды” курмандыкка чалып жатканын айкын көрсөтөт.

Ислам менен мусулмандардын бул топторго болгон мамилеси менен, АКШ жана Батыштын аларга болгон мамилесинин ортосунда асман менен жердей айырма бар. Бул айырманы тарых өзү күбөлөйт жана аны даана ачып берет.

Эй мусулмандар!

Үммөттүн биримдигин билдирген исламий долбоор пайгамбарлык жолундагы Халифалык Америка жана анын өкүлдөрү сүрөттөгөндөй коркунуч эмес, тескерисинче, бул – улуу жашоонун, урмат-сыйдын жана адилеттүүлүктүн долбоору. Том Брак муну аңдаганбы же аңдабаганбы, бирок ал өз билдирүүсүндө исламий саясий долбоор — пайгамбарлык жолундагы Халифалык АКШ долбооруна каршы жападан жалгыз реалдуу альтернатива экенин ашкерелеп койду. Вашингтондо жана яхудий түзүмүндө жаралган чыныгы коркунуч – үммөттү бириктирип, көз карандылыкты жок кылуучу Халифалыктын кайтып келиши.

Эй мусулмандар! Биз, Ливан аймагындагы Хизб ут-Тахрир партиясы, силерди келечегиңерди батыштын колу менен же кутумчул жыйындар аркылуу эмес, элчилердин жана атайын өкүлдөрдүн коркутууларынан жана билдирүүлөрүнөн көз каранды болбой, өз келечегиңерди өз колуңар менен курууга чакырабыз. Аллах силерди кандай кааласа, ошондой болгула, чыгыштык да, батыштык да эмес, бир бүтүн үммөт болгула. Башкаларга баш ийбеген, жол баштоочу болгула. Сайкс-Пико келишиминин системалары менен эмес, Ислам менен өкүм жүргүзгүлө. Ливанды өз колуңар менен баштапкы абалына кайтарып, Шам жеринин бир бөлүгү, тактап айтканда, бүтүндөй мусулмандардын жери кылгыла. Ошондо силер Аллах Таала сыпаттаган орточо үммөт болосуңар:

﴿وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِّتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا﴾

“Биз о.э силерди башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдөн күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо (адилеттүү) бир үммөт кылдык”. (Бакара сүрөсү, 143-аят).

Хизб ут-Тахрирди Ливан вилаятындагы маалымат бөлүмү

15.07.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here