Кыргызстандын өз криптовалютасын кандай максатта чыгарууда?

171
0

Кыргызстандын өз криптовалютасын кандай максатта чыгарууда?

Кыргызстандын Финансы министрлиги өлкө атамекендик биринчи криптовалютаны чыгарууну пландап жатканын билдирди. Буга чейин Кыргызстан алтын менен камсыздалган жана доллардын наркына байланган “USDKG” аттуу стейблкоин чыгараары кабарланган.

Белгилей кетсек, криптовалюта блокчейн технологияларынын негизинде иштелип чыккан жана онлайн жүгүртүлгөн санариптик акчанын жалпы аталышы. Анын бир нече түрү бар. Аны негизги эки топко бөлүп кароого болот. Биринчиси, эч бир банктык системага жана мамлекеттик валюталарга байланган эмес. Биткоин сыяктуу. Экинчиси, токен түрүндө болуп, ал тыйындардын блокчейнин пайдалануу менен иштелип чыккан жана ошол платформалардын ичинде жайгашкан валюталар. Токен да өзүнчө түрлөргө бөлүнөт. Анын ичинен алтын, мунай же дан сыяктуу товарга байланганы стейблкоин деп аталат. Кыргызстан криптовалютанын ушул түрүн чыгарууну пландап жатат. Стейблкоин алтын менен камсыздалат жана АКШ долларынын курсуна байланган. Финансы министрлигинин ырасташынча, Кыргызстан алгач бул тармакка 500 миллион доллар салат, кийин сумма 2 миллиард долларга чейин жеткирилиши мүмкүн.

Кыргызстанда алгачкы жолу 2022-жылы “Виртуалдык активдер тууралуу” мыйзам кабыл алынып, өлкөдө криптовалютаны алып-сатуу, криптобиржа иштетүү сыяктуу иштер мыйзамдаштырылган. Үч жылдын ичинде 13 криптобиржа, 162 криптовалюта алып-сатуучу жай катталган.

Ал эми, үстүбүздөгү жылдын май айында дүйнөдөгү эң ири криптобиржа “Binance” компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Чанпэн Чжао президент Садыр Жапаровдун коомдук кеңешчиси болуп дайындалды.

Мындан белгилүү болгондой, Кыргызстан алгачкылардан болуп критовалютаны, анын ичинде стейблкоинди өндүрүү менен бир нече каржылык максаттарды көздөп жатат.

Биринчиден, бул тармак Россияга санкциялык товарларды сатууда каражат которуу операциялары үчүн колдонулат. Анткени, криптовалюталар көбүнчө анонимдүү түрдө транзакцияларды колдонушат жана жашыруун аракет кылгандар үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Эл аралык “Financial Times” басылмасынын  изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандын аймагында уюшулган биржа үстүбүздөгү жылдын төрт айында рублге байланган санариптик валюта менен 9 млрд 300 млн долларлык токен айланткан. Россия Түндүк Корея жана Иран менен болгон соода байланышында да санкцияларды айланып өтүү үчүн криптовалюталарды колдонуп келгени белгилүү. Мунун үстүнө буга чейин Батыш өлкөлөрү “Керемет банк” сыяктуу өлкөдөгү айрым комерциялык уюмдарды күмөндүү операциялар үчүн кара тизмеге киргизген. Демек, өлкө бийлиги бул ирет Батыш санкцияларын айланып өтүүнүн жаңы жолун тандап алууда.

Экинчиден, ички саясатта бийлик төбөлдөрү жана алардын жакын туугандары коррупциялык жолдор менен тапкан каражатын өлкө сыртына алып чыгууга жана каражатты адалдоого жаңы мүмкүнчүлүк ачылат. Бул үчүн  “Тамчы” атайын аймагы да кызмат кылат. Аталган аймакта иш алып баруучулар 49 жылга бардык салыктардан толугу менен бошотулат. Алар криптовалюталар, камсыздандыруу, банк кызматтары, кумар оюндары жана «ислам» каржылоо тармактарында бизнес жүргүзө алышат.

Демек, мамлекеттик денгээлде криптовалюта системасын колдонуу бир ууч капиталисттердин жана бийлик төбөлдөрүнүн гана кызыкчылыгына кызмат кылат. Демек, маселе криптовалюта же башка каржы түзүмдөрүн колдонууда гана эмес. Балким, пайдага негизделген капиталисттик түзүм жана андан келип чыгып жаткан көйгөйлөрдүн улам узарып баруусунда. Анткени, капиталисттик түзүмдө өлчөө адал-арамга эмес, пайда-зыянга негизделет. Натыйжада, бийлик үчүн пайда алып келе турган бардык тармактар адал болуп эсептелет. Ал эми, Ислам адал-арам негизинде өлчөйт жана бир ууч капиталисттердин пайдасы үчүн жалпы калкты курмандыкка чалбайт. Тескерисинче, калктын саламаттыгы жана бакубат жашоосу үчүн байлыкты адилеттүү бөлүштүрүп, алтын жана күмүшкө негизделген каржы системасын сунуш кылат. Бул түзүм баалардын туруктуулугун кепилдеп, инфляциянын жолун бууйт. Эң негизгиси пайда аркасынан кууган капиталисттер үчүн эмес, Аллахтын ыраазылыгы жана калктын жыргалчылыгына кызмат кылат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here