Мусулмандар вакцинага эмне үчүн ишенишпейт?

162
0

Мусулмандар вакцинага эмне үчүн ишенишпейт?

19-июлда Дин комиссиясы, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү эмдөө маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Муфтияттын расмий сайтында айтылды. Маалыматка ылайык, анда кызамыкка каршы эмдөө тууралуу коомчулукка түшүндүрүү иштерин бирге жүргүзүү, жалган маалыматтардын жайылышын алдын алуу тууралуу сөз болду.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки алты айда кызамык (корь) жуккан 8572 бейтап катталган. Өткөн жылы кызамык жуккандар 14 миңден ашкан.

Комментарий:

Өлкөдө жыл сайын кызамык жана башка жугуштуу ооруларга каршы кампаниялар өткөрүлүп келет. Эмдөө кампаниясы учурунда жарандардын каза болуп калган же ооруканага оор абалда түшкөн учурлар арбын кездешет. Маселен, өткөн жылы Ала-Букада вакцина алган жоокерлердин жарымынан көбү ооруканага түшүп калган. Ал эми, Баткен шаарындагы №3-орто мектептин 5-классынын окуучуларын эмдөөдөдөн өткөргөндөн кийин 10 бала оор абалда ооруканага түшкөн. А бирок, мындай окуяларда расмий органдар жарандардагы вакцинага карата шек-күмөндөрдү жоюуга аракет кылуунун ордуна ар түрдүү чектөө жана тыюу салуулар аркылуу адамдарды вакцина алууга мажбурлап келет. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, эмдөөдөн баш тарткан мусулмандардын көпчүлүгү вакцинанын курамына, анын зыянсыз экенине ишенишпейт.

Түпкүлүгүндө, адамдардагы шек-күмөндөрдү жоготуу үчүн вакцинанын курамын иликтеп чыгып, анын курамында адамдын саламаттыгы же өмүрү үчүн кооптуу болгон кошулмалар жоктугун далилдөө жетиштүү. А бирок, бизде капиталисттик компаниялар чыгарган вакциналарды текшере турган лабораториялар жок. Лаборатория болгон күндө да аларды текшерүү укугу берилген эмес. Буга кошумча, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан колонизатор кафирлердин куралы болгондуктан, бул уюм чындап эле элдин ден соолугу үчүн кам көрүшү күмөндүү. Маселен, 2014-жылы Сириянын Идлиб шаарында БУУ башчылыгында калкты эмдөөдөн өткөрүүнүн натыйжасында 100 бала вакцинадан курман болгон. Муну БУУ расмий түрдө моюнга алган.

Демек, проблема – вакцина даярдап жаткан фармацевтикалык компаниялар капиталисттик идеология негизинде иш алып барып жаткандыгында! Башкача айтканда, дүйнөлүк фармацевтикалык компаниялар дүйнөдөгү адамдарга материалдык кызыкчылык назары менен карап, ал тургай, эл аралык уюмдардын таасирин өз кызыкчылыгына кызмат кылдырып жаткандыгында. Алар эл аралык уюмдар аркылуу мамлекеттерге басым өткөрүп, балдарды милдеттүү эмдөөдөн өткөрүүнү мыйзамдаштырууну талап кылышууда. Бул мыйзамдар адамзат жашоосун жакшыртуу негизинде эмес, тескерисинче, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо тармагын монополия кылып алуу негизинде кабыл алынып жатканы эч кимге сыр эмес. Мамлекетибиздин мисалында карасак, дээрлик бардык дарыгерлерди фармацевтикалык компаниялар сатып алган. Алар оорулууларга ошол компаниянын дары-дармектерин жазып берип жатканы үчүн ачык же жашыруун түрдө каржыланышат. Муну көрүп турган адамдардын эмдөөдөн баш тартуусу табигый көрүнүш!

Буга кошумча, бул фармацевтикалык компаниялар адамзаттын оорулуу болушуна кызыктар. Алар, ал тургай азырынча жайыла элек, күтүлүп жаткан жаңы оорулар үчүн да дары-дармектерди иштеп чыгышууда. Мына ушул дары-дармектердин кардарын көбөйтүү үчүн калктардан эмдөөдөн өтүүнү талап кылып жатышат. Фармацевтикалык компаниялар колонизатор мамлекеттердин колдоосу астында үлкөн кирешелерге ээ болуп жатканына пандемия учурунда баарыбыз күбө болдук.

Демек, бүгүнкү күндө вакцина алуу же албоо диний көз караштан мурда калктын ишенимине, вакцинага карата күмөндүү жагдайларга байланыштуу. Бул күмөндүү жагдайлар дары-дармектер пайда-зыянды өлчөө кылып алган капиталисттер тарабынан чыгарылып жаткан соң жоюлушу мүмкүн эмес. Ал эми, Ислам мамлекети өзүнүн жарандары үчүн сунуштай турган эмдөө куралдары мамлекеттин фабрикаларында, мамлекеттик мекемелерде жана мамлекеттик адистер тарабынан иштелип чыгат. Бул каражаттар калкка Ислам мамлекетинин Саламаттыкты сактоо башкармалыгы жардамында жана анын көзөмөлү астында берилет. Мындай иштерге Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан же башка мамлекеттерден жөнөтүлгөн катчылар жетекчилик кылышына таптакыр жол берилбейт. Расулуллах с.а.в. айтат: “Зыян жеткирүү да, зыян көрүү да жок. Ким өзгөлөргө зыян жеткирсе, ага Аллах зыян жеткирет. Ким өзгөлөрдү машакатка салса, аны Аллахтын өзү машакатка салат.” Хаким “ал-Мустадрак”та риваят кылган жана Муслим шартына ылайык иснады сахих хадис деген.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here