Саясатчынын жөндөмдөрү. Бүтүндүк сапаты
XIX кылымдын аягында Осмон дөөлөтү саясий, каржылык жана пикирий жактан оор абалга кептелип калган эле. Бир кезде ислам дүйнөсүнүн таянычы болгон мамлекет европалык державалардын тышкы кысымы жана реформалар менен автономияларды талап кылган ар түрдүү кыймылдардын ички кысымы астында калган. Бул татаал кырдаалда бийликке Султан Абдул-Хамид II келген. Ал тарыхта Осмон халифалыгын аз да болсо турукташтырып, анын исламий жүзүн сактап кала алган акыркы чыныгы халиф катары калган.
Анын башкаруусундагы эң маанилүү окуя Палестина жерлерин еврей сионисттик кыймылына сатуудан баш тартуусу болгон. 1896-жылы Европадан келген сионист журналист жана саясий ишмер жана саясий сионизмдин негиздөөчүсү Теодор Герцль Палестина жерлеринде еврей мамлекетин түзүү боюнча жүрүш баштаган. Герцль Стамбулга келип, султандын астына сунуш менен кирген. Ал Султанга Осмон дөөлөтүнүн мамлекеттик карызынын бир бөлүгүн жабууга жете турган миллиондогон алтын фунт сунуштаган. Анын ордуна Палестина жергесине жөөттөрдүн массалык иммиграциясын ырастап, жөөт мамлекетинин түзүлүшүнө көмөктөшүүнү талап кылган.
Бул сунуш алсыраган мамлекет үчүн чынында эле экономикалык пайда алып келмее. Абдул-Хамиддин көптөгөн кеңешчилери да бул сунушту кабыл алууга чакырышкан. Бирок, мындан султан кескин түрдө баш тарткан. Анын позициясы ачык-айкын болгон. Ал Палестина жөн гана жер тилкеси эмес, ыйык ислам аймагынын бир бөлүгү экенин түшүнгөн жана аны соодалашууга моралдык укугу жок экенин билген. Тарыхый булактарга ылайык, Герцль же анын ортомчулары менен болгон сүйлөшүүдө Абдул-Хамид мындай деп айткан: «Мен бул жердин бир карыш жерин да сата албайм, анткени ал мага эмес, бүтүндөй ислам Үммөтүнө таандык. Мусулман үммөтү бул жер үчүн канын төккөн, бул жерлер алардын сөөгү үстүнө курулган. Жөөттөр миллиондорун топтой беришсин. Биздин дөөлөт кулаганда, балким, Палестина силерге бекер эле тиер. Бирок, мен тирүү турган чакта, буга эч жол бербейм». Бул жөн гана баш тартуу эмес эле. Мына бул пикирий жана саясий бүтүндүктүн өрнөгү.
Араб тилинде бүтүндүк — «الاستقامة» (аль-истикама) же «النزاهة» (ан-назаха) — ачыктык, тазалык, чынчылдык, сатылбастык жана ички туруктуулук дегенди билдирет. Бул жөн гана тышкы жүрүм-турум эмес, ар кандай кырдаалда акыйкаттан тайбас жан дүйнөнүн абалы. Абдул-Хамид II принциптерге берилгендикти тандап, кыска мөөнөттүү пайда үчүн келечекке балта чабуудан баш тартты. Чет элдик банктарга көз карандылык жана саясий кысымдардын оор шарттарында калса да, ал ага багынган жок жана бул аракети анын ислам жана дүйнөлүк тарыхта жаркын из калтырышына себеп болду. Халифтин бул кылганы анын душмандары тарабынан да урмат сыйга татыды.
Абдул-Хамид II өз акыйдасына таянды жана Алланын Элчиси — Мухаммад (С.А.В.)дын тарыйкатынан алган туура ыкмага ылайык иш кылды. Ал үчүн саясат кандайдыр бир ыңгайлуу чечимдердин жыйындысы эмес, чынчылдыкты, туруктуулукту жана принципиалдуулукту талап кылган ишенимдин уландысы болгон. Пайгамбар Мухаммад (С.А.В.) чындык пайдадан маанилүү экенин жана тышкы кысым же убактылуу алсыздык шарттарында да мусулман адам ички ишенимдеринен баш тартпашы керектигин бир нече жолу көрсөткөн.
Меккеде, пайгамбарлык миссиясынын башталышында, кысымдарга, коркутууларга жана экономикалык блокадага карабастан, Пайгамбар (С.А.В.) өз вазыйпасын таштап жибербестен, Меккенин таасирлүү адамдарына туруштук берген. Ага бийлик, байлык жана аялдар сунушталганда да, эгер анын бир колуна күндү, экинчи колуна айды алып келишсе да, Аллахтын Улуулугуна чыкыра берерин, же ал максатына жетерин, же аны бир гана ажал токтото турганын айткан.
Дагы бир мисал, саясий чыңалуунун эң эле курч абалындагы Худайбия келишими. Көптөгөн мусулмандар, анын ичинде сахабалар да алгач Пайгамбардын (С.А.В.) бул чечимине макул болушкан эмес. Бирок ал акыйкатты бекем кармап, стратегиялык сабырдуулукту көрсөткөн жана кийинчерээк анын жемишине баары күбө болушкан. Убакыттан утуп алышкан соң, мусулмандар Исламды андан ары жайууга мүмкүнчүлүк алышкан, анткени алардын максаты бийлик үчүн күрөш эмес, акыйкат жол болгон.
Меккени багындыргандан кийин, мусулмандар толук бийликке ээ болуп, душмандарга ырайым тартууланган. Пайгамбарыбыз (С.А.В.) өч алууга мүмкүнчүлүгү бар болсо да, муну жасаган эмес. Бул саясий жана моралдык бүтүндүктүн эң жогорку формасы болгон. Башкаруучунун куралы ачуулук эмес, адилеттүүлүк жана кечиримдүүлүк болуш керек.
Булардын бардыгы Абдул-Хамид үчүн жол көрсөткүч болгон. Ал чыныгы таасир күч көрсөтүүдөн эмес, принциптерден келип чыгаарын түшүнгөн. Жана ал пайда менен үммөттүн кызыкчылыгы ортосунда калганда Пайгамбардын жолун тандаган. Мындай адам ээлеген тактысына, таасирине, жана эртеңки абалына карабастан саясатчы сыпатын сактап кала берет.
Дагы бир көрүнүктүү мисал – Салахиддин Аль-Аюбийдин өмүр таржымалы. Ал Иерусалимди фатх кылганда, христиан рыцарларлы батына албаган ырайымдуулукту көрсөткөн. Ал кресттүүлөрдүн жырткычтыгы үчүн өч алган жок. Ал шаардан тынч чыгып кетүүгө уруксат берип, коопсуздук кепилдигин берген жана бул ишти ал пайда табуу үчүн эмес, принциптерге бекем болуу үчүн кылган. Ал Пайгамбардын тарыйкатына ыктап, Аллахтын алдында туура деп эсептеген жол менен иш кылган. Ушул нерсе аны жөн гана жеңүүчү эмес, душмандарынын да урматына татыган улуу башкаруучуга айланткан. Ислам саясатынын тарыхында бүтүндүктүн сыпаттары жүз берген мындай мисалдар көп, аларды ишенимде да, иш-аракеттерде да эң маанилүү көндүмдөрдүн бири катары кабыл алуу зарыл иштерден.
Демек, бүтүндүк жөн гана бир адамга таандык сыпат эмес, саясий тарыйкат болуп эсептелет. Дал ушул нерсе лидерди чиновниктен, сакчыны башкаруучудан, пайгамбарлык вазыйпанны улантуучу мураскорду жалданма кызматчыдан ажыратып турат.
Туркистон