Туткунду азат кылуу

21
0

Бисмиллахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Туткунду азат кылуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عَنْ ‏ ‏أَبِي مُوسَى ‏ ‏رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ ‏ ‏قَالَ: ‏‏قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ‏ ‏صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: ‏ ‏”فُكُّوا الْعَانِيَ ‏ ‏يَعْنِي الْأَسِيرَ وَأَطْعِمُوا الْجَائِعَ وَعُودُوا الْمَرِيضَ

Абу Муса (радыяллаху анхудан) риваят, ал айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Туткунду азат кылгыла, ачкаларды тойгузгула, оорулууларды зыярат кылгыла”.

Сахих Бухаринин түшүндүрмөсү Фатхул Баридеги “Туткунду бошоткула” бабында айтылат. Ибн Баттал айтты: Туткунду бошотуу парзы кифая жана көпчүлүк ошону айтышты. Исхак ибн Рахавайх айтты: “Ал байтул малдан. Ошондой эле Маликтен риваят кылынган жана Ахмад айтты: Ал баштар менен кун төлөнөт, бирок акчага келсек, мен аны билбейм. Мусулмандардын алдында мушрик туткундар болсо, мушриктердин алдына мусулман туткундар болсо жана алар аларды кун төлөп алмашууга макул болушса, бул фарз болот. Мушриктердин туткундарын акчага бошотуу жайиз эмес.

Урматтуу бир туугандар:

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) туткундарды азат кылууга, ачкаларды тойгузууга, оорулууларды зыярат кылууга үндөгөн бул хадистин негизги фикхин баарыбыз билебиз. Бирок, мага Ислам үммөтүнүн вакыйынан келип чыккан, бир ой келди, Ислам үммөтү бүгүн туткунда, ачка жана оорулуу. Ал каапыр режимдердин аскерий, саясий, экономикалык, пикирий жана медиа көзөмөлүнүн туткуну. Жана ачка, анткени Аллахтын ага берген нээматтары андан тартып алынып, колонизатор каапыр үчүн ырахатка айланган. Жана Оорулуу, анын денесинде чириген капитализмдин оорусу жайылып кеткен.

Биз Ислам үммөтүн туткундан, ачкачылыктан жана оорудан куткаруу үчүн аракет кылышыбыз керек эмеспи? Келгиле, бул жерде токтоп калбай, өзүбүздү боштондукка чыгаргандан кийин дүйнөнү азат кылуу үчүн иштейли.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 23-мухаррам.

2025-ж, 18-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here