Силердин кайсы бириңер өлсө Аллах жөнүндө жакшы ойдо гана болсун

17
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Силердин кайсы бириңер өлсө Аллах жөнүндө жакшы ойдо гана болсун

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

“Сахих аль-Имам Муслимдин” шархы Ал- Нававиде “ Силердин кайсы бириңер өлсө Аллах жөнүндө жакшы ойдо гана болсун бөлүмүндө айтылат.

حدثنا يحيى بن يحيى أخبرنا يحيى بن زكريا عن الأعمش عن أبي سفيان عن جابر قال: سمعت النبي صلى الله عليه وسلم قبل وفاته بثلاث يقول: “لا يموتن أحدُكم إلا وهو يحسن بالله الظن“.

Яхья бин Яхья бизге Жабирден риваят кылды, ал айтты: Мен Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) өлөөрүнөн үч күн мурун мындай дегенин уктум: “Силердин кайсы бириңер өлсө Аллах жөнүндө жакшы ойдо гана болсун”.

Башка бир риваятта: “Албетте, Алла Таала жөнүндө жакшы ойдо болсо гана” деп келет. Аалымдар айтышты: Бул үмүтсүздүккө каршы эскертүү жана өмүрүнүн акырында үмүткө үндөө. Аллах Таала жөнүндө жакшы ойдо болуу, Ал сага ырайым кылып, кечирет деп үмүт кылууну билдиреи. Алар: Ден соолугу чың болгондо адамдар коркот да, үмүттөнөт да дешти. Коркунуч көбүрөөк, бирок өлүмдүн белгилери жакындап калса, үмүт үстөм деп айтылды. Анткени коркуудан максат, күнөөлөрдөн жана жаман иштерден тыйылуу, моюн сунуу жана амалдарды көбөйтүүгө ынтызар болуу. Бул коркунучтун көбү өлүм келген учурда мүмкүн эмес, ошондуктан Аллах Таалага муктаждык жана Ага моюн сунууну камтыган жакшы ойлор сунушталат.

Урматтуу бир туугандар!

Жакшы ойлор ибадат болгондуктан, жашообуздун ар бир тармагында Аллах Таала жөнүндө жакшы ойлордо болушубуз керек.

Ибн Масьуд айтты: “Өзүнөн башка теңдеши жок Затка ант болсун, момун пендеге Алла Таала жөнүндө жакшы ойдо болуудан жакшыраак нерсе берилген эмес. Жана Андан башка кудай жок. Кайсы бир пенде Аллах Таала жөнүндө жакшы ойдо болсо, Аллах Таала ага ойлогон нерсесин берет. Себеби жакшылык Анын колунда.

Өлүм келген учурда – хадисте айтылгандай – Аллах Таала жөнүндө жакшы ойдо болушубуз керек жана кайгырып турганда, кыйынчылык кезинде, жашоо кыйын болуп, карыз көп болгондо да Аллахка жакшы ойдо болушубуз керек. Дуба кылып жатканда да Расул (Саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: صلى الله عليه وسلم أنه قال: “ادعوا الله وأنتم موقنون بالإجابة،Аллахка дуба кыл жана жооп берээрине шектенбе”. Демек, эгер Аллах Таалага дуба кылсаңыз, анда Аллах Таала дубаңызга жооп берет деп жакшы ойдо болуңуз.

“Аллах эмне кыларын көргөнчө жакшы үмүт менен Аллахка жалынам.

Тообо кылганыбызда, Аллах Таала жөнүндө жакшы ой жүгүртүүгө канчалык муктажбыз?

فعن أبي هريرة رضي الله عنه، عن النبي -صلى الله عليه وسلم -فيما يحكي عن ربِّه عز وجل- قال: «أذنب عبد ذنبا، فقال: اللهم اغفر لي ذنبي. فقال تبارك وتعالى: أذنب عبدي ذنبا فعلم أن له رباً يغفر الذنب ويأخذ بالذنب. ثم عاد فأذنب، فقال: أي رب اغفر لي ذنبي. فقال تبارك وتعالى: عبدي أذنَبَ ذنبا فعلم أن له ربا يغفر الذنب ويأخذ بالذنب. ثم عاد فأذنب، فقال: أي رب اغفر لي ذنبي. فقال تبارك وتعالى: عبدي أذنب ذنباً فعلم أنَّ له ربَّاً يغفر الذنب ويأخذ بالذنب. اعمل ما شئت فقد غفرت لك» رواه مسلم

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Улуу Раббисинен риваят кылат: Ал айтты: “Бир пенде күнөө кылып: “Оо, Кудай, менин күнөөмдү кечир!” – деди. Алла Таала айтты: “Менин пендем күнөө кылды жана анын күнөөлөрдү кечирүүчү жана күнөөлөрү үчүн жазалоочу Раббиси бар экенин билди. Анан дагы күнөө кылып: “Оо, Жараткан, менин күнөөмдү кечир” деди. Аллах Таала айтты: Менин пендем күнөө кылды жана анын күнөөлөрдү кечирүүчү жана күнөөлөрү үчүн жазалоочу Раббиси бар экенин билди. Анан дагы күнөө кылып: Оо, Жараткан, менин күнөөмдү кечир. Аллах Таала айтты: Менин пендем күнөө кылды жана анын күнөөлөрдү кечирүүчү жана күнөөлөрдү жазалоочу Раббиси бар экенин билди. Каалаганыңды кыл, анткени мен сени кечирдим”, -деди. Муслим риваяты.

Урматтуу бир туугандар!

Аллах Таала жөнүндө жакшы ойдо болуунун карама-каршысы жаман ойдо болуу, бул өтө коркунучтуу. Бул жерде кимдин ою жаман болсо, ал күнөөгө батып, бул жаман ою менен Аллахка нааразы болуп, ички үнү: “Раббим мага зулумдук кылды, мага татыктуу болгон нерсени бербеди” дегени сыяктуу.

Бул жерде: Ким Аллах ага эч качан жардам бербейт деп ойлосо… кимде-ким ушул кыйын мезгилде Аллах үммөттүн абалын өзгөртпөйт деп ойлосо, анда ал адашып, шарият тыюу салган нерселерге кирип кеткен болот. Аллах Таала пайгамбарлары өтө алсыз абалда турганда аларга жеңиш тартуулады. Бул ааламдын мыйзамдарынын жана эрежелеринин бири. Бул үммөтткө жеңиш, жакшылык алтын табактан эмес, кыйынчылыктан, азаптан, чарчоодон кийин келет. Биз Аллахка ишенебиз, Ага тобокел кылабыз жана Ал жөнүндө жакшы ойдобуз, Ал аруу. Бул иштин жакын арада болоорун түшүнүп, мусулмандардын халифасын асмандан периштенин канатында келишин күтпөй турганыбызды түшүнөбүз. Ал амал кылуунун артында келээрин жакшы түшүнөбүз.

“إن الله لا يغير ما بقوم حتى يغيّروا ما بأنفسهم”

“Кайсы бир коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Аллах алардын абалын өзгөртпөйт”.

Бул Аллах Таалага болгон жакшы ойдогу ишенимибиз, Ал биз үчүн бул амалдардын натыйжасын берет. Күн сайын, саат сайын, мүнөт сайын Исламга чабуул күчөп турганда, бүгүнкү турмуш чындыгы ушул жакындыкты айтып жатат, кантип анан айтпасын? Мусулмандар дагы бир жолу халифалыкты калыбына келтирүүгө аракет кылгандардын катарына тизилип турганда кантип андай болбошу мүмкүн? Үммөт Курандын аткарылышын талап кылып, Шамда жана башка жерлерде тавхид тууларын көтөрүп турганда, кантип андай болбосун? Бул эмирликтер жана башка көптөгөн мамлекеттер, Аллах кааласа, жакында Ислам мамлекетин тикелеши үчүн үммөттү чыныгы өзгөрүүлөрдүн чыныгы жолуна түртүп жатышат.

Оо Аллахым, биз Сага ишенебиз, Сага тобокел кылабыз жана Сен жөнүндө жакшы ойдобуз. Оо Аллахым, бизге убада кылганыңды аткар. Оо Аллахым, мусулмандарды бириктире турган жана алардын башына түшкөн азапты көтөрө турган халифалыкты тикелөө үчүн бизге жеңишиңди тездет. Оо Аллахым, жерди асыл жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. АЛЛАХЫМ АМИН АМИИН.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1447-х, 21-мухаррам.

2025-ж, 16-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here