Мигранттар Россиянын репрессивдүү технологияларын сыноо майданына айланды

26
0

Мигранттар Россиянын репрессивдүү технологияларын сыноо майданына айланды

Акыркы мезгилде орус аткаминерлери менен мыйзам чыгаруучуларынын билдирүүлөрү Кремлдин системалуу стратегиясын ачыктоодо. Ага ылайык, мигрант жөн гана мейман же эмгекчи эмес, ал толук көзөмөлдөөгө, мажбурлап медициналык процедураларга жана экономикалык чектөөлөргө алынуучу объект болуп калды. Эми бул адаттагы миграциялык саясат эмес, толук кандуу социалдык-технологиялык экспериментке айланды. Андан тышкары, адатта мындай авторитардык системаларда чет элдиктерден башталган ыкмалар акыры өз жарандарына да жетип барат.

Москванын мэри Сергей Собянин муну жашырбастан, сыймыктануу менен мигранттардын үстүнөн «толугу менен көзөмөл жүргүзүү» жаңы маалыматтык системалар аркылуу ишке ашып жатканын жарыялады.

Сүрөткө тартуу, манжа издерин алуу, геном тапшыруу, геолокация системасы орнотулган жана адамдын жүзүн тастыктап туруу талап кылынган тиркемени телефондоруна орнотуу – мунун баары кадимки каттоо түзүмүнөн башка нерсе. Муну санариптик кишен салуу десек тагыраак болот. Ал эми полициянын колуна жашыл, сары жана кызыл түстөр менен белгиленген электрондук карталар берилет, анын ичинен кызыл түстөгүлөрү «ыкчам издөөгө алуу» дегенди билдирет.
Мындай система адамдын негизги укуктарын гана бузбастан, тегине жана жарандыгына жараша шаар шартында катмарлуу бөлүнүүнү пайда кылат.

Дагы кайсы шериктеш аталган өлкөдө жаранды мал сымал эн тамга менен белгилеп, муну кадимки көрүнүш катары кабыл алат? Өлкөдө менингококк инфекциясынын жайылышын түшүндүрүүгө аракет кылган Мамдума депутаттары жана Саламаттык сактоо министрлигинин аткаминерлери буга эң жөнөкөй түшүндүрмө табышты. Бул инфекцияга мигранттар күнөөлүү имиш.

Мисалы, Леонид Слуцкий өлкөгө кирген бардык адамдарды менингококко каршы «чек арадан эле, алардын өз эсебинен» эмдөө сунушун айтты. Мындай чаралар калктын саламаттыгын сактоого каратылган саясат эмес. Айрыкча, санитардык көзөмөлдөн өткөн адамдарга да эмдөө талап кылынганын эске алганда, бул жөн эле айыптууларды шылтоо кылуу аракетине окшоп атат.

Биометрикалык жана санарип көзөмөлдөн сырткары, каржы жагынан баш ийдирүүгө алып бара турган механизмдер да иштелип чыгууда. «Новые люди» фракциясынын депутаттары, расмий киреше менен ырасталбаган акча которууларды чет өлкөгө жөнөтүүнү чектөөнү сунушташты.

Бул дегени – эгер эмгек мигранты каражаттын келип чыгышын далилдей албаса – ЕАЭБ жана КМШнын өнөктөш өлкөлөрүндөгү үй-бүлөлөрүнө акча жөнөтө албайт.

Ал эми Сардана Авксентьева жарандык алуу үчүн кеминде 10 миллион рубль салык төлөө талабын сунуштап жатат, бул көпчүлүк үчүн кол жеткис талап. Бул саясий, санариптик жана мыйзам чыгаруучулук жараяны, Россия стратегиялык кызматташтык жана «интеграция» боюнча келишимдерге кол койгон өлкөлөрдүн – Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандарына каршы багытталган. Расмий түрдө ЕАЭБге мүчө болуп, бирдиктүү эмгек рыногун түзүү жана жарандар ээн эркин жүрүп туруу тууралуу декларациялар кабыл алынган өлкөлөргө каршы чаралар. Бирок иш жүзүндө бул өлкөлөрдүн жарандары расалык дискриминацияга жана ооруларды жайылтты деп айыптоого чейин жеткен кемсинтүүгө туш болууда. Союздаш өлкөлөр чийки зат булагына жана жумушчу күчтүн резервине айланып, алардын жарандарынын укугу жана ар-намысы тебеленүүдө.

Мындай жүрүм-турум эл аралык келишимдердин салтына да, мазмунуна да каршы келет жана бул нерсе Кремлдин саясий туруксуздугунан кабар берет.

Санариптик көзөмөл жана генетикалык текшерүүдөн тартып каржылык кысымга чейин камтыган бул чаралар оболу өзүн укуктук жактан коргой албаган эмгек мигранттарына багытталууда. Бирок Россиянын мамлекеттик саясатынын практикасында, алгач алсыз топторго колдонулган технологиялар менен чектөөлөр бара-бара бүтүндөй калкка жайылтылат. Түстүү электрондук карталар, геолокациясы бар мажбурлуу тиркемелер, каржылык операцияларга байкоо жүргүзүү – булар бара бара кеңири жайылтууга ылайык социалдык алгоритмдердин сыноосу болуп саналат.

Россия Федерациясында эмгек мигранттарына карата жүргүзүлүп жаткан саясат барган сайын ички башкаруунун чегинен чыгып, чет өлкөлөрдүн, айрыкча ЕАЭБ менен КМШга кирген өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына зыян тийгизүүдө, анткени алардын жарандары системалуу дискриминациянын объектисине айланууда.
Мажбурий түрдө генетикалык маалымат алуу, акча которууларга тыюу салуу, жарандык алуудагы каржылык тоскоолдуктар жана мигранттарды эпидемиологиялык коркунуч катары сүрөттөгөн риторика – мунун баары эми адаттагыдай Россиянын ички иши катары гана каралбашы керек. Мындай шартта, өкмөттөр жана тышкы саясат ведомстволору аркылуу, анын ичинде ЕАЭБ, ЖККУ жана КМШнын алкагында, Кыргызстан жана башка өнөктөш аталган өлкөлөр буга каршы татыктуу жана милдеттүү түрдө жооп кайтарып, акысын талап кылыш керек.

Кызматташтык тууралуу бир катар келишимдер, анын ичинде ишке алуу жараянын жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуулар кайра каралышы керек жана Россиядан эл аралык келишимдерде бекитилген теңдик жана өз ара урматтоо принциптерин сактоо талап кылынууга тийиш.
Анын үстүнө — Россияда этностук жана миграциялык негиздеги санариптик сегрегация тутумунун түзүлүшү союздаштык мамилелердин баалуулугуна шек жаратып, Борбор Азия элдеринин коопсуздугуна коркунуч туудурат. Эгерде элдердин бир туугандыгы тууралуу декларациялар иш жүзүндө тастыкталбаса, союз жасалма уюмга айланып, теңсиздик адатка айланат. Булардын баары, жок дегенде азыркы интеграция форматын кайрадан карап чыгуу зарылдыгын жаратат. Анткени, ал барган сайын тең укуктуу биримдик эмес, колониалдык иерархиянын сүрөтүн чагылдырууда.

Хужжат Жамиа

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here