«Тамчы» — мамлекеттин сыртындагы капитализм

34
0

«Тамчы» — мамлекеттин сыртындагы капитализм

Кыргызстан Президенти Ысык-Көл облусунда “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймакты түзүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Расмий түрдө бул экономиканы модернизациялоо, инвесторлорду тартуу жана Кыргызстанды аймактык финансы борборуна айландыруу кадамдары катары көрсөтүлүүдө. Бирок мыйзамдын мазмунун жана бул аймактык башкаруу түзүмүн талдап көрсөк, сөз экономикалык өнүгүү жөнүндө эмес, Кыргыз Республикасынын укуктук, финансылык жана саясий талаасынан тышкары иш алып баруучу автономдуу аймакты түзүү жөнүндө болуп жатканына күбө болобуз.

Маалыматка ылайык «Тамчы» аймагы 49 жылга бардык салыктардан толугу менен бошотулат. Бул аймактын резиденттери финтех, криптовалюталар, камсыздандыруу, банк кызматтары, кумар оюндары жана «ислам» каржылоо тармактарында бизнес жүргүзө алышат. Бул иш-аракеттердин баары потенциалдуу жогорку кирешелүү, бирок ачык-айкындуулук жана жөнгө салуу жагынан жогорку тобокелдиктерди камтыйт. Баарынан маанилүүсү бул аракеттерге шарият боюнча тыюу салынган. Бирок өлкөнүн калган аймагынан айырмаланып, «Тамчыда» банк жана салык мыйзамдары колдонулбайт. Аймакта Улуттук банкка көз карандысыз өзүнүн финансылык жөнгө салуу механизми иштейт. Маселен, криптовалюталарды эсептешүүлөрдө эркин колдонууга уруксат берилет.

Негизги маселе, аймак мамлекеттик түзүмдөр тарабынан эмес, улуттук органдардын ыйгарым укуктарынан да көбүрөөк укуктарга ээ болгон жеке компания тарабынан жүзөгө башкарылат. «Тамчынын» бүтүндөй соттук жана административдик системасы Британ укуктук мыйзамдары негизинде курулуп, Кыргызстандын сотторунун юрисдикциясынан тышкары иштейт. Аймакта иштеген арбитраждын чечимдери мамлекеттик соттордо даттанууга жатпайт. Мындан тышкары, башкаруу органдары, жөнгө салуучулар жана аймактын соттору эч бир мамлекеттик инстанцияга отчет бербейт. Бул Кыргызстандын аймагында өзүнүн мыйзамдары, соттору, бюджети жана бийлик органдары менен көз карандысыз квази-мамлекеттик түзүмдүн түзүлүшүн билдирет.

Аймактын эң жогорку ыйгарым укуктарга ээ болгон кеңеши инвесторлордун жана өкмөттүн өкүлдөрүнөн турат. Бирок дайындоо механизми, кайра шайлоо мүмкүнчүлүктөрү жана ыйгарым укуктардын формулировкасы бул органды коомдук же парламенттик көзөмөлгө баш ийүүдөн бошотот. Кеңеш тарабынан дайындалган башкаруучу компания лицензияларды берүүдөн тартып коопсуздук жана аймакты илгерилетүүгө, эл аралык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүгө чейинки бардык жараяндарды көзөмөлдөйт. Ал ошондой эле аймактын чек араларын кеңейтүү боюнча демилгелер менен түздөн-түз президентке кайрылуу укугуна ээ. Ошентип, өз эрежелери боюнча иш алып барган жана коомдук көзөмөл системасынан ажыраган жабык аймак түзүлөт.

Экономикалык жактан мындай аймак өлкөгө сезилерлик пайда алып келбейт. Жарым кылымга салыктардан бошотуу дегени инвестициялык өсүштү билдирбейт, айрыкча бул инвестициялар улуттук экономикага жуурулбастан өз мыйзамдары менен параллелдүү системада иштейт. Мындан тышкары, толук ачык-айкындыктын жана отчеттуулуктун жоктугу аймакта акча адалдоо, санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү, күңүрт капиталдарды сактоо же жок эле дегенде күмөндүү келип чыккан активдерди легалдаштыруу каналы катары колдонуу тобокелдигин жогорулатат. Бул Кыргызстандын финансы системасына жана анын эл аралык беделине түздөн-түз коркунуч жаратат.

Укуктук жана мамлекеттик башкаруу көз карашынан алганда, «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагын түзүү — өлкөнүн укуктук бирдигин демонтаждоо кадамы катары баалоого мүмкүн. Мамлекет өз ыктыяры менен эркиндигин жеке түзүмгө өткөрүп берип, аны өзгөчө ыйгарым укуктар менен камсыздап, жалпы улуттук мыйзамдардан бошотууда. Бул коркунучтуу прецедент: Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу Конституция жана өлкөнүн укуктук системасы күчүн жоготкон аймак түзүлүүдө. Отчеттуулуктун так механизми жок туруп борбордук бийликтен аймакты ажыратуу мамлекеттин институционалдык алсыздыгына жана жалпы мамлекеттик системанын легитимдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет.

Саясий жактан алганда бул демилге бизнес-кызыкчылыктардын түздөн-түз бийликке жетип баруусуна жол ачкан, шайлануу, жоопкерчилик жана отчеттуулук механизмдерин айланып өткөн жабык башкаруу аймагын түзүүнү билдирет. Бул коомдук кызыкчылыктан жогору турган чектелген адамдар тобунун кызыкчылыктарына артыкчылык берген корпоративдик башкаруу моделин калыптандырат. Жарандар жана коом Кыргыз Республикасынын аймагына формалдуу түрдө кирген бул аймакты башкарууга же көзөмөлдөөгө эч кандай катыша албайт. Коомдон жана көзөмөл институттарынан мындайча обочолонуу Конституциялык мамлекеттик түзүлүш принциптерине туура келбеген авторитардык-корпоративдик механизмди түзөт.

Жыйынтык ачык айкын болууда. «Тамчы» инвестициялык аймагын түзүү демилгеси экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө же чыныгы инвестицияларды тартууга тиешеси жок долбоор. Анын максаттары — коомдук көзөмөлдү жокко чыгаруу, айрым түзүмдөрдүн укуктук жана финансылык кол тийбестигин камсыздоо, жоопкерчилик жана укуктук жөнгө салуудан тышкары аймакты түзүү. Модернизация тууралуу риториканын артында капиталды жана бийликти мыйзамдардан, салыктардан жана жоопкерчиликтен бошотулган аз сандагы адамдардын колуна топтоо ниети жашырылган. Бул инвестициялык долбоор эмес эле мамлекет өзүнүн негизги функцияларынан айланып өткөн анклавды түзүү.

Мындай кадамдар олуттуу тобокелдиктерге, анын ичинде эл аралык санкциялардан жана абройду жоготуудан тартып, институттардын алсырашына жана укуктук деградацияга чейин алып келиши мүмкүн. Эгерде инвестициялык аймак деген атка жамынып «мамлекет ичиндеги мамлекет» түзүү практикасы нормага айланса, бул суверенитеттин акырындык менен урашына, укуктук мейкиндиктин бөлүнүшүнө жана Кыргызстанда узак убакыт бою курулган институттардын мындан ары четте калуусун билдирет.

«Тамчы» сыяктуу долбоорлор элди өз өлкөсүнүн келечегине катышуу иллюзиясынан да ажыратат. Расмий бийлик тарабынан тандалгандар үчүн атайын мыйзамдардан жана коомдук көзөмөлдөн сырт, коомчулуктан жабык аймактарды түзүүсү – “калыстыкка да, жалпы өнүгүүгө да шарт жаралбайт”, – деген жумурай журтка коңгуроо болушу керек. Жарандар күн сайын салык түйшүгүнөн жапа чегип турган чакта, бул ресурстар жана мүмкүнчүлүктөр аз сандагы адамдардын колунда топтолуп, калың журт бул оюндун байкоочуларына айланып калышы жапайы капитализмдин эң ашынган түрүнөн болот.

Институттарды бекемдөөгө каратылган реформалардын ордуна, мамлекет бизнес жана таасир ээлерине менчик соттору, казынасы, мыйзамдары бар параллелдүү мейкиндикти курууга умтулууда. Бул акыры барып ишенимди жок кылат жана келечекке болгон шыктанууну өчүрөт. Көпчүлүк жарандар үчүн бактылуу жашоо кол жеткис кыялга айланат. Мындай шартта теңдик, өнүгүп-өсүү же элдин кадыр баркы тууралуу сөз айтууга ооз да барбайт. Бул өнүгүү жолу эмес, капитализм терисин жамынган деградацияга аттанган таштак жол.

Латыфул Расых

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here