АКШнын миграциялык саясаты жана демократиялык баскынчылыктын кыйрашы

29
0

АКШнын миграциялык саясаты жана демократиялык баскынчылыктын кыйрашы

2025-жылдын июль айында АКШ Кыргызстандын жарандарына виза чектөөлөрүн киргизип, иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскартып, берүү тартибин катаалдаштырышты. Бул кадамдар дипломатиялык чыңалуудан тышкары, АКШнын Борбор Азияга болгон түз саясатына жана анын узак стратегиялык көз карашына шек жаратты. Ансыз деле демократиялык институттары туруксуз болгон бул регион үчүн мындай чечим узак мөөнөттүү опурталдуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мурда Америка Кошмо Штаттары демократиялык өзгөрүүлөргө умтулган жарандык активисттердин, Батышка ыктаган студенттер менен журналисттердин таянычына айланган. Алар билим берүү жана гуманитардык программалар аркылуу демократиялык коомдун принциптерине сугарылган жаңы жарандар муунун тарбиялашкан. Бул программалар жөн гана маданий алакалар көпүрөсү болбостон, АКШнын регионго таасир этүүчү негизги механизми болгон. Визалык кызматташтыктан баш тартуу менен Америка «ачык дүйнөнүн» символу катары өз аброюн жоготууда. Өнөктөш өлкөлөр менен макулдашпастан бир тараптуу кабыл алынган мындай чечимдер анын союздаштарына болгон сый-урматтын жоктугун жана АКШга демократиялык баалуулуктардын кепилдиги катары ишенимдин төмөндөшүн көрсөтөт. Кыргызстан өз саясий тарыхында тайылууларга карабастан, коомдук талкуу жана бийлик алмашуусу мүмкүн болгон сейрек өлкөлөрдүн бири болуп келген. Буга окшогон өлкөлөрдү да четке кагуу — постсоветтик мейкиндиктин чыгыш чек арасында реформа жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн четке кагуу дегенди билдирет. АКШ тарап чектөөлөр тууралуу чечим расмий түрдө визалык режимдин бузулушу, документтерди аныктоодогу техникалык кемчиликтер жана репатриация системаларынын алсыздыгынын улам болду деди. Бирок бул маселелерди чогуу чечүүнүн ордуна, АКШ жабык түрдөгү карым катнашты тандап алды. Бул жарыяланган максаттарга каршы келип, гуманитардык саясатты алсыратат жана жыйынтыгында мыйзамсыз миграциянын коркунучун күчөтөт. Мыйзамдуу жолдор канчалык аз болсо, көмүскө жолдор ошончолук көбөйөт эмеспи. Бул жөн гана лидерликтен баш тартуу эмес, өз пассивдүүлүгүнүн кесепеттери үчүн жоопкерчиликтен качуу болуп саналат. АКШнын мындай кадамдары анын региондогу моралдык лидерлигинин төмөндөшүнөн кабар берет. Алар мурункудай (алардын түшүнүгүндө) адилеттүүлүк жана туруктуулук пикирин жайылткан өлкө катары сыпатталбай калды. Мындай абал сөзүс түрдө боштукту пайда кылат жана ал сөзсүз түрдө альтернатива менен толукталат. Ал боштука сөзсүз башка пикирий мабда таасир кылат. Региондо Россия менен Кытай активдүү болгону менен, алар коомдук саясий жана социалдык маселелерди түп тамырынан чечүүгө жарай турган универсалдуу мабдаий долбоорлорго ээ эмес жана андайды сунуштай алышпайт. Алардын модели авторитардык, прагматикалык болуп, глобалдык миссияны да, элдин идеологиялык диалогго катышуусун да эске албайт. Ошондуктан алардын таасири экономика менен элитанын кызыкчылыктарынын алкагында гана чектелет. Бул пикирий боштук шартында тышкы пикирий таасирдин жоктугуна жооп катары улутчул кыймылдардын өсүшү күтүлөт. Мындай чолок пикирлер глобалдык институттарга ишеним жок учурда оңой жайылып, маданият жана тилге таянганы менен акыры барып чиеленишкен коомдорду башкарууга алсыздык кылат жана иштиктүү, бүтүн бир башкаруу механизмин сунуштай албайт. Постсоветтик мейкиндиктеги улутчулдук мурункудай эле ички бөлүнүү, жаңжалдашуу жана кыска мөөнөттүү популярдуулук менен коштолуп, акыры андан адамдардын көңүл калып кыйроого туш болот. Мындай шартта коомдук жашоону тартипке сала ала турган, моралдык, экономикалык, башкаруу жана башка аспекттерди камтыган көз караш сунуштай алган жалгыз идеологиялык түзүм калууда. Бул — ислам мабдасы. Мамлекеттик колдоонун жоктугуна, светтик режимдердин жана тышкы күчтөрдүн басымына карабастан, ислам идеясы Борбор Азия элдеринин аң-сезиминде түнөк алып, улам күчөп барууда. Бул пикирий байлык адатта дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу эмес, үй-бүлөлөр, жамааттар, билим берүү чөйрөлөрү жана күнүмдүк жашоо аркылуу жайылууда. Тактап айтканда Ислам Батыш да, Чыгыш да бере албаган нерсени: адам табиятына туура келе турган жана ар бир адам түшүнө ала турган баалуулуктарга негизделген жашоо түзүмүн сунуштоодо. Ошентип, АКШнын региондогу гуманитардык жана визалык активдүүлүктөн баш тартуусу жөн гана дипломатиялык ката эмес, ал Борбор Азияда жаңы идеологиялык кайра жаралууга кеңири жол ачууда. Батыштын четтөөсү, Чыгыштын алсыздыгы жана улутчулдуктун жараксыз абалга кириши ислам таасиринин өсүшүнө шарт түзүүдө — ал ар кыл чектөөлөргө карабастан, төмөндөн жогору карай өнүгүүдө. Эгер АКШ мындан ары да эшигин жаап далысын сала берсе, келечекте алар мигранттар менен эмес, демократиядан баш тартып, туруктуу көз карашты тандаган жаңы муундагы өлкөлөр менен беттешиши мүмкүн.

Улук Аллах ыйык Куранда айтты:

«Ал Өз элчисин Туура жол, Чыныгы дин менен – мушриктер жек көрүшсө деле – бүткүл диндердин үстүнөн үстөмдүк кылууга жиберген»

(Куран, 9:33)

Худжат Джамиа

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here