Трамптын белгисиздигине каршы Франция менен Британиянын альянсы
«Аль-Жазира» 2025-жылдын 11-июлунда Франция президенти Эммануэл Макрондун Британияга болгон сапары тууралуу жазды. Бул сапар жөн гана Brexit’тин кесепеттерин чечүү жана эки тараптуу мамилелерди калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн кароо гана эмес, Европа-Атлантика мамилелериндеги өзгөрүүлөрдүн багытын тереңирээк талдоо үчүн жасалды. Бул өзгөрүүлөрдүн ичинде эң көрүнүктүүсү, Вашингтондун Европа коопсуздугун камсыз кылууда калтырып кетиши мүмкүн болгон боштукту толтуруу аракеттери болду. Тагыраагы, коргонуу фронтун түзүү үчүн аракеттер жасалды.
Макрон Британия парламентинин алдында сүйлөгөн сөзүндө өз өлкөсүнүн Америка менен Кытайдын үстөмдүгүнөн көз карандысыз жаңы өнөктөш мамиле курууга умтуларын белгиледи. Ал эми Украинанын согуш талааларында Россия коркунучуна байланыштуу эскертүүлөр күчөп жатканда, Франция менен Британиянын кызматташтыгын стратегиялык жаңы деңгээлге чыгаруу талаптары күчөдү.
Макрон менен Британиянын премьер-министри Кир Стармердин жолугушуусунда ядролук маселе негизги күн тартибин түздү. Франция өзөктүк куралдарды АКШнын коргоосунан көз карандысыз европалык калкан катары чыңдоого умтулууда. Эки лидер өз өлкөлөрүнүн ядролук арсеналдарын координациялоого жана улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган аракеттерди макулдашканын жарыялашты.
Жолугушуудан кийин Стармер эки тарап жалпы коопсуздук чакырыктарына туш болуп жатканын жана зарыл учурда биргелешкен ядролук чара көрүүгө даяр экенин, ошол эле маалда эки тарап көз карандысыздыгын сактап каларын билдирди.
Британиянын коргоо министри Жон Хейли да бул ядролук өнөктөштүк “каршы тараптарга ачык билдирүү” экенин, Лондон менен Париж бардык стратегиялык коркунучтарга каршы бир сапта турарын баса белгиледи.
Буга чейин Макрон Германияда ядролук учактарды жайгаштырууга даяр экенин айткан. Бул кадам Европадагы АКШнын кепилдигине болгон ишенимдин төмөндөп жатканын көрсөттү. Германияда 100гө жакын Американын ядролук куралдары жайгашкан болсо да, алар мурдагыдай ишеним символу болбой калды.