Судандагы саламаттык сактоо кризиси калктын иштерин караган жана аларга аяр мамиле кылган түзүмгө муктаж
Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси Суданда курч Саламаттык сактоо кризиси өкүм сүрүп жатканын жарыялады. Калктын 65% жеткиликтүү медициналык жардамдан ажыраган, жардамга муктаждардын 55%ын жаш балдар түзүп, алар оорулардын жайылышына эң катуу дуушар болуп калышууда. Кеңсе согуш жүрүп жаткан аймактардагы медициналык мекемелердин 70–80%га чейин иштебей калганын ырастап, миллиондогон судандыктар азап тартып жатканын жана мындан да чоң гуманитардык кырсыктын алдын алуу үчүн эл аралык коомчулук чукул чара көрүшү керектигин баса белгиледи. (Аш-Шарк — Судан, 23.06.2025).
Чынында эле, согуштун улануусу Саламаттыкты сактоо секторун чоң кризиске алып келди. Дары-дармектердин, медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги, медициналык мекемелердин бутага алынышы жана кагылышуулардан жабыркагандар абалды ого бетер оорлотту. 2023-жылдын апрелинин ортосунан бери курман болгондордун, жаракат алгандардын жана оорулуулардын саны өсүп жатат. Эң жөнөкөй медициналык кам көрүү шарттары да жок. Ооруканалар жана медициналык борборлор жабылып, кызмат көрсөтүү эки жылдан ашык убакытка үзгүлтүккө учурады.
Судан элин өлүм, оорулар жана ачарчылык кыйнап жатат, дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кырсыктар аларга чогулуп калган. Өкмөт болсо уюмдардан жардам суроо менен гана чектелүүдө, алардын каржысын тартуу үчүн маалыматтарды таратууда. Бул арада он миңдеген курмандыктар жана миллиондогон көчмөндөр ачарчылык, оорулар менен күрөшүп жатышат. Согуш болсо күн сайын ого бетер күчөп бара жатат.
“Ыкчам колдоо күчтөрү” (Rapid Support Forces) бир нече аймактардан чыгып кетишине карабастан, медициналык жардам көрсөтүү дагы эле чоң кыйынчылыктарга туш болуп жатат. Зыян тарткан аймактардагы негизги ооруканалардын үчтөн экисинен көбү толугу менен иштен чыккан. Иштеп жаткан ооруканалар болсо дарыгерлердин, медициналык жабдуулардын, таза суунун жана электр энергиясынын жетишсиздигинен улам жабылып калуу коркунучунда турат. Мындан тышкары, оор жана жугуштуу оорулардын жайылышы да кооптуу деңгээлде. Оорулардын жайылышын көзөмөлдөө системасы да токтоп калгандыктан, жугуштуу оорулардын чыгышын аныктоо жана ырастоо абдан кыйын болуп калды.
Ал эми начар тамактануу жана ачарчылык боюнча эл аралык уюмдар 2025-жылы Судандын көптөгөн аймактарында ачарчылыктын мындан ары да жайылып, миллиондогон адамдардын, айрыкча балдардын, өмүрүнө коркунуч туудурарын эскертишти. Бул абал алардын абалын ого бетер оорлотуп, дүйнөдөгү эң оор тамак-аш кризистеринин бири болуп калды.
Судан боюнча Эл аралык Кызыл Крест комитетинин медициналык программаларын көзөмөлдөгөн Эмили Шабат абалды мындай деп мүнөздөйт: «Саламаттыкты сактоо клиникаларындагы абалды сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Жаракат алгандар дары-дармекке, тамак-ашка жана сууга муктаж. Карылар, аялдар жана балдар бөйрөктү жууп тазалоо, кант диабетине каршы дары-дармектер сыяктуу эң негизги дарылоолордон ажырап жатышат. Абал күн санап начарлап барат».
Жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар, ошондой эле дене жаракаттары жана психологиялык соккулар көбөйүп, саламаттык сактоо кризисин ого бетер курчутууда. Ички көчүүгө дуушар болгондордун көбөйүшү жана санитардык шарттардын бузулушу жугуштуу оорулардын күчөшүнө олуттуу түрдө салым кошууда. Бул оор абал холера, кызамык, ысытма, чикунгуния ысытмасынын жайылышында жана согуштан жабыркаган аймактардагы кукун оорусунун көбөйүшүндө айкын көрүнүп турат.
Мындан сырткары, өнөкөт оорулары бар бейтаптар эң көп жабыркагандардын катарында. Алар текшерүүдөн өтүү жана дарылоо кызматтарына жетүүдө, өнөкөт ооруларга карата дары-дармек алууда чоң кыйынчылыктарга туш болушууда. Дарылоо үзгүлтүккө учурап, инсулин сыяктуу дары-дармектерди сактоодо да көйгөйлөр жаралууда, анткени электр энергиясы кээде бир нече күнгө, жада калса бир нече жумага чейин өчүрүлүп турат. Бул абал оорулуулардын дарылануу үчүн көчүүгө жана качууга аргасыз кылды.
Ал эми Судандагы Саламаттык сактоону каржылоо тармагында расмий билдирүүлөргө ылайык, кескин тартыштык өкүм сүрүүдө. Донорлордун убада кылган жардамдары талап кылынган көлөмдөн кыйла аз. Бүгүнкү күндө Суданга БУУнун жардам чакырыгынан болгону 5% гана каржыланган, бул болсо 2,56 миллиард долларлык боштукту жаратууда.
Мына ушул Судандагы Саламаттык сактоо кризисинин чыныгы вакыйлыгы. Анын жалгыз себеби согуш эмес, албетте согуш абалды ого бетер курчутту. Бирок чыныгы себеп элдин иштерин карабаган, ооруп же өлүп калгандардын тагдырына кайдыгер капиталисттик түзүмдү колдонуу. Бул оорудан, өлүмдөн, кыйроодон жана талкалануудан киреше табуучу система. Бул кризис адамдарга чыныгы камкордук көрсөткөн, иштерин караган жана өмүрлөрүн сактап калган башкарууга муктаж экенин даңазалап турат!
Саламаттык сактоо жана дарылануу коомдун негизги муктаждыктарынын бири катары мамлекет камсыз кылууга милдеттүү болгон кызматтардан. Клиникалар жана оорукана жайлары дабалоочу жана дарылоочу жайлар болуп саналат. Демек, медицина мамлекетке караштуу болуп, коомдук кызыкчылыктагы жана коомдук мекемелердин катарына кирет. Мамлекет муну колго алып, Пайгамбарыбыз ﷺ айткан хадиске ылайык иш кылууга милдеттүү:
«الإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»
«Имам жоопкер жана ал өзүнүн кол астындагыларына жооптуу» (Бухари, Муслим риваяты).
Бул жалпы нас, ал Саламаттыкты сактоо жана дарылоону да камтыйт, анткени алар мамлекетке милдеттүү камкордуктун бир бөлүгү. Ал эми каржылоо маселесине келсек, бул маселе чечилген жана каражат жетиштүү. Халифалыкта Саламаттык сактоону камсыз кылуу үчүн киреше чогултуу структурасы Ислам шариятындагы жоболорго ылайык кайра курулат. Каржылоо булактары мамлекеттик мүлктөн, умумий мүлктөн (мисалы, энергия), машиналарды өндүрүүдөн, ири мамлекеттик мекемелерден жана хирождон (жер салыгынан) түшкөн кирешелерден камсыздалат.
Тескерисинче, экономикалык ишмердүүлүктү муунткан сатуу салыгы жана киреше салыгы сыяктуу салыктар токтотулат. Ошондой эле, колонизаторлордон жана башка тараптардан риба негизиндеги насыя алуудан баш тартылат. Демек, Халифалык Саламаттык сактоо тармагын толугу менен көзөмөлгө алып, медициналык кызматтарды акысыз камсыз кылууга милдеттүү. Ошол эле учурда, Саламаттык сактоо тармагында киреше үчүн жеке мекемелердин иштөөсүнө да уруксат берилет. Ошентип, Халифалык бардык жарандарына толук кандуу камкордук көрсөтүүчү Саламаттыкты сактоонун тең салмактуулугун орнотот. Халифалык бардык Саламаттыкты сактоо кызматтарын бардык адамдарга акысыз камсыз кылат. Бирок, жеке дарыгер жалдоо жана дары-дармек сатууга тыюу салынбайт.
Бул Пайгамбарлык жолундагы рашид Халифалыктын Саламаттыкты сактоо системасынан бир үзүм мисал. Бул түзүмгө мусулмандар эле эмес, бүткүл адамзат муктаж.
Гада Абдулжаббар, Умм Уваб
Роя гезити