Пакистан жетекчилиги Индия жана Трамп алдында абийирин кандайча төктү?!

61
0

Пакистан жетекчилиги Индия жана Трамп алдында абийирин кандайча төктү?!

Өткөн айда Пакистандын аба күчтөрүнүн бүркүттөрү жана армиянын арстандары Индияга сабак берип, бутпарастарды эч качан унута албай турган жеңилүүгө дуушар кылгандан кийин, Пакистандын саясий жана аскерий жетекчилиги бул жеңишти жокко чыгарып, Индия менен ок атышууну токтотууга макул болду. Мунун үстүнө Индия Синд дарыясынан (бул дарыя Кытайдан башталып, Индия, андан соң Пакистан аймагынан агып өтөт) Пакистанга агып келе жаткан суулардын болжол менен 80%ын токтотуп, суу келишиминин аткарылышын бузду. Кашмирди оккупациялоону болсо улантып жатат. Булардын баары АКШ президенти Трамптын ортомчулугу менен ишке ашып, Индияны өз күчүн туура баалабай туруп түшүп калган капкандан куткарууга багытталган болчу.

Мына ушунун баары болуп жатканда, Пакистан 2025-жылдын 12-июнунда АКШ президенти Дональд Трампты 2026-жылдагы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтөрүн жарыялады. Себеби, ал «Пакистан менен Индиянын ортосундагы чыңалууну басаңдатууда дипломатиялык аракеттерди көргөн имиш.

Пакистан өкмөтүнүн билдирүүсүндө мындай деп айтылды: «Индиянын негизсиз агрессиясынан кийин президент Трамп Исламабад жана Нью-Дели менен активдүү дипломатиялык байланыш түзүп, стратегиялык алыстыкты көрө билгендигин жана өзгөчө саясий чеберчилигин көрсөттү. Бул чыңалууну басаңдатууга, ок атышууну токтотууга жана эки ядролук мамлекеттин ортосунда кеңири согуштун алдын алууга салым кошту». Ошондой эле билдирүүдө өкмөт Трамптын Жамму жана Кашмир боюнча узактан бери келе жаткан жаңжалды чечүүгө кошкон аракетин баалай тургандыгын, бул маселени эки мамлекет ортосундагы негизги кастыктын себеби катары атаганын белгиледи.

Бирок, согушта жеңүүчү болушу керек болгон Пакистан менен жеңилүүчү болушу керек болгон Индиянын позициясы такыр карама-каршы болду. Индиянын позициясы Пакистандан алда канча көз карандысыз жана өз абийирин сактаган бойдон калды. Индиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рандхир Жайсвал Трамптын «АКШ Индия менен Пакистанга соода артыкчылыктарын сунуш кылып, эгер алар макул болбосо соода мамилесин токтотобуз» деген дооматтарын четке какты. Жайсвал, ок атышууну токтотуу эки өлкөнүн аскерий жетекчилигинин өз алдынча чечими болгонун, тышкы кийлигишүү болбогонун ырастады.

Пакистан болсо бул билдирүүнү төгүндөбөдү, бул болсо аскерий жетекчилик үммөттү сатып, жеңиштен өз ыктыяры менен, ортомчу же Трамптын кысымы болбосо да, баш тартканын көрсөтөт. Мындан тышкары, Трампты Нобель сыйлыгына көрсөтүү тууралуу билдирүү Пакистандын армия жетекчиси Мунирдин АКШга барып, Трамп менен Ак үйдө жолугушуусу менен дал келип, бул жолугушуу АКШ менен яхудий түзүмүнүн Ирандагы үч ядролук реакторду бомбалоосунун алдында, бир күн мурда болгон.

Пакистандын ичинде бул чечимге карата кеңири элдик каршылык болгонуна карабастан, айрыкча Трамптын Иранга каршы согушту колдоого катышканы, Газа элинин арасынан жүз миңден ашуун адамды өлтүргөн яхудий түзүмүн курал-жарак менен камсыздап, каржылоону улантып жатканы белгилүү болгондон кийин режим дагы деле аны «тынчтыктын адамы» деп атоодо! Колдорунан мусулмандардын каны тамган адамга кантип мындай наам ыйгарылат?!

Бул сунуштун айыптуулугу ошончолук чоң болгондуктан, режимдин өз ичинен бир нече фигуралар да унчукпай отура албай, чечимди айыптап чыгышты. Мисалы, мурдагы сенатор Мушахид Хусейн «X» платформасындагы билдирүүсүндө мындай деди: «Эми Трамп тынчтык орнотуучу болушунун ордуна, атайылап мыйзамсыз согуш тутандырган жетекчи болуп калды. Ошондуктан, Пакистан өкмөтү дароо анын талапкерлигин кайтарып алышы керек».

Жамаат-и Исламийдин амири Хафиз Наим ур-Рахман бул чечимди «улуттук шерменделик» деп атап, Трамп Палестина элине каршы яхудий түзүмүнүн кыргындарын ачык колдоп жатканын кошумчалады. Парламент депутаты Али Мухаммад Хан да өкмөттү чечимди кайра карап чыгууга чакырып, АКШнын Иранга болгон агрессиясын белгиледи. Пакистандын АКШдагы мурдагы элчиси болсо бул талапкерликти «арзан саясий жагалдануу» деп атап, ал пакистан элинин пикирин чагылдырбай турганын айтты.

Демек, өкмөт бул чечимди элдин эркине же үммөт маселесине урмат көрсөтүп эмес, Трампка жагынуу үчүн кабыл алганын айкын көрсөттү. Жеке кызыкчылыктар менен тар кызыкчылыктарды негиз кылган режимдин шартында, армия жетекчиси Мунир сыяктуу адамдар өздөрүнүн жеке бизнесин жана каржылык келишимдерин өтө жеңил өткөрүшүүдө. Аларды мурдагы элчи Жавид Хафиз сыяктуу жымжырт үндөр колдоп турат. Ал талапкерликти мындайча актоого аракет кылды: Пакистан эки пайда тапты. Биринчиси, Трамп менен достук мамилени сактап калуу, анткени ал Индия менен дагы бир жолу ортомчу боло алат. Экинчиси, үчүнчү тараптын ортомчулугун четке каккан Индияны «алсыратуу».

Бирок, кантип акыл-эстүү адам Трамптын «тынчтыктын адамы» экенине ишениши мүмкүн, ал президенттикке келгенден кийинки алты айдын ичинде эле мусулмандар жашаган өлкөлөрдө согуштарды жана кыргындарды тутандырды го?! Ал кантип Исламабаддын досу боло алат, эгерде Индияны өзүнүн сүйүктүү шериктеши жана стратегиялык өнөктөш катары тандап алган болсо?! Бир түндө эле өз сөзүн жана позициясын өзгөртө салган Трамп чынында эле кимдир-бирөөгө достук кылат деп ойлоо мүмкүнбү?! Индия Трамптын сүйүктүү шериги болуп турган учурда, ал Пакистанды Индиядан жогору коёруна ким ишенет?! Индия чындап эле Пакистан тараптан Трамптын талапкерлигине көрсөтүлүшүнөн «алсырадыбы» же тескерисинче Пакистан өзүн өзү ушул уяттуу абалга түшүрүп койдубу?!

﴿مَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ * أَفَلَا تَذَكَّرُونَ﴾

«Силерге эмне болгон? Кандай (калпыс) өкүм чыгарасыңар?! Эсиңерге келбейсиңерби». (Саффат сүрөсү, 154-155-аяттар).

Билал ал-Мухажир

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here