Мисирдеги эски ижара мыйзамы: камкордуктун жоктугу, пайдапарастыкты жана катмардык бөлүнүүнү күчөтүү

65
0

Мисирдеги эски ижара мыйзамы: камкордуктун жоктугу, пайдапарастыкты жана катмардык бөлүнүүнү күчөтүү

2025-жылдын 2-июлунда, шаршемби күнү Мисир парламенти тарыхый кадам деп баалаган чечимди, узак убакыттан бери талаш-тартыш жана жер ээлери менен ижарачылардын кызыкчылыктарынын кагылышуусуна себеп болгон эски ижара мыйзамын жана ижарачы менен ижара берүүчүнүн ортосундагы мамилени кайра жөнгө салуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Бирок бул мыйзамга Ислам көзү менен карап, аны капиталисттик эмес, Ислам өлчөмү менен баалаган киши, бул реформанын оңдоо эмес, тескерисинче, адаштыруучу багытты чыңдоо экенин түшүнөт. Анткени бул мыйзам адамдык зулум түзүмдү үстөм кылып, Ислам мамлекетине жүктөлгөн мыйзамдуу камкордук милдетин тепселейт.

Парламент жана маалымат каражаттары билдиргендей, бул мыйзам турак жай ижарасынын укуктук улануусун жокко чыгарып, беш жылдык өткөөл мөөнөттү белгиледи. Бул мезгил ичинде ижара акысы акырындык менен көтөрүлүп, базар баасына жеткирилет. Андан соң ижарачы жаңы келишим түзбөсө, турак жайды бошотууга милдеттендирилет. Мыйзам учурдагы ижара акысын дароо беш эсеге көбөйтүүнү, андан кийин жыл сайын 15% көтөрүүнү талап кылат. Бул мөөнөт аяктагандан кийин мамиле “эркин” болот. Мыйзам айрым категорияларды оорулууларды жана жетимиш жаштан ашкан улгайган адамдарды өзгөчө катмар катары белгилеп, аларга үч жылдык узартуу берүүдө.

Мыйзамдын эң кооптуу жагы ал турак жайга жетүүнү чыныгы камсыздоосуз эле ижаралык мамилени «эркин» кылып коюуда. Миллиондогон ижарачылар дароо көп эселенген жүккө дуушар болушууда. Экономикалык абал оор. Эл инфляция, египет фунтунун эркин жүгүртүлүшү (свободное плавание валюты) жана Эл аралык Валюта Фондунун карыз саясатынан кыйналып жатат. Айрым депутаттар, журналисттер жана укук коргоочулар, мисалы, депутат Дия ад-Дин Дауд, бул мыйзамды «миллиондогон жакыр үй-бүлөлөрдү мыйзамдуу түрдө көчөгө кууп чыгаруу» деп баалашууда. Коопсуз жана туруктуу турак жай түшүнүгү жоголуп жатат. Алтымыш жылдан бери ошол үйдө жашап келген үй-бүлөлөр пенсиясынан же айлыктарынан ондогон эсе көп ижара төлөөгө мажбур болушат. Андан кийин беш жыл өткөн соң көчүп кетүүгө аргасыз болушат.

Бул абал Исламдагы камкордук түшүнүгүнө таптакыр туура келбейт. Ислам мамлекети кыймылсыз мүлк менен алектенген риэлтор да, ири мүлк ээлеринин же курулуш инвесторлорунун пайдасына салык жыйноочу да эмес. Ислам мамлекети ар бир жаранынын урмат-сый менен турак жайга ээ болушун камсыз кылууга милдеттүү, эч кимди көчөдө түнөп калууга же баш калкалоо үчүн кайыр суроого мажбурлабашы керек. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

«الإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Имам — жетекчи жана ал өз үммөтүнөн жооптуу».

Бул милдет жөн гана ураан эмес, башкаруу саясаты. Ал элди турак жай менен камсыз кылууга, монополияны жана муктаждыктан пайда табууну тыюуга мамлекетти милдеттендирет. Ал эми бул мыйзамда мамлекет такталган механизмдери жана булактары белгисиз болгон «жардам фондун» убада кылуу менен чектелди. Ошол эле учурда ижара акыларын жогорулатуу жана кыймылсыз мүлк рыногун инвесторлор үчүн даярдоо иштерин ачык жүргүзүүдө. Мунун баары «ижарачы менен жер ээси ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу» деген шылтоо менен жасалууда.

Ал эми өкмөт менен парламенттин билдирүүлөрүнө көз жүгүрткөн адам, бул мыйзамдын чыныгы негизги түрткүлөрү эл аралык уюмдар таңуулаган менчиктештирүү жана экономикалык либералдаштыруу саясаты менен ажырагыс байланышта экенин түшүнөт. Мамлекет кыймылсыз мүлктүн баасын көтөрүп, мүлк салыктарын көбөйтүүнү, инвестицияларды тартууну жана шаардагы жакырлардын эсебинен кыймылсыз мүлк рыногуна дагы көп акча куюуну каалайт. Бул жерде баса белгиленчү нерсе, ижара мамилесин эркин кылуу кыймылсыз мүлктүн баасын дароо 20–30% жогорулатып, жаңы инфляция толкунун жаратат.

Андан тышкары, «бул мыйзам жер ээлеринин көйгөйүн чечет» деген сөз чындыктын бир бөлүгүн гана көрсөтөт. Ооба, ондогон жылдар бою тоңдурулуп калган ижаралардан улам зулум көргөн жер ээлери бар. Бирок бул зулумду андан да чоң зулум менен чечүүгө болбойт. Миллиондогон адамдарды күчүнөн ашкан жүккө дуушар кылып, белгисиз тагдырга таштап коюу адилеттүүлүк эмес. Эгер мамлекет чындап эле элдин иштерин көзөмөлдөсө, турак жай укугун бузбай турган адилеттүү жолдорду табышы керек болчу жана ар бир муктаж адамга Байтул-малдан жардам көрсөтүшү зарыл болчу. Бул мамлекеттин шариат тарабынан жүктөлгөн жоопкерчилиги, элди тамак-аш, кийим жана турак жай менен камсыз кылуу негизги милдет. Анан эмне үчүн элди көчөгө кууп чыгышат да, «бул кызыкчылыктардын тең салмактуулугу» дешет?!

Бул мыйзамдар капиталисттик түзүмдүн бир бөлүгү. Анткени капитализмде кыймылсыз мүлк жашоо зарылчылыгы эмес, киреше табуучу товар катары каралат. Эл болсо адам катары эмес, суроо-талап базарындагы сандар катары бааланат. Өкмөт «каражаты жетпегендерди коргойбуз» деп, аларга кошумча 3 жылдык мөөнөт жана жардам фондун сунуштаганын айтат. Бирок бул мөөнөт алардын күтүп жаткан кайгылуу тагдырын өзгөртпөйт. Мыйзам да аларды өмүр бою турак жай менен камсыз кылуу боюнча чыныгы шаръий милдеттен улам чыккан эмес.

Ал эми турак жай, тамак-аш жана кийим Исламда ар бир жарандын негизги муктаждыктары болуп саналат. Мамлекет бул муктаждыктарды камсыз кылууга милдеттүү, бул милдет ырайым катары эмес, кепилдик катары берилет. Эгерде адам өз нафакасынан камсыз боло албаса, анда мамлекет аны Байтул-малдан камсыз кылууга милдеттүү. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

«مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ آمِناً فِي سِرْبِهِ، مُعَافًى فِي جَسَدِهِ، عِنْدَهُ قُوتُ يَوْمِهِ، فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا»

«Силердин кимиңер өз үйүндө аман-эсен болуп, ден-соолугу чың жана бир күнгө жетээрлик нафакасы болуп таң атырса, ага бүт дүйнө берилгендей болот».

Ижара — бул эки тараптын ыраазылыгы менен түзүлгөн акы төлөө келишими. Бирок эгер муктаждык өтө чоң болуп, мамлекет альтернатива сунуштабаса, анда шариат боюнча бааларды көтөрүп, элди көчөгө кууп чыгарууга эч качан жол берилбейт. Мына ошондон улам бул мыйзам раъияны (калкты) камкордукка алуу эмес, капиталисттик ыкмадагы кризисти башкаруу экени айкын көрүнүп турат. Бул ыкма элди эки оттун ортосунда калтырат. Оор чыгымдарды көтөрүүгө же көчөгө чыгууга аргасыз кылат! Бул мыйзам чоң мүлк ээлерин жана курулуш компанияларын ыраазы кылат, ошол эле учурда миллиондогон үй-бүлөлөрдүн туруктуулугунан «урандыларды» жаратып, жаңы инвестицияларга жол ачат.

Бул мамлекеттин жаңы «чечими», анда кайсы аймакта инвестиция же сатуудан пайда көрүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, ошол жерди «Маасберо» же «Варак аралы» кылуу аракети жүрүп жатат. Мурун айтылгандай, мамлекет кайсы жерде мүмкүнчүлүк көрбөсүн, ал жерди жаңыча соодалашуунун объектисине айлантат!

Бул маселеде мамлекеттин милдеттери төмөнкүлөрдөн турат:

Ар бир жарандын турак жайын камсыз кылуу — жөн гана насыяларды жеңилдетүү эмес, жерге ээ болууну, үй курууну же Байтул-малдан ижара акысын төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү аркылуу ишке ашырылат.

Монополияныжанаашыкчакирешенижоккочыгаруу, кыймылсызмүлктү спекуляция объектисинеайлантпоо.

Ижара акысын төлөй албаган ижарачыны башка ылайыктуу турак жай берилмейинче чыгарбоо жана элге жаңы оорчулуктарды жүктөбөө.

Ижаракелишимдеринебайланышканталаш-тартыштардыадамойлоптапканмыйзамдармененэмес, шариат өкүмдөрүмененчечүү.

Ал эми бул мыйзам мамлекеттин жоопкерчиликтен баш тартуусунун, камкордук милдетин сатуунун жана базарды элдин жашоосун башкаруучу үстөм кыла турган саясаттын жаңы кадамы. Мындай саясатты Ислам толугу менен четке кагат.

Бүгүн биз капиталисттик режимдердин астында жашап жаткан үммөттүн оор абалына дагы бир жолу күбө болуп жатабыз. Миллиарддаган каражаттар люкс долбоорлорго, чоң майрамдарга, жаңы административдик борборлорду көрккө чыгарууга жумшалууда. Ошол эле учурда миллиондогон адамдар көчөгө чыгарылып, аларды чыныгы кепилдиксиз калтыруу чоң трагедия!

Чыныгы өзгөрүү мыйзамдагы бир пунктту өзгөртүүдө же мөөнөттү узартууда эмес. Чыныгы өзгөрүү адамдардын бардык иштерине камкордук кылууну шаръий милдет катары алган Ислам түзүмүн, Пайгамбарлык минхажындагы Халифалыкты тикелөөдө. Анда бардык адамдарды багуу милдет, ал шайлоо убадасы да, люкс долбоор да эмес. Турак жай укугу калктын эң негизги укуктарынын сап башында турат, ал парламенттин соодалашуу объектиси же сатылуучу товар эмес!

Устаз Махмуд Аль-Лайси

Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагымаалыматбөлүмүнүнмүчөсү

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here