Халифалык мамлекетинин жоктугу эмнени билдирет?

74
0

Халифалык мамлекетинин жоктугу эмнени билдирет?

Шексиз, Ислам — бул жалгыз туура мабда, ал адамзаттын жашоо проблемаларын бардык тармактарда чечүүгө жөндөмдүү. Анткени анын акыйдасы бардык тармакты камтыйт жана жеткиликтүү идея. Ал бул дүйнөнүн чыныгы маңызын, андан мурда жана андан кийинки барлыкты түшүндүрөт жана чоң түйүндөгү суроолорго жооп бергенде, акылды канааттандырат, табиятка туура келет, жүрөктү тынчтандырат.

Акыйда мабдаий болушу үчүн ал бул ааламга болгон көз карашын көрсөтүп, ошол көз караштан адамдардын андагы вазыйпасын аныктаган түзүм чыгышы зарыл. Бул бир жагынан. Экинчи жагынан алганда, кандай гана мабда болбосун, ал жашоодо өз ролун аткара алышы үчүн аткаруучу түзүмдүн болушу зарыл. Эгер андай түзүм болбосо, анда ал мабда жашоодо иш жүзүндө колдонулбай, куру философиялык теория бойдон калат. Анткени мабданын фикраты аны жашоодо ишке ашыруучу жана маддий күч болгон тарыйкатка муктаж. Ошондо гана ал иш жүзүндө бар болуп, жөн гана теориялык идея бойдон калбайт.

Мына ошондуктан ислам мамлекетинин болушу фарз. Бул ислам акыйдасын коомдордо үстөм кылып, аны амалий идея кылуу үчүн шарт. Бул мамлекет Халифалык жана мусулмандар аны коргоп, мурас катары муундан муунга өткөрүп туруу милдетин алышат. Ар бир халифа кеткенде, мусулмандар башка халифага байъат берип, аны Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарууга өкүл кылышат. Бул — Аллах Тааланын адам баласына жүктөгөн ислам аманатын аткаруудагы жоопкерчиликти ишке ашыруу болуп саналат.

Бул тууралуу хадистер көп. Пайгамбарыбыз ﷺ Ислам мамлекетинин болушунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындай деген:

«فُوا بِبَيْعَةِ الْأَوَّلِ فَالْأَوَّلِ»

«Биринчи (халифага) берилген байъатка бапаа кылгыла». Башка бир хадисте мындай деген:

«إِذَا بُويِعَ لِخَلِيفَتَيْنِ فَاقْتُلُوا الْآخَرَ مِنْهُمَا»

«Эгер эки халифага байъат берилсе, анда алардын экинчисин өлтүргүлө».

Демек, халифалык — бул исламдын түзүмдөрүн жашоодо иш жүзүндө колдонуу жана исламды дүйнөгө даават жана жихад аркылуу жеткирүүнүн шаръий тарыйкаты. Бул, жалган күчтөрдү жок кылып, Пайгамбарыбыз ﷺ аркылуу бүткүл ааламга рахмат болуп келген жакшылыктын жайылышына тоскоол болгон тоскоолдуктарды жеңүү үчүн керек.

Халифалыктын болушу — Исламдын болушу, ал эми халифалыктын жоктугу — Исламды жашоодон алыстатуу жана анын ордуна адамдарды жалган менен башкарган тагуттардын каалоосуна жараша иштерди жүргүзгөн башка түзүмдү алып келүү дегенди билдирет. Тилекке каршы, мусулмандар Халифалык мамлекетин сактап кала алышкан жок. Чет элдик колонизаторлор аны 1342-хижрий жылы (1924- миладий жылы) кулатууга жетишти. Андан да кайгылуусу биздин душмандарыбыз Халифалыктын маанисин түшүнүп, ага каршы олуттуу мамиле кылып жатышат, ал эми өз боордошторубуз болсо бул маселеге кайдыгер болуп, көңүл коштук кылып жатышат.

Ислам душмандары өз пландарында мусулмандарды халифалыкты кайра калыбына келтирүү оюнан алыстатууга басым жасап, бардык айла-амал, алдамчылык ыкмаларын колдонуп, ага агенттерди жана батышчыл саткын кызматчыларды жалдашты. Ошол эле учурда мусулмандар бүгүнкү күндө өздөрүн кыйнап жаткан кайгы-муңдун жана трагедиялардын чөйрөсүнөн чыгуу үчүн түрдүү жалган чечимдердин артынан түшүп, адашып жүрүшөт. Алар Халифалыктын жоктугу алардын эң чоң көйгөйү, аны чечүү үчүн аны кайра тикелөөнү эң башкы жана тагдыр чечүүчү маселе катары коюу зарыл экендигин түшүнбөй жатышат.

Мындан тышкары, Пайгамбарыбыз ﷺ да бул мабдаий чечимди ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө жана Халифалык мамлекети зулумдук башкаруудан калган урандылардын ордуна турарын ишарат кылып, мындай деген:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ».

«Андан кийин пайгамбарлык жолундагы халифалык болот».

Бүгүнкү кайгылуу абалда, кудуреттүү режимдер коомдорго үстөмдүк кылып турган шартта, чынчыл жана мабдаий саясий жамааттын болушу шарт. Ал Ислам долбоорун таза жана нукура алып чыгып, убада кылынган рашид Халифалыкты тургузуу үчүн иш жүргүзүшү керек.

Мындай аракетте алар Пайгамбарыбыз ﷺ Ислам мамлекетин биринчи жолу кандай жол менен курганын үлгү алышат, атап айтканда:

1- Сакафаттандыруу жана хизбий уюшуу аркылуу;

2- Пикрий жана саясий күрөш аркылуу эл менен тыгыз өз ара аракеттенүү, күч жана бийлик ээлеринен нусрат талап кылуу;

3- Башкаруу жана чечим кабыл алууну өз колуна алуу аркылуу.

Бул мүмкүн эмес деп айтууга болбойт. Мнткени мындай сөздөрдү айткандар биздин акыйдабызды жакшы билбегендер. Бул акыйда акылды канааттандырып, табиятка шайкеш келгендиги үчүн жүрөккө кадыржам кылат. Ансарлардын жетекчилери күч жана бийлик ээлеринин мисалы. Алар өз аброю менен бийлигин Исламга жана аны орнотуу үчүн иш алып баргандарга нусрат берүүдө колдонушкан. Алар Мухаммад ﷺ менен экинчи Акаба байъатында акылмандык менен байъат берип, башкаруу иштерин ага өткөрүшкөн. Бул байъат пайгамбарлыкты аныктоо эмес, балким башкарууну өткөрүп берүү байъаты болгон, анткени пайгамбарлык Курандын мужизасы менен далилденген.

Эгер кайсы бир мусулман өлкөсүндө бул чынчыл жамааттын дааваты жемиш берип, эли ойгонуп, рашид Халифалыктын убада жана улуу фарз экенин түшүнүп, кайсы партия чыныгы жол башчы экенин аныктап, Халифалыкка болгон аң-сезим ошол жерде үстөмдүк кылса, анда бул өлкөдөгү чынчыл дааваттын ысыктыгы күч жана бийлик ээлерине да жетет. Анткени алар да ушул үммөттүн жана аң-сезими жетилген коомдун бир бөлүгү. Алар да мусулмандар менен бирге жалпы адамзаттын көйгөйлөрүн түп-тамырынан чечүүчү мабдаий чечим идеясына даяр болушат.

Биз толук ишенебиз, бүгүнкү күндө бүткүл Ислам үммөтүнүн уулдары мурдагыдан да көбүрөөк аң-сезимдүү болуп калышты. Айрыкча, Пайгамбарыбыз: ﷺ

«عُقْرُ دَارِ الْإِسْلَامِ الشَّامُ»

«Исламдын борбору — Шам» деп айткан Шам аймагы өзгөчө орунда турат. Бул — Аллахтын берекелүү жери жана ал убада кылынган Рашид Халифалык кайра тикеленүүчү жер болот, иншаАллах.

Мына ушул — Хизб ут-Тахрир силерди чакырып келе жаткан мабдаий чечим. Ал 1372-хижрий жылы (1953-миладий жылы) Байтул-Макдисте негизделгенден бери бул чечимге чакырып келет. Бул акыйкат убада, Пайгамбарыбыз ﷺ берген сүйүнчү кабар. Аллахтын уруксаты менен ал убада азыр өтө жакындап калды.

Устаз Рамзи Ражих — Йемен вилаяты

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here