Газадагы кыргын согушу уланууда, жардамдар болсо өлүм капкандары

64
0

Газадагы кыргын согушу уланууда, жардамдар болсо өлүм капкандары

Яхудий түзүмүнүн лидерлери согуштун алгачкы күндөрүндө эле Газа тилкесине карата ниеттерин жашырышкан жок. Бул алардын билдирүүлөрүнөн да, кылмыштуу согуш машинасынан да ачык көрүнүп турат. Газа жашоочуларын көчүрүү, аларды мекенинен сүрүп чыгаруу, яхудий түзүмүнүн күч менен ишке ашырууга аракет кылып жаткан башкы максаты. Алар бул шайтандык аракеттеринде Батыштын, өзгөчө Американын саясий жана материалдык колдоосуна таянууда. Ошондой эле мусулмандардын бардык башкаруучуларынын, айрыкча аймакты «курчап турган өлкө» жетекчилеринин кутумдарына ишенип жатышат.

Бул башкаруучулардын «көчүрүүгө каршыбыз» деген сөздөрү жалгандан башка эч нерсе эмес, алар элди алдоо жана жалпы пикирди адаштыруу үчүн айтылган куру сөздөр. Алардын саясий аракеттери жана Газада болуп жаткан каргашага карата жасаган мамилелери алардын оккупация менен бирге иш алып барып жатышканын, көчүрүү максатын ишке ашырууга жардам берип жатышканын далилдейт. Яхудий түзүмү бул максатынан азыркы күнгө чейин баш тарткан эмес жана аны эсептен чыгара элек.

Кыргын согуш дагы деле токтой элек. Баскынчылар ар кандай мүмкүнчүлүктү пайдаланып, көчүрүүгө багытталган басымды күчөтүүгө аракет кылууда. Алардын көптөгөн саясий жана аскердик лидерлери Трамптын Газадагы чечим планына таянып, бул кылмыштуу пландын ишке ашырылышын ар дайым баса белгилешүүдө.

Жыйырма айдан ашуун убакыт бою уланган жапайы согуш учурунда, бул кылмышкер түзүмдүн Газадагы саясаттары жана пландары кыргын, өлтүрүү, курчоого алуу, ачарчылык, наадандык жана жашоонун бардык формаларын жок кылуу деген мазмундан чыкпады. Алардын тилеги жана билдирүүлөрү «Эй Газа эли, бул жерде силерге орун жок — же өлүм, же көчүрүү» болууда.

Алардын кылмыштуу мүнөзүн жана кан төгүүгө болгон күчтүү каалоосун дагы бир жолу далилдеген нерсе, жардам маселесине аскердик көз караш менен мамиле кылышы. Ал жардамдар гуманитардык мүнөздө болушу керек эле, бирок баскынчылар аларды өлтүрүү жана ачарчылык саясатынын бир бөлүгү, кыргын согушунун куралы катары колдонду.

Бул жардамдардын киргизилишине макул болушу алардын бейкүнөө аялдарга, балдарга жана карыларга карата кылмыштуу аракеттерине каршы глобалдык коомдук пикирдин күчөшүнөн улам гана болду. Чындыгында, жардам киргизүүгө макул болушу талап коюп жаткан өлкөлөрдүн, уюмдардын жана институттардын көзүнө күл чачуу, коомдук кыжырды басуу жана дүйнөнү адаштыруу үчүн жасалган амал гана. Алар жардамды согуштагы күн тартибине ылайыктап, согуштун куралы катары башкарды.

Ал эми элди дагы да көбүрөөк адаштыруу үчүн, баскынчы жардам маселесиндеги бардык кылмыштуу аракеттерин жана жүрүм-турумун «ХАМАС кыймылы жардамдарды көзөмөлдөбөйт» деген жүйөлөр менен жаап-жашырып келет. Алар бул жүйөлөрдү ХАМАСка кайрадан калыбына келүүгө, күчтөрүн кайрадан чогултууга шарт түзбөө, Газада анын башкаруусунун жана көзөмөлүнүн бардык формаларын жок кылуу максатында колдонууда.

Ошондой эле баскынчы түзүм гуманитардык кызмат көрсөтүү менен алектенген эл аралык жана аймактык уюмдарды да «терроризмди колдоп жатат» деп айыптап, алар менен күрөш жүргүзүүдө. Бул уюмдардын башында БУУнун Палестина качкындарына жардам берүү жана аларды ишке орноштуруу боюнча агенттиги (UNRWA) турат. Бул аракеттердин максаты жөн гана жардам жана кызмат көрсөтүүнү токтотуу эмес, андан да чоң саясий максаттар бар. Анткени, кемчиликтери менен кошо болсо да, UNRWAны жок кылуу Палестина маселесин жоюу планынын бир бөлүгү экенин эч ким танбайт.

Бүгүнкү күндө жардам таратуу борборлорунда БУУ өзү «өлүм тузактары» деп атаган бул борборлордо болуп жаткан көрүнүштөр жана алардын башкарылышы баскынчы жардам маселесин согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып жүргүзүп келген ошол эле ыкма жана максаттар менен колдонуп жатканын дагы бир жолу тастыктайт. Ал максат, «же ачтан өлүү, же көчүрүлүү».

Мындан ары деталдуу караганда, баскынчынын жийиркеничтүү жана жапайы жүзү андан да ачык көрүнөт. Алар жардам маселесин өзүнүн кара ниеттүү максаттарына жетүү үчүн колдонууда. Жардамды айрым адамдарды аңдууга, издөөдөгү адамдарды аныктоого же муктаждык жана ачарчылык абалын пайдаланып, айрымдарды саткынчылык жолуна түртүүгө же көз карандылыкты жайылтып, коомдук түзүлүштү ичинен бузууга карата колдонгон.

Газанын өкмөттүк маалымат бөлүмүнүн билдирүүсүнө ылайык, төрт учур катталып, анда АКШдан келген ун баштыктарынын ичинен «Oxycodone» түрүндөгү баңгизат таблеткалары табылганы күбөлөр тарабынан кабарланган.

Ошондой эле, секторду башкара турган жаңы түзүмдөрдү жана уюмдарды түзүү планы да бар болчу. Мисалы, алардын уруулардын жана үй-бүлөлөрдүн колу менен башкарууга аракет кылган, бирок ал аракети ийгиликсиз болгон.

Мындан сырткары, ички башаламандык чыгарып, кектешүү жана каршылыктарды тутандыруу максатында да аракеттер жасалууда. Мисалы, жардамдарды уурдоочу топторго байланыштуу болуп жаткан окуялар. Булардын эң көрүнүктүү мисалы Ясер Абу Шабаб жетектеген топ. Ал Рафах шаарынын чыгыш тарабында яхудий армиясынын көзөмөлүндөгү аймакта, каракчылардан турган топту жетектейт.

Ошондой эле, адамдарды жардам борборлоруна топтоп, Газанын көпчүлүк аймактарын жашоочулардан бошотуу аракеттери жүрүп жатат. Бул бүгүнкү күндө Ницарим багытынын борбордук аймагында жана сектордун түштүгүндөгү Рафахтагы АКШ жардам борбору жайгашкан жерде болуп жатат.

Ар кандай шарттарда яхудий түзүмү жардам таратуу борборлорунун ичинде да адамдарды өлтүрүүнү токтоткон жок. Бул зулумдуктун, башаламандык менен коркунуч, үрөй учуруунун ачык көрүнүшү. Күн сайын жардам таратуу процесстерине байланыштуу үрөй учурган кадрлар келип жатат, баскынчы күчтөрүнүн эл менен мамиле кылуу ыкмалары да ошол бойдон.

Ар күнү жардам күткөн ачка эл арасынан ондогон адамдардын шахид болгондугу же жаракат алганы тууралуу кабарлар айтылып жатат. Мисалы, Газадагы өкмөттүк маалымат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, жума күнү, 2025-жыл, 27-июнда, «өлүм тузактары» жана элди массалык түрдө торго түшүрүү борборлору түзүлгөндөн бери бир ай ичинде 549 шахид, 4 066 жарадар жана 39 дайынсыз жоголгон адам катталган.

Бул болсо жардам маселесинде баскынчы армиянын, кыргынчыл мамилесин дагы бир жолу ырастайт. Алар жардамды киргизүүгө мажбур болду, бирок өзү өлтүрүү жана ачарчылык саясатын колдонууну артык көрдү. Жардамды киргизүүгө аргасыз болгондон кийин да аны эң жаман, кара ниеттүү максаттарга колдонууга аракет кылды. Биз ар дайым кайталап келгенбиз. Газа маселеси тамак-аш же гуманитардык жардам маселеси эмес. Бул жок болушу керек болгон оккупация маселеси. Бул бошотулушу зарыл болгон басып алынган ислам жери маселеси.

Газа маселесин гуманитардык жардам өңүтүндө гана карап, аны ошол бурчтан талкуулоо, бул сектордогу кризистен чыгуу үчүн тыштан кийлигишүүнү жана башкарууну таңуулоо аракеттери. Ал эми чынында Газа маселеси жалпы үммөттүн бир бөлүгү катары каралышы керек.

Газа душманына баш ийүүдөн баш тарткан, кайраттанып туруштук берген жер. Башкалар кулчулукка көнүп калган кезде Газа көтөрүлдү, душманына каршы турду, ошондуктан ал чоң курмандыкты төлөп жатат. Газа маселеси үммөт маселеси, анда ошол кичинекей, бирок жаркыраган, багынып бербеген бөлүктү өчүрүп салуу аракеттери жүрүп жатат. Бул бөлүк талкаланып, сындырылып, башкаларга сабак жана эскертүү болушу үчүн жок кылынмакчы.

Газа маселеси — бул арам ойлуу башкаруучулардан улам шал болуп калган үммөттүн маселеси. Алардын коркоктугу жана жооштугу аны ар дайым соккуга кабылтып келет. Ал соккулар биринин артынан бири түшүп жатат, ал эми үммөт болсо унчукпай, кыймылсыз карап отурат. Бул болсо алардын душмандарына жана алардын кызматкери болгон башкаруучуларга ондогон жылдар бою баш ийүүсүнүн натыйжасы.

Чечим жана куткарылуу жолу тууралуу айтсак, Газа маселеси яхудий түзүмүнүн жана аны коргоп, жашап турушун камсыздап жаткан мусулмандардын башкаруучу режимдеринин бар болушунда. Мына ошондуктан, бүгүн бардык жоопкерчилик ислам үммөтүнүн жана анын тирүү күчтөрүнүн мойнунда. Алар өз бийлигин кайра колго алып, көкүрөгүнө отуруп алган бул режимдердин үстөмдүгүнөн кутулушу керек.

Бул башкаруучулар Газа элин өлтүрүүдө жана кыргында яхудий түзүмүнүн шериктери. Алардан кутулуу Газага болгон жолду гана эмес, бүтүндөй Палестинаны бошотууга ача турган кадам. Газа өз туруктуулугу, сабырдуулугу жана курмандыгы менен силерге дем-күч, үлгү болушу керек. Ал жолду жарык кылган чырак болсун.

Ишенгиле, башкаруучу режимдердин эзүүсүнөн кутулуу жолунда жогото турган нерсеңер, алар такта кала берген шартта жана силер аларга баш ийип, алардын зомбулук башкаруусунда жашай берген учурда жогото турган нерсеңерден кыйла жеңил жана аз болот.

Устаз Халид Саид

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here