Эл аралык күчтөрдүн күчөтүлгөн кутуму Шам революциясынын максаттары менен туруктуулугун ишке ашырууга жол бербөө үчүн тынымсыз уланып жатат

62
0

Эл аралык күчтөрдүн күчөтүлгөн кутуму Шам революциясынын максаттары менен туруктуулугун ишке ашырууга жол бербөө үчүн тынымсыз уланып жатат

Алла Таала Шам элин 2024-жылы 8-декабрда эртең менен залим жырткыч диктаторду кулатуу менен колдоп, аларды улуу жеңишке жеткирди. Бул Американын жетекчилиги астындагы бүтүндөй дүйнө тарабынан революцияны басып, аны максатынан ажыратуу үчүн курулган чоң кутумга карабастан жүзөгө ашкан жеңиш болду. Бирок Шам элинин каалоосу, кайраттуулугу, бекем ыйманы жана жөнөкөй мүмкүнчүлүктөрү бул чоң басымга карабай акырында жеңишке жетти.

Бул улуу жеңиштен кийин күрөш токтоп калган жок, тескерисинче, аскерий майдан саясий майданга өттү. Шам эли кылмышкер режимге каршы күрөшүндө жеңишке жетишти. Бул каапыр Батыш үчүн чоң көйгөй болуп эсептелет. Ошондуктан, алар Шам элин көзөмөлгө алууга, бул жеңишти колдорунан тартып алууга жана аларды Раббисинин шариатын колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга аракет кылууда. Алар бул үчүн Сирияны башкарып жаткан жаңы администрациянын алсыздыгынан пайдаланууда, секулярдык режимди бекемдөө үчүн ага кысым көрсөтүп, Сирияны кайрадан эл аралык кутум режиминин жана анын кылмышкер институттарынын көзөмөлүнө кайтарууну максат кылышууда.

Батыштын Сириядагы саясатын кылдат байкаган адам, анын Сириянын келечегин өзүнө байлап, аны толук көзөмөлдөөгө умтулганын ачык көрөт. Мунун далили, акыркы күндөрү АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Томас Барактын айтканы. Ал: «Биз Сирия президенти Ахмад Шаранын өкмөтүнө өз жөндөмүн далилдөөгө жардам берүү милдетин алабыз», — деп айтты. Ошондой эле, «Сирияны кайра тургузуу үчүн санкцияларды алып салышыбыз керек», — деди. Ошол эле багытта, Түркия президенти Эрдоган 25-июнда (шаршемби күнү) өз өлкөсү Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана саясий биримдигин сактоо аркылуу анын туруктуулугун колдоону уланта турганын ырастады.

Демек, мамлекеттердин жаңы администрациянын «бутуна турушуна» жардам берүү аракеттери ачык көрүнүп турат. Бирок бул жардам кылмышкер Батыш каалагандай, Алла каалагандай да, Шам эли каалагандай да эмес. Жаңы администрациянын саясатына кылдат назар салган киши анын эң маанилүү маселелерди чечүүдөгү алсыздыгын ачык көрөт. Анда чечкиндүүлүк да, кайраттуулук да жок, ашыкча жумшактык жана кордукка түшүргөн жеңил ойлуулук гана бар. Бул болсо өз кезегинде чоң кырсыктарды, жаман кесепеттерди алып келип, Шам элинин жолуна тоскоолдуктарды коюп, абалды оорлотот. Натыйжада, кайгылуу натыйжаларга жол ачылып, күткөн коркунучтуу сценарийлер жүзөгө ашышы мүмкүн. Мындай шартта мамлекеттер, биринчи кезекте баскынчы яхудий түзүмү, Сирияга куралдуу кийлигишүү үчүн мүмкүнчүлүк табышы толук ыктымал.

Ошондой эле администрациянын бардык исламий аталыштардан баш тартып, улутчулдук жана секулярдык идеяын артына жашынышы эң жогорку деңгээлдеги алсыздык жана жеңилүү. Алар Батыштын ыраазылыгына жетип, өз бийлигин сактап калабыз деп ойлошот. Бирок Алла Таала бул маселени ачык-айкын түшүндүрүп, туура эмес жолдор менен «тажрыйба жүргүзүүгө» эшикти жаап койгон. Алла Таала мындай дейт:

﴿وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ﴾

«Жөөт жана насранийлер, сен алардын динине ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт. Айткын: “Алланын Жолу гана акыйкат жол!”. Ант болсун, эгер сага келген чыныгы билимден соң алардын көңүлдөрү каалаган нерсеге ээрчисең, Алладан сага дос да, жардамчы да болбойт». (Бакара сүрөсү, 120-аят).

Ошондой эле, бул мамлекеттер кызыкчылыктар менен гана иш алып барышы анык болду. Алардын колундагы кагаздар (көзөмөл куралдары) жараксыз болуп калганда, Алланын, Анын Элчисинин жана үммөттүн каарынан кийин, ошол адамдарды жол жээгине ыргытып жиберишет. Кылмышкер Башар жана андан мурдагы саткын башкаруучулар буга эң жакшы далил.

Ислам аталышынан баш тартып, бул сасыган улутчулдук идеясына жабышуу Шам революциясынын таза тарыхын бурмалоого шыктандырат. Муну жакында жогорку шайлоо комитетинин өкүлү Нуар Нажма айткан сөздөрү көрсөттү. Анын канчалык деңгээлде чындыкты бурмалоого жана революциянын исламий мүнөзүн жок кылууга аракет кылып жатканы Шам элин таң калтырды. Бирок бул тарых ушунчалык чоң жана улуу, аны эч бир алдамчы бурмалай албайт.

Он төрт жыл бою Шам эли эң кымбат уул-кыздарын курман кылып, кылмышкер режимди кулатууга жана алардын ишенимине таянган адилеттүү түзүм орнотууга аракет кылып келет. Алар ошол ишеним менен режимге жана анын жамаатчылык, расисттик түзүмдөрүнө каршы күрөшүп жатышат. Бул жолдо эч ким өз канын, мал-мүлкүн жана жанын жаңы жүздөр менен ошол эле кылмышкер режимди кайра түзүп чыгуу үчүн же Алланын каарына кала турган секулярдык өкмөткө катышуу үчүн курмандыкка чалган жок.

Бул жолдо берилген курмандыктар Алла жолунда, Анын ыраазылыгы үчүн гана берилди. Шам эли бул жолго топтолуп, максаттарына жетүүнү талап кылып жатышты. Алар революциясын улгайгандар жана балдар, аялдар жана эркектер менен бирге улантышты. Мечиттерден чыгып, ураандарын жана талаптарын ачык айтып, исламий революциянын демин билдиришти. Алар «Алла үчүн, Алла үчүн жана Алланын шариатын колдонуу үчүн», «Биз Алладан башка эч кимге жыгылбайбыз», «Биздин түбөлүктүү лидерибиз Мухаммад » ураанын чакырышты. Алар Алланын ыраазылыгын гана издешти. Ошондуктан, алар курмандыкка, шахиддикке, мал-мүлкүн жана жанын арноого даяр болушту. Анткени алар «эки жакшынын бирине» (же жеңишке, же шахиддикке) жетүүнү күтүп жатышты. Айрыкча, дүйнөдөгү бардык мамлекеттер аларды таштап, кутум уюштурганда, бул революция ачык чыгып, Алланын ыраазылыгын жана Анын сөзүн бийик көтөрүүнү максат кылып, эч нерседен чочубай алдыга жылды.

Залимдин кулатылганына алты айдан ашык убакыт өттү. Бирок Шам эли бүгүнкү күнгө чейин жаңы администрациядан өздөрүнүн талаптарын жана максаттарын аткарууну күтүп жатат. Төмөндөгү талаптар үчүн алар каны-жанын берип күрөшүшкөн: Исламды өкүм жүргүзүү, мамлекетине тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнөн арылуу, Башардын качкан тарапкерлерин жана колун канга боёгондорду жоопко тартуу, адилеттүүлүктү орнотуу жана кылмышкер режимдин бандалары менен жалданмачылары уурдап кеткен өлкөнүн байлыктарынан пайдалануу.

Бул учурда көп адамдардын акылында суроолор жаралууда. Алар жаңы администрациянын айрым көрүнүштөрүнө жана жүрүм-турумдарына таң калып жатышат. Эл арасында таң калуу менен «Баргыла, силер бошсунар!» деген сөз айтыла баштады. Бул сөз качкан режимдин калдыктарына жана кылмышкер «шабиха» (эски режимдин элеси болуп калган кадрлары) топторуна багытталган. Эл суроо салып жатат: революциячыларды катуу азапка салган бул шабихаларга кандайча кечирим берилет? Алар кандайча сыйланып, жаңы мамлекетте жогорку жана маанилүү кызматтарга дайындалып жатат? Мисалы, аларды ички коопсуздук башкармалыгына жумушка алуу, кылмышкер Фади Сакир сыяктуу адамдарды «коомдук тынчтыкты» сактоо комитетинин жетекчилигине коюу, ал камактагы шабихаларды бошотуп, улам-улам кийинки топторду чыгарып жатканын көрүп жатабыз. Ошондой эле, Асаддын жакын адамдарынын бири кылмышкер Ахмад аль-Умар элдик жыйналыштын шайлоо комитетинин кеңешчиси кылып дайындалды.

Бул абал 2025-жылы 10-июнда өткөн «коомдук тынчтык» конференциясында ачык көрүнүп калды. Бул конференцияны «коомдук тынчтык комитетинин» мүчөсү Хасан Суфан жетектеп, жаңы администрациянын ички иштер министрлигинин өкүлү Нуриддин аль-Баба катышты. Бул конференция «жансыздаруучу ийне» сымал, эч кандай натыйжасы жок болду. Андагы сөздөр кылмышкерлерди жана офицерлерди «коомдук тынчтыкты сактоо» шылтоосу менен бошотууга багытталган шылтоолор жана жүйөлөр болду. Алар «Дамаск өкмөтү өткөөл адилеттикти ишке ашырганга чейин» деп акташууда. Бул менен алар канын төккөн, кымбат баалуу нерселерин курман кылган адамдардын ачуусун басабыз деп ойлошууда.

Бүгүн Шам эли Алла Тааланын чоң сыноосунда турат. Алла аларга жеңиш берип, урмат-сый көрсөткөндөн кийин, эми алар бул жеңиш үчүн шүгүр кылып, Алланын жеринде шариатын колдонуп, эл арасында адилеттүүлүктү орнотуп, качып кеткен режимдин ыплас калдыктарынан өч алып, Алла Таала айткандай болушу керек.

﴿لَئِن شَكَرْتُمْ لَأَزِيدَنَّكُمْ وَلَئِن كَفَرْتُمْ إِنَّ عَذَابِي لَشَدِيدٌ﴾

«Ант болсун, эгер берген нематтарыма шүкүр кылсаңар, албетте (аларды дагы да) арттырамын. Анан, эгер (нематыма) каапырдык кылсаңар, албетте азабым да абдан катуу» (Ибрахим сүрөсү, 7-аят).

Же — Алла сактасын — алар Алланын ырайымын жана жеңишин унутуп, бүгүнкү чоң бузукулуктарга унчукпай, революциянын чыныгы маңызын бурмалоого жана жеңиштин жемишин колдорунан жулдуруп алууга жол беришсе, анда алар жөнүндө мындай айтылат:

﴿وَإِنْ تَتَوَلَّوْا يَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُونُوا أَمْثَالَكُمْ﴾

«Эгер силер (Аллага моюн сунуудан) жүз буруп кетсеңер, Ал Зат (ордуңарга) силерден башка бир коомду алмаштырып койот. Андан кийин алар силерге окшогон болушпайт, (Тескерисинче Аллага моюн сунуп сыйынышат)!» (Мухаммад сүрөсү, 38-аят).

Биз Шамдагы туугандарыбызга мындай дейбиз. Силерди үммөтүңөр жана бүт дүйнөдөгү мусулмандар кандай таанып-билсе, ошол бойдон болгула. Жүрүшүңөрдү Аллага тобокел кылып, бекем уланткыла. Мунафыктар менен кылмышкер жетекчилердин кулагына жагымсыз ураан менен жарыялагыла. «Ооба! Рашид Халифалыкты орнотуу жана жалгыз Алланын шариатын колдонуу үчүн аракет кылгыла! Алла силер менен жана силердин ишиңерди текке кетирбейт.

Устаз Шади аль-Аббуд

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here