Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Мамлекет өз мүлкүнөн калкка берүүсү
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Ат-Тирмизи өзүнүн “Сунанында” мындай риваят кылат:
1301 – قَالَ قُلْتُ لِقُتَيْبَةَ بْنِ سَعِيدٍ حَدَّثَكُمْ مُحَمَّدُ بْنُ يَحْيَى بْنِ قَيْسٍ الْمَأْرِبِيُّ حَدَّثَنِي أَبِي عَنْ ثُمَأمة بْنِ شَرَاحِيلَ عَنْ سُمَيِّ بْنِ قَيْسٍ عَنْ سُمَيْرٍ عَنْ أَبْيَضَ بْنِ حَمَّالٍ أَنَّهُ وَفَدَ إلى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَاسْتَقْطَعَهُ الْمِلْحَ فَقَطَعَ لَهُ فَلَمَّا أَنْ وَلَّى قَالَ رَجُلٌ مِنْ الْمَجْلِسِ أَتَدْرِي مَا قَطَعْتَ لَهُ إِنَّمَا قَطَعْتَ لَهُ الْمَاءَ الْعِدَّ قَالَ فَانْتَزَعَهُ مِنْهُ
“Абяд ибн Хаммалдан риваят кылынды. Ал Аллахтын Элчиси, (саллаллаху алейхи уа салламдын) алдына келип, андан туз кенинен бөлүп берүүсүн суранды, ал ага андан кесип берди. Ал бурулуп кеткенде, жыйналыштан бир киши: Ага эмне бөлүп бергениңди билесиңби, сен ал үчүн түгөнгүс сууну бердиң”, – деди. Ал аны андан кайтарып алды.
Ат-Тирмизи бул хадисти шейх Кутайбага окуп берген жана бул аны түшүнүүнүн жолдорунун бири. Суютий “Тадриб ар-Равиде” мындай деген: Эгерде кимдир-бирөө шейхке: Баланча бизге кабарлады деп, сен айткандай, баланча бизге кабарлады деп айтып жатса жана шейх аны угуп, түшүнүп, сөздү четке какпастан же тастыктабай турган болсо, анда угуу жарактуу болот. Көрүнүп турган далилдерге таянуу менен риваят жаиз болгон.
وَفَدَ “Вафада” ал келди дегенди билдирет.
اِسْتَقْطَعَهُ “Истактаьху” аны берүүсүн суранганын билдирет.
الْمِلْحَ “Туз” туз кенин билдирет.
فَقَطَعَ لَهُ “Ага кесип берди” Анткени Салаллооху алейхи уа салам, ал эмгек жана аракет менен андан туз чыгарат деп ойлогон.
فَلَمَّا أَنْ وَلَّى “Ал бурулуп кеткенде”.
قَالَ رَجُلٌ مِنْ الْمَجْلِسِ “Жыйналыштан бир киши айтты” Таййибинин айтканы боюнча Акраъ ибн Хабис Ат-Тамими жана ал Аббас ибн Мирдас деп да айтылган.
الْمَاءَ الْعِدَّ “Аль-Маъул-Идд” Айнда касра жана далда шадда бар, токтобогон туруктуу сууну билдирет. (لْعِدُّ даярдалганды билдирет.
«Ооба» деди. Бул анын сөзүнө байланыштуу. Мен Кутайба ибн Саидге айттым, Мухаммад ибн Яхья силерге айтты ж.б. башкача айтканда Ат-Тирмизи устазы Кутайбага айтты, Мухаммад ибн Яхья силеге айтты ж.б., Кутайба муну тастыктап, ооба деди.
Бул хадис мамлекет мүлкүнөнөн кол алдындагыларга берүүсү жаиз экендигине далил. Абяд бин Хаммал Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдан) ага мамлекеттин менчигинен бир жер тилкесин берүүнү сурангандыктан, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) ал жерди ага берди. Эгер берилген ал жерде үзгүлтүксүз көп өлчөмдө туз болбогондо, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) белегин кайра тартып алмак эмес. Көп өлчөмдөгү кен жеке менчик болушу мүмкүн эмес, тескерисинче, ал умумий мүлк болуп, мамлекеттик менчикте болушу керек. Ошондуктан, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) көп өлчөмдөгү туз кенин жеке менчик кылып берүүдөн карманган, анткени ал жер коомдук менчик болуп саналган.
Жер мамлекеттин менчигинде болгондо, Аллахтын Элчиси, (саллаллаху алейхи уа саллам), Аз-Зубайрга чоң жер берген сыяктуу, Мадинага келгенде Абу Бакр менен Умарга да чоң жер бөлүп берген.
Бул хадисте айтылгандай, мамлекет мүлкүнөн өз жарандарына берүүсү накталай акча болобу, жер болобу, товар же башка болобу айырмасы жок уруксат.
Мамлекеттин мындай берүүсү шарьий жол аркылуу мүлкө ээлик кылуу себептеринин бири болуп саналат.
Халифа же анын орун басары, валийлер же аамилдер мамлекеттин мүлкүнөн жарандардын муктаждыктарын канааттандыруу же алардын мүлктөрүнөн пайда алуу үчүн аларга бере алышат.
Муктаждыктарын канааттандыруу мисалдары төмөнкүдөй: мамлекет жеке адамдарга карыздарын төлөө үчүн акча берүүсү… же дыйкандарга жер иштетүү үчүн акча берүүсү.
Алардын мүлктөрүнөн пайда көрүү мисалдары: мамлекет үммөттүн жеке адамдарына өз мал-мүлкүн жана пайдаланылбай калган акчасын менчикке берет, мисалы, аларга бир аз жер берип, алар ал жерди иштетип, адал акча таап, өндүрүшү менен коомго пайда келтиришет. Мамлекеттин жеке адамга бөлгөн нерсеси менен анын жеке менчигине айланат.
Мамлекеттин жарандарга акчасын берүүсүнүн натыйжасы– жандуу экономикалык активдүүлүктү стимулдаштырууда, коом үчүн зарыл болгон айыл чарба жана өнөр жай материалдары менен камсыз кылат. Кесилген жер ээн, жараксыз болсо да, бирок кимдир-бирөөгө берилгенде ал жерди иштетип, түшүмдүү, ылайыктуу жерге айландырат, ошентип киреше булагын таап өзүнө жана мамлекетке кызмат кылат жана муктаж болгон товарлардын же тамак-аштын бир бөлүгүн өндүрүү менен коомго кызмат кылат. Бул жумушсуздукту жоюу жана жерди инвестициялоо жолдорунун бири.
Ал эми жерди реформалоо, эң оболу, мамлекет менен анын жарандарынын ортосундагы мамилени чыңдайт, анткени ал мамлекеттин жарандарына болгон камкордугун жана алардын кызыкчылыктарына кам көрөрүн жана алардын муктаждыктарын камсыздашын шарттайт, бул бүтүндөй коомго пайда жана кызыкчылыкты кайтарат.
Мамлекеттин жеке адамдарга бергенине, аскерлерине олжо катары тараткан нерселери жана имам олжодон алууга уруксат берген нерселер да кирет. Булардын баары шарият тарабынан уруксат берилген каражаттар жана аларга ээлик кылуу шарьий жол аркылуу болуп саналат. Мунун азыр вакыйы жок болсо да, жакынкы келечекте үммөттүн турмушуна анын реалдуулугу кайтып келет... ..Аллах кааласа, жакында Халифалык мамлекети тикеленгенде, өткөн Халифалыктые мурасын кайра жандандырат, жихад чырагын көтөрүп, жерлерди фатх кылып, олжолорду Аллах жолунда мужаахиддерге бөлүштүрөт.
Оо Аллахым ошол күндү тезирээк кыл… Оо Аллахым аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 17-мухаррам.
2025-ж, 12-июль.