Колониалдык карта жана унутулган акыйкат

20
0
Колониалдык карта жана унутулган акыйкат

Жеңилгендер тарых барактарын  дээрлик жазбайт. Өзгөчө, өтмүштөгү империялар  өздөрүнүн колониалдык тарыхын кооз түстөргө боёп, жайылуусун “цивилизациялык милдет” деп, баскынчылыгын болсо илимий эрдик катары көрсөтүүгө аракет кылышат. Мындай мамилени Кыргызстанда эстелиги орнотулган, ал тургай анын сүрөтү почта конверттеринде колдонулган Петр Семёнов-Тянь-Шанскийдин ишмердүүлүгүнөн байкасак болот. Гезит бетинде жана окуу китептеринде ал Тянь-Шань тоолорун жана Ысык-Көлдү ачып берген калыс илимий изилдөөчү катары көрсөтүлөт.  Бирок бул илимий сырткы келбеттин артында империялык саясаттын чыныгы максаттары жашырылган, жер карталары жана гербарийлер жаңы аймактарды баш ийдирүүнүн биринчи тепкичи гана болгон. Орус армиясынын офицери Петр Семёнов Тянь-Шаньский жөн гана “изилдөө” жүргүзгөн эмес. Ал чалгындоо кызматын кылган. Ал стратегиялык ашуулардын, ресурстардын жана калктуу пункттардын үстүнөн байкоо жүргүзгөн. Анын экспедициясы регионду аскердик жана административдик басып алууга системалуу даярдыктын бир бөлүгү болгон. Ар кандай  баскынчылык саясаты ишке ашуусунан мурда илимий же маданий экспедиция жүрүп, андан кийин аскерлер киргизилип, башкаруучу чиновниктер, андан соң империянын мыйзамдары киргизилген. Акыры, кандайдыр бир каршылыктар бастырылып, жергиликтүү калкты толук баш ийдирүү үчүн баскынчы элдин жер которуучулары каптайт. XIX кылымдагы Түркстандын тарыхы — бул илимпоздорго ыраазычылык айтуу үчүн кучак жайып тосуп алган “тоолуктардын” тарыхы эмес. Бул айыгышкан каршылык, көтөрүлүштөр жана аларды күч менен басуу тарыхы. Бул жергиликтүү акимдер менен түзүлгөн убактылуу митаамдык келишимдер жана көп өтпөстөн алардын бийлигинен ажырашынын тарыхы. Ошондуктан, Семёнов-Тянь-Шаньский кыргыздарга карта “белек кылды” жана ошону менен регионду дүйнөлүк процесстерге кошту деп айтуу чоң ката. Бул сырткы душмандын баскынчылык саясатын көз жаздымда калтыруу дегенди билдирет. Акыйкатта, бул биз силерге карта — силер бизге жер бересиңер дегени эле. Кийинчерээк Кауфман, Черняев, Скобелев генералдарынын экспедициялары Орус империясынын региондо бийлигин биротоло бекемдеген. Ошол эле учурда аскердик аракеттер империялык тарыхта жазылгандай “каракчыларга” каршы эмес, өз эркиндигин сактоого аракет кылган жергиликтүү кыймылдарга (басмачыларга) каршы жүргүзүлгөн. Басып алуу жортуулдары кыргыздарды Кокон хандыгынан “бошотуу” зарылчылыгы менен акталганы менен, көп өтпөстөн максат орус бийлигин орнотуу экени айкын болгон. Жада калса Кыргызстандын мектеп окуу китептеринде да эл бул иштер боштондук үчүн эмес, орус падышалыгы баш ийдирүү үчүн кирип келгенин түшүнгөнүн белгилейт. Тарыхый чындык калыс көз карашты талап кылат. Семёнов-Тянь-Шанский Кыргызстанды Орус империясынын курамына кошуу жараянынын бир бөлүгү болгон, жана анын ишмердүүлүгүн колониалдык контексттен ажыратып кароого болбойт. Анын географ катары эмгектери анын экспедициялары империянын кеңейүү кызыкчылыктарына кызмат кылган фактыны жокко чыгара албайт. Петербургдагы музейлерде ушул күнгө чейин анын бул жерлерден чогулткан коллекциялары сакталып турат. Ал жерден алынып, менчиктештирилген буйум тайымдар, илимий баалуулуктар, маданий буюмдар баскынчылык символу катары сакталууда. Учурда Балыкчы шаарындагы Семёновдун эстелигинин тагдыры коомдук талкууну жаратып жаткан чакта бир нерсени эстен чыгарбоо керек, сөз бир эле адам жөнүндө жүрүп жаткан жок, бул жергиликтүү элдин өз тарыхын акыйкат чечмелөөгө болгон акысы жөнүндө жүрүп жатат. Тарых — бул оңдоп түзөп койюучу гүлбак эмес, бул акыйкат окуялар күзгүсү. Эгер бул күзгүдө колониалдык зордук-зомбулук чагылып жатса, аны почта маркаларынын сүрөттөрү менен жылмалап коюуга болбойт.  Жомокторду токубай, чындыкты жазуу керек.

Латыфул Расых

 

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here