Жумушчуга айлыгын өз убагында берүү

32
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Жумушчуга айлыгын өз убагында берүү

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ибн Мажа өзүнүн “Сунанында” мындай риваят кылган:

حَدَّثَنَا الْعَبَّاسُ بْنُ الْوَلِيدِ الدِّمَشْقِيُّ حَدَّثَنَا وَهْبُ بْنُ سَعِيدِ بْنِ عَطِيَّةَ السَّلَمِيُّ حَدَّثَنَا عَبْدُ الرَّحْمَنِ بْنُ زَيْدِ بْنِ أَسْلَمَ عَنْ أَبِيهِ عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عُمَرَ قَالَ حَدَّثَنَا الْعَبَّاسُ بْنُ الْوَلِيدِ الدِّمَشْقِيُّ حَدَّثَنَا وَهْبُ بْنُ سَعِيدِ بْنِ عَطِيَّةَ السَّلَمِيُّ حَدَّثَنَا عَبْدُ الرَّحْمَنِ بْنُ زَيْدِ بْنِ أَسْلَمَ عَنْ أَبِيهِ عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عُمَرَ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَعْطُوا الْأَجِيرَ أَجْرَهُ قَبْلَ أَنْ يَجِفَّ عَرَقُهُ

Бизге Аль-Аббас ибн Валид ад-Дамашки Абдуллах ибн Умардан риваят кылды. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: Жумушчунун акысын анын тери кургай электе бергиле”.

Ас-Синдинин Ибн Маажага жазган тафсиринде мындай деп айтылган:

أَعْطُوا الْأَجِير “Жумушчунун акысын бергиле муктаждык аткарылгандан кийин ага акысын тезирээк берүү керек дегенди билдирет.

قَبْل أَنْ يَجِفَّ عَرَقه “Тери кургай электе жумуш менен алек болуу себептүү тердегенди билдирет.

Урматтуу бир туугандар!

Бул хадис жумушчунун жумушу бүтөрү менен акысын төлөп берүүгө шашылууга жана азыркы учурда көптөгөн бизнес ээлери сыяктуу акы төлөөнү кечиктирбөөнүн маанилүүлүгүнө ишарат кылат. Ушундай болгон соң, иш берүүчү өз жумушчуларына же кызматчыларына эмгек акы төлөөнү ар түрдүү шылтоолор менен кантип кечеңдетет? Өкмөттөр кызматкерлерине алар эмгек акыга канчалык муктаж экенин билип туруп, аларга эмгек акы төлөөнү көптөгөн айларга кантип кечиктиришет? Иштен алган эмгек акысынан башка кирешеси жок жумушчу же кызматчы, тапшырмасын дароо жана кечиктирбестен аткарса да, жан багуу үчүн акча топтоп, чоң кыйынчылык менен ийгиликке жеткенге чейин арты-артынан карыз алууга аргасыз болот. Шарият бизге аманаттарды аткарууга жана алардын чыныгы ээлерине акысын берүүгө буйруйт…

Анда бизге эмне болду? Укукту узурпациялоочу болуп калдыкпы? Башкалардын акысын зулум менен жей турган болуп калдыкпы? Жумушчунун акысын төлөөнү кийинкиге калтырып, анын акчасын иштетип, байлыгын көбөйтүүгө жумшаган ар бир адам арам акчаны жеген болот. Анткени кызматкер жумушун бүтүргөндөн кийин анын акысы анын мүлкүнө айланып, ага иш берүүчүнүн эч кандай акысы жок? Эгерде ал жумушчунун акысын кечиктирсе жана аны ишин жүргүзүп алуу үчүн муктаждыктарына жумшаса, анда ал акысы жок арам акчаны жеген болот.

Аллах аны ырайымына алсын Али ибн Абу Талиб халифа Умар ал-Фарукка: “Сен таза элең, демек алар да таза болушкан, эгер сен жайылсаң алар да жайылып кетишмек”… деди. Ал эми бүгүнкү абалыбыз мына ушундай… Биздин акимдер жайылып ыйыкты бузуп арамды адал кылышты, алар менен кошо ар бир зулумкор жайылды, ал кыйроонун булагы болуп калды.

Үңкүрдүн ичинде түртүп өтө албаган таш менен камалып калган үчөөнүн окуясы баяндалган хадисте айтылган. Алар жакшы амалдары менен Аллахтан жардам, куткаруу суранышты, алардын үчүнчүсү айтты:

اللَّهُمَّ إِنِّي اسْتَأْجَرْتُ أُجَرَاءَ فَأَعْطَيْتُهُمْ أَجْرَهُمْ غَيْرَ رَجُلٍ وَاحِدٍ تَرَكَ الَّذِي لَهُ وَذَهَبَ فَثَمَّرْتُ أَجْرَهُ حَتَّى كَثُرَتْ مِنْهُ الْأَمْوَالُ فَجَاءَنِي بَعْدَ حِينٍ فَقَالَ يَا عَبْدَ اللَّهِ أَدِّ إِلَيَّ أَجْرِي فَقُلْتُ لَهُ كُلُّ مَا تَرَى مِنْ أَجْرِكَ مِنْ الْإِبِلِ وَالْبَقَرِ وَالْغَنَمِ وَالرَّقِيقِ فَقَالَ يَا عَبْدَ اللَّهِ لَا تَسْتَهْزِئُ بِي فَقُلْتُ إِنِّي لَا أَسْتَهْزِئُ بِكَ فَأَخَذَهُ كُلَّهُ فَاسْتَاقَهُ فَلَمْ يَتْرُكْ مِنْهُ شَيْئًا اللَّهُمَّ فَإِنْ كُنْتُ فَعَلْتُ ذَلِكَ ابْتِغَاءَ وَجْهِكَ فَافْرُجْ عَنَّا مَا نَحْنُ فِيهِ فَانْفَرَجَتْ الصَّخْرَةُ فَخَرَجُوا يَمْشُون

“Оо, Аллах мен жумушчуларды жалдап, алардын акысын бердим, бир гана киши өзүнө тешелүү акысын таштап кетип калган. Мен анын акысын иштетип көбөйгөнгө чейин көбөйткөм. Анан бир убактан кийин мага келип: Оо, Аллахтын пендеси, акымды бер, – деди. Мен ага: Төөдөн, уйдан, койдон, кулдан турган айлыгыңдын баарын көрүп турасың,— дедим. Ал айтты: Оо, Алланын пендеси, мени шылдыңдаба. Мен: Мен сени шылдыңдап жаткан жокмун,– дедим. Ошентип, анын баарын алып, эч нерсесин калтырбай айдап кетти. Ал айтты: Оо, Аллах, эгер мен муну Сенин ыраазычылыгың үчүн кылган болсом, анда биз ичинде турган нерседен бизди куткар. Ошондо, таш экиге бөлүнүп, алар чыгып кетишти”.

Бул окуяны пайгамбарыбыз (с.а.в) айтып, бизге үйрөтүп, туура жолго салды... Мына ушул чынчыл адамдай жумушчунун укугун билип, аны сактап, ээсинин пайдасына жумшаган адамды кайдан табабыз?

Элчи бүгүн арабызда жок, бирок ал бизге үйрөтүүчү жана туура жол көрсөтүүчү бир нерсе калтырды. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:

(تركت فيكم ما ان تمسكتم به لن تضلوا بعدي ابدا : كتاب الله وسنتي )

“Мен силердин араңарга менден кийин эч качан адашпай турган нерсени калтырдым: Аллахтын Китеби жана менин Сүннөтүм”.

Жахилдер Аллахтын Китебин жана Анын Пайгамбарынын Сүннөттөрүн алсыратышты. Анткени ал экөөнү башкаруудан жана бийликтен четтетишти. Жумушчулардын жана кызматчылардын укуктары ал тургай бүтүндөй үммөттүн укуктары сыяктуу эле жоголуп тебеленип тепселди, ач көз жана зулум адамдар ишенимдүү камкорчусу (Халифа) жок болгон учурда Аллахтын ыйыктарын бузушту. Келгиле, укуктар өз ээлерине кайтарылып, адилеттик менен жарык дагы бир жолу жер жүзүнө жайылышы үчүн камкорчубузду жана коргоочубузду калыбына келтирүүгө аракет кылалы… Бул Аллах үчүн алыс эмес.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1447-х, 15-мухаррам.

2025-ж, 10-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here