Жапайылык жана жазасыз калуу менен мүнөздөлгөн капиталисттик аң-сезим

27
0

Басма сөз баянаты

 Жапайылык жана жазасыз калуу менен мүнөздөлгөн капиталисттик аң-сезим

Кенияда үч полиция кызматкерине 31 жаштагы блогерди өлтүрдү деген айып коюлду. Ал быйылкы жыллын башында полиция кармагандан кийин каза болгон. Альберт Ожуангынын өлүмү Кенияда ачууланууну жаратты жана адилеттик талап кылган нааразылык акциялары өткөрүлдү.

Хизб ут-Тахрир / Кения вилаяты төмөнкү жагдайларга көңүл бургусу келет. Кения сыяктуу секулярдык-либералдык түзүмдөгү коопсуздук органдары — бул элди көзөмөлдөп, каршылыкты басуу үчүн британдыктар колдонгон колонизатордук түзүмдүн уландысы. 1950-жылдары кениялыктар өздөрүн өзү башкаруу укугун талап кыла баштаганда, британ полициясы жана башка коопсуздук күчтөрү ондогон миң адамды камап, миңден ашуун адамды дарга асышкан. Полиция күчтөрү кадимки элди башкаруучу бийликке коркунуч катары көрүшөт. Мындай мамиле башынан эле колонизатордук башкарууну орнотуу үчүн түзүлгөн, элди коргоо үчүн эмес.

Идеологиялык жактан алып караганда, секулярдык-либералдык режимдер адам өмүрүнөн жана мүлкүнөн жогору пайда жана кызыкчылыкты ыйык тутат, бул болсо коррупцияны, жазасыз калууну жана мамлекетти менчиктештирүүнү саясий нормага айлантат. Мына ушундай шартта, мамлекеттик түзүмдөр тарабынан жасалган жазасыз өлтүрүүлөр — оппозициянын үнүн басуу жана тоталдык коррупцияны ашкерелөө аракеттерин токтотуунун жалгыз жолу болуп саналат.

Мындан тышкары, мамлекеттик түзүмдөрдүн кол салуусу жана кыйноолору — бул глобалдык көрүнүш, Кенияга гана тиешелүү эмес экенин баса белгилеп кетүү зарыл.

Биз адамдардын өмүрү, тактап айтканда бардык жан заттардын өмүрү ыйык экенин жана мамлекет тарабынан эч кандай коркунуч же тарапкерчилик болбостон толук корголууга тийиш экенин баса белгилеп айтабыз. Исламда адам өмүрүн коргоо өтө маанилүү маселе болуп саналат жана бул Аллах Тааланын аманаты катары каралат. Исламда адамдын жанын кыюу чоң күнөө болуп эсептелет, анын кадыр-баркын сактоо жана коргоо бардык адамдар үчүн буйрулган.

Биз муну да белгилеп кетебиз, жакын арада, Аллахтын уруксаты менен тикелене турган Пайгамбарлык жолундагы рашид Халифалыктын тушунда полиция күчтөрү коомдук тартипти сактоо, мыйзамдарды ишке ашыруу жана кылмыштарды тергөө үчүн жооптуу болот. Кыйноого катуу түрдө тыюу салынат, жана кайсы даражада болбосун полиция кызматкери — ал мусулмангабы же мусулман эмес адамгабы — кандайдыр бир зордук-зомбулук же кыйноо жасаганы үчүн айыпталса, сөзсүз жоопко тартылат. Ошентип, полиция күчтөрү мыйзамды жана тартипти сактоого, демек, калктын өмүрүн жана мүлкүн коргоого толук түрдө милдеттүү болот.

Шаабан Муаллим

Хизб-ут-Тахрирдин Кениядагы маалымат бөлүмүнүн өкүлү

26.06.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here