Саясий ишмерлерди калыптандыруу 2 (Саясий жөндөм)
Буга чейин биз саясий ишмердин туура саясий ой жүгүртүүсүн калыптандыруунун маанилүүлүгүн талкуулаганбыз. Бул ой жүгүртүү акыйдага жана Ислам акйыкатына болгон ишенимге негизделет. Мындай пикирлөө аң-сезимдүү жана максаттуу саясий ишмердүүлүк үчүн негиз болуп саналат, ансыз иш жүргүзүү мүмкүн эмес. Эми биз кийинки маанилүү этапка өтөбүз. Бул саясий кадрларды калыптандыруу маселесин тажрыйбалык көндүмдөр жагынан карап чыгуу. Бул көндүмдөр идеологияны ишке ашыруу жана Исламга негизделген саясий ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн зарыл.
Саясий кадрларды калыптандыруу темасын улантып, саясатчынын реалдуу жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн зарылчылыгын жана ролун карап чыгабыз. Бул эмне үчүн маанилүү? Бул кандайдыр бир жакшылыкка үмүт артып, ыңгайлуу шарт жаралып калар деп күтүү же, андан ары кетип, асмандан бирөө түшүп келип, саясатчынын ишин кылып берүүсүн күтүү эмес, тескерисинче, бул ар бир Ислам саясатчысынын жоопкерчилиги жана конкреттүү кадамдары жөнүндө. Ал Ислам идеясынын жактоочусу катары саясий каршылык шарттарында аң-сезимдүү түрдө жоопкерчилик алуусу жөнүндөгү талкуу.
Саясий ишмер, өзгөчө Ислам саясатчысы, авторитардык режим, репрессия же мыйзам колдонуу аркылуу тосук артында калган шартта иш алып барып жатканда бир гана туура ой жүгүртүүгө жана өткөн чыгарылышта сөз болгондой пикирий кубатка гана таяна албайт. Албетте, бул сапаттар негиз болуп саналса да, реалдуу таасир жана туруктуу күрөш алып баруу үчүн жетишсиз. Чындыгында, ар бир иш-аракет кооптуу шартта конкреттүү көндүмдөргө муктаж болот. Катаал шарттарда ишмердик жүргүзүү, коопсуз байланыш түзүү, жашыруун уюштуруу иштерин жүргүзүү, стратегиялык демилгени сактоо, башкаларды окутуп өстүрүү, команда түзүү, өзүн жана айланасын кысым жана провокациялардан коргоо.
Ошондой эле, тез өзгөрүп жаткан шарттарга ыңгайлашуу, демилгелүүлүк жана туруктуулукту көрсөтүү, ошол эле учурда пикирий биримдикти сактоо маанилүү. Практикалык көндүмдөр кысым шарттарында жөн гана аман калууга эмес, саясий иштин жүрүшүн сактоого жана өнүктүрүүгө, болочок өзгөрүүлөргө негиз салууга мүмкүндүк берет.
Демек, саясий көндүмдөрдү өнүктүрүү бул тандоо эмес, зарылчылык. Бул үммөт, идеология жана Аллах алдындагы жеке жоопкерчиликтин көрүнүшү. Чыныгы саясий ишмер ыңгайлуу шарттарды күтпөйт, ал аракет, даярдык жана чыныгы күрөштүн катышуучусу катары аларды өзү пайда кылат.
Туура ишмердүүлүк жана практикалык иш аракеттин жаркын мисалы катары Пайгамбар Мухаммад (с.а.в.)дын күрөш шартындагы иш-аракеттерин айтсак болот. Анын жолу Аллахка бекем сүйөнүү менен бирге тынымсыз аракет, чечим издөө, пландаштыруу жана өзгөчө татаал жана кооптуу шарттарда чараларды көрүү менен коштолгон.
Ухуд согушунун алдында Пайгамбар (с.а.в.) Аллахка дуба кылды, толугу менен Ага таянды, бирок андан кийин дароо эле ошол учурда мүмкүн болгон бардык иш аракеттерди жасады. Ал үч кат соотту кийип, аскерлерди керектүү таризде жайгаштырды, дөңсөөгө жаа атуучуларды койду жана аларды ордунан бир карыш жылбашы жөнүндө буйрук кылды. Бул жерде рухий жак менен практикалык даярдык, стратегиялык пландоонун айкалышынын мисалын көрүүгө болот.
Дагы бир мисал, Пайгамбар (с.а.в.)дын Меккеден чыккандагы хижрат кылуусу. Ал түз жол менен баспай, түштүк багытты тандап, үңкүрдө жашынды, Асма бинт Абу Бакр аркылуу жабдык жана маалымат байланышын уюштурду, дагы бир койчу издерди жок кылып турду. Булар, өлүм менен өмүр ортосундагы коркунуч турган шартта кылдаттык менен жүзөгө ашырылган коопсуздук чаралары болду.
Бул иш-аракеттер жөн гана тарых эмес, мусулман үчүн өзгөчө кысым жана күрөш шарттарында жол көрсөткүч компас сыяктуу. Пайгамбар (с.а.в.) Аллахтын жардамына ишенүү адамдан активдүү себептерди түзүүнү талап кыларын көрсөттү. Асмандан бир керемет күтпөстөн, жеңилдикке умтулбай, натыйжа үчүн болушунча аракетте болуу бул чыныгы саясий аракет.
Пайгамбардын (с.а.в.) жолун жолдоочу сахабалар да Ислам ишмердүүлүгү коркунуч, куугунтук жана бийлик тарабынан колдоонун жоктугу менен коштолгон шарттарда өзгөчө аракетти жана саясий жетилгендикти көрсөтүштү. Алардын мисалы пикирий кайраттуулук реалдуу иш-аракеттер жана практикалык көндүмдөр менен айкалышканын ачык тастыктайт.
Абу Бакр ас-Сыддык (р.а.) хижратты уюштурууда өзгөчө аракет көрсөттү. Ал Пайгамбарды (с.а.в.) коштоо чечимин гана кабыл албастан, алдын ала төө даярдап, баруучу жолду ойлонуштуруп, жашынуу жана камсыздоону уюштурду. Бул иш-аракеттер баш аламан эмес, узак убакытта кылдат пландаштыруу жана маанилүү иш чаранын алдындагы жоопкерчиликтин мисалы боло алат.
Аммар ибн Ясир (р.а.) жана башка сахабалар Меккеде катуу кыйноолорго дуушар болгонуна карабастан Ислам пикирлеринен кайтпастан иш аракеттерин токтотушкан жок. Алардын туруктуулугу аң-сезимдүү болгон, алар жөн гана чыдап тим болбостон – тыюуларга жана коркутууларга карабастан – акыйкатты жеткирүү, уюштуруу, окутуу жана жамаатты калыптандыруу мүмкүнчүлүктөрүн издешти.
Умар ибн аль-Хаттаб (р.а.), халифа болуп турганда, Исламды жайылтуу үчүн реалдуу шарттарды түзүү зарылчылыгынан келип чыккан иш-аракеттерди жасады. Ал административдик түзүмдү уюштурду, сот системасын, чек араларды коргоону киргизди, мамлекеттик дисциплинаны өнүктүрдү. Бул саясий күрөштүн уландысы катары жаратмандыкка багытталды. Бул иште ага Меккедеги кысым шарттарында калыптанган жөндөмдөр жана көндүмдөр чон салым кошту.
Мусааб ибн Умайр (р.а.), Пайгамбардын (с.а.в.) Мадинадагы биринчи элчиси катары стратегиялык мааниге ээ милдетти аткарды. Коомду Пайгамбардын келишине жана Ислам мамлекетин түптөөгө даярдады. Ал коргоосуз, камсыздоосуз жана расмий макамы жок абалда иш алып барды, бирок Ислам мамлекетинин келечектеги таянычынын негизги түркүгүн тургуза алды. Анын ийгилиги — анын темирдей ыйманында, адамдарын ишенимине кирүү сыпатында, сүйлөшүүлөр жүргүзүү, окутуу жана кысым менен коркунучка карабастан уюштуруу жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасы.
Бул мисалдар идеология практикалык аракеттерсиз натыйжа бербей тураганын көрсөтөт. Бирок, эгер бекем ыйман практикалык аракеттер, көндүмдөр жана курмандыкка даярдык менен коштолсо, анда саясий ишмердүүлүк чыныгы өзгөрүүлөрдүн негизи болуп калат. Бүгүнкү күндө, өзгөчө репрессия жана кысым шарттарында иш алып барган Ислам саясий ишмерлерин даярдоодо ушундай мамиле негиз болушу керек.
Аллах кааласа, кийинки макалаларда конкреттүү саясий көндүмдөрдү жана аларга жетүү ыкмаларын карап чыгабыз.
Туркистон