Социалдык тармактарда “Газа – Халифалык менен куткарылат” деген хэштег кеңири таралууда

45
0

Социалдык тармактарда “Газа – Халифалык менен куткарылат” деген хэштег кеңири таралууда

«Газа Халифалык менен куткарылат» деген хэштег Түркияда “Икс” платформасында эң көп талкууланган темага айланып, 251 миңден ашуун твит жарыяланды. Колдонуучулар бул хэштег аркылуу Газадагы согушту токтотуунун жана палестин элин колдоонун жалгыз жолу Ислам халифалыгы экенин билдиришти», — деп жазды «Аль-Жазира Түркия» өзүнүн расмий фейсбук барагында.

Комментарий:

Бул жаңылыктын алдындагы элдин комментарийлерин окуганда, үммөттүн басымдуу бөлүгү бул кабардын мазмунунан алыстабагандыгын көрүүгө болот. А түгүл, муну мындайча да кайра жазып чыгарса болот: үммөт толугу менен же басымдуу бөлүгү Халифалыкты эңсөөдө. Бул терең мааниге ээ жана үммөттүн тарыхы, маданияты, азыркы турмушу жана келечектеги көз карашы менен түз байланыштуу.

Ал эми үммөттүн тарыхы менен маданиятына байланышкан өлчөмгө келсек, эгерде биз үммөттүн тарыхындагы илимий жетишкендиктерин, башка элдерден озуп чыгышын же дүйнө жетекчилигиндеги ордун изилдегибиз келсе, анда араб, ажам, күрд, түрк жана башка бардык улуттары менен бүткүл үммөт биргелешип улуу жетишкендиктерди жана сыймыктуу учурларды ислам өзүнүн түзүмү жана баалуулуктары менен турмуштун бардык тармагында өкүмдар болуп турган мезгилден башка учурларда таба албайбыз.

Ал эми үммөттүн сакафатына келсек, үммөттүн дем алган ар бир мүнөтү, жардам берүү, адилеттик, биримдик, адамдарды караңгылыктан жарыкка чыгаруу, бай менен жардынын ортосундагы ажырымды жоюу сыяктуу ар бир түшүнүгү түздөн-түз Аллахтын Китебине жана Анын Элчиси ﷺ Сүннөтүнө барып такалат.

Үммөттүн майрамдарда, орозодо, ифтарларда жана ажылыктагы биримдиги — баары бир чоң маанини билдирип турат. Бул үммөт өзүнүн түшүнүгүндө улут жана чек ара менен чектелбеген, андан алда канча чоң байланыштары бар үммөт.

Ал эми бүгүнкү абалына келсек, үммөткө аягына чыккыс ураандар көтөрүлүп, кооздолуп сунушталды, бирок алардын баары исламдан алыс, тескерисинче, ага түздөн-түз каршы келип кагылышат. Үммөт Газадагы бир туугандарынын бомбаланып жатканын көрдү, ошондо ошол чек аралар — үммөт өзү жүрөгүндө жасалма деп билген чек аралар — кан төгүүнү токтотпоого шылтоо катары колдонулуп жатканын түшүндү.

Ошондой эле, «мамлекеттик кызыкчылык», «күчтөрдүн тең салмактуулугу», «улут» жана «мекен» деген шылтоолор менен отуруп калуу, мурда мусулмандарга каршы согушта туруштук бере албаган коркокторду ушунчалык деңгээлге жеткирди. Яхудийлер өлкөдөн өлкөгө чейин кырып, кан төгүп жатса да, алар эч кандай каршылык көрсөтпөй калышты. Башкаруучулар өз өлкөлөрүн душманга өткөрүп берип, эшигинин алдында касапчыны күтүп отурушат, ал эми ал эшиктен кирүүгө уруксат сурабайт, бычагын көтөрүп, мурда «бейтарап» болуп келген же диний бир туугандарын колдобой койгон өлкөгө да кирип, аны кыйратып салат. Ошентип, ал өлкө «аман калуу» деген шылтоого жамынып, өзү да кутулуп кете алган жок, бир тууганын да колдобой койду!

Ошол эле учурда үммөт түшүнүп калды. Эгер ал толук кандуу, чыныгы үммөт болуп, Аллахтын арканынын бекем карманып, биригип турса, анда эч бир күч — куралы жана армиясы канчалык күчтүү болбосун — ага каршы тура албайт. Ал эми өзүнүн оор азыркы абалынан улам үммөт көрүп жаткан келечекке келсек, бардык ураандардын ишке ашпай калышы аны сакафатынан жана тарыхынан күч-кубат алып, азыркыдан таптакыр башкача келечекти элестетүүгө мажбур кылды. Бул — үммөт жалгыз Аллахтын Китебинин жана Анын Пайгамбарынын ﷺ  Сүннөтүнүн көлөкөсүндө чогулган, биригип турган келечек. Ал келечек, Аллахтын уруксаты менен, жакын арада келет. Анда яхудийлер Палестинадан толук чыгып, Палестина азат болот жана мусулмандар мечитке биринчи жолу киргендей кайрадан киришет. Ошондо дүйнө азыркы картаны жыйнап, анын ордуна исламдын көйнөгүн кийгизген жана аны бул диндин нуру менен жарык кылган үммөттү көрөт.

Бир Аллахтын Китеби жана Пайгамбарынын ﷺ Сүннөтү астында биригип, Аллах жолунда жихад кылган бир үммөт бул сөзмө-сөз «Халифа» деген түшүнүктүн кенен, толук түшүндүрмөсү. Үммөт кээде бул сөздү так айтып түшүндүрүүгө сөз таппай калса да, бул идея анын ой-жүгүртүүсүндө жана сезиминде дайыма бар. Ал эми бүгүн болсо, үммөт ал сөздү так айтып түшүндүрө ала турган, ошол идеянын тамырдан терең сиңип, жүрөктөрдү ээлегенин ачык-айкын билдире ала турган деңгээлге жетти.

Балким, үммөттү «Халифат» долбоору үчүн ордунан туруп, ага жетүү жолунда кымбаттуу нерселерин садага чалууга тоскоол болуп жаткан жалгыз нерсе — бул долбоорду алардын көзүндө жеткис кыйын деп эсептөөсү. Ошондуктан, үммөттүн жүрөгүнө үмүттүн маанисин куюу, мындан да маанилүүсү Аллахка болгон ишенимди, Ага гана таянууну жана толук тапшырууну бекемдөө зарыл. Ошондо гана үммөт өз долбоору үчүн олуттуу аракет кыла алат жана ишенген ишин чын ниети менен аткара баштайт. Эгер Аллах бул Халифалыкты тикелөөнү жазган болсо, анда бүгүн үммөт аны бооруна кысып, жан-дүйнөсү жана малы менен коргоого даяр турат. Бул жакында келе турган жеңиштин жана куткаруунун сүйүнүчтүү белгиси, ин шаа Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here