Балдар ачкадан жан берип жатат… Башчылар болсо алсыздыгын улантууда!

37
0

Басма сөз баянаты

Балдар ачкадан жан берип жатат… Башчылар болсо алсыздыгын улантууда!

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы директору доктор Мунир аль-Барш балдардын ачкадан каза болуп жатышы күч алып жатканын айтып, баскынчылар «аларды өлтүрүүдөн ырахат алып жатат» деп белгиледи. Ал «Аль-Жазира» каналы аркылуу сүйлөгөн сөзүндө, азык жетишсиздигинен улам шейит болгон балдардын саны азырынча 66га жеткенин билдирди. Алардын акыркысы 3 айлык Жури ал-Масри аттуу кыз. Ал эң алсыз катмарлардын, айрыкча балдардын, негизги курмандыктарга айланганын белгиледи.

Газа секторунда ачарчылык кырдаалы яхудий түзүмүнүн тынымсыз курчоосунан жана негизги керектөөлөрдүн түгөнүшүнөн улам ого бетер курчуп жатат. Газадагы Өкмөттүк маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, баскынчы күчтөр дагы эле чек араларды жаап, наристелерге арналган сүт азыктарын жана алсыз катмарлар үчүн зарыл болгон азык кошулмаларын киргизүүгө тыюу салууда. Мунун натыйжасында дары-дармек жана азык-түлүктүн жетишсиздигинен 244 адам каза болуп, алардын ичинен 66сы — балдар. Бул санда дагы өсүү коркунучу жогору бойдон калууда, эл аралык коомчулуктун кайдыгерлиги жана тилектештиктин жоктугу абалды ого бетер начарлатууда.

Ал эми 6 айдан 23 айга чейинки курактагы балдардын жана кош бойлуу, эмизген аялдардын 90 пайызы азык жетишсиздигинен жабыркап жатканы айтылат. Глобалдык азыктандыруу тобунун жакында жарыяланган отчетуна ылайык, жаш балдар ачкадан өлүп жатышат жана беш жашка чейинки балдардын жок дегенде 90 пайызы бир же андан көп жугуштуу ооруларга чалдыккан. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, быйылкы жылдын башынан бери Газа секторунда күнүнө орто эсеп менен 112 бала ооруканага азык жетишсиздигинен дарыланууга кайрылууда. Бул болсо курчоонун катуулашынан улам жаралган кырдаалдын оордугун көрсөтөт.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министри доктор аль-Барш “Аль-Жазира” телеканалына берген маегинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу программасынын отчеттору боюнча, Газада 1,2 миллионго жакын палестиналык азык-түлүк коопсуздугунан жабыркап жатканын, алардын ичинен 785 миң бала ден соолукка пайдалуу азыктан ажырап калганын, ал эми 70 миңге жакын бала оор азык жетишсиздикке дуушар болгонун билдирди. Анын айтымында, чек аралар жабылгандан бери балдар арасында азыктануудан жабыркоонун 8923 учуру катталган, алардын миңден ашыгы өмүрүнө коркунуч туудурган деңгээлде оор абалда. Ал эгерде чек аралар ачылып, дары, сүт жана медициналык каражаттар киргизилсе, бул балдарды сактап калууга реалдуу мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, Газадагы медициналык кызматкерлерде дарылоого мүмкүнчүлүк бар экенин, бирок алар зарыл болгон каражаттардан ажыратылып жатканын айтты. Ал кайгыруу менен мындай деди: “Эгер бул сүт киргизилбесе, анда алардын тагдыры өлүм болот”. Бул өлүмдөргө себепкер катары баскынчыны күнөөлөдү. Айрыкча наристелерди сүттөн атайылап ажыратуу аркылуу аларды жай өлүмгө түртүү бул тикелей өлтүрүү ыкмасы экенин айтты.

Баскынчылар азык-түлүктү гана тосуп койбостон, жардамга жетүүгө аракет кылган жай тургундарды да бутага алып жатканын билдирди. Ал балдарына тамак алып келүүгө аракет кылып жатып окко учкан дарыгердин окуясын мисал келтирди. Доктор Газадагы кырдаалды «каргашадан кийинки этапка» өттү деп сыпаттап, эл көчөлөрдө баш калкалай турган жайсыз жүргөнүн, балдар апаларынын кучагында бирден-бирден көз жумуп жатканын, дүйнөлүк коомчулуктун бул көрүнүшкө болгон кайдыгерлиги түшүнүксүз экенин эскертти.

Ал эми АКШдагы Эмори университетинин Гуманитардык кырдаалдар боюнча борборунун жетекчиси Газадан келген сүрөттөр ашыкча азык жетишсиздиктин эң оор түрлөрүн, анын ичинде организмдин калориялык жетишсиздиктен улам кадимкидей арыктап кетүүсүн көрсөтүп жатканын билдирди. Анын айтымында, эгер бул абал узакка созулса, анда балдардын өсүшүнүн токтошу, билим алуу жөндөмүнүн төмөндөшү, иммунитеттин начарлоосу жана акыл-эстин өнүгүшүнө олуттуу зыян келиши сыяктуу узак мөөнөттүү кесепеттер болушу ыктымал.

Батыш дүйнөсү, баскынчы яхудий түзүмү жана алардын өнөктөшү болгон режимдер, башкаруучулар, эл аралык уюмдар, фонддор жана ассоциациялар Газа элин ар кандай ыкмалар менен кырып-жоюуга, жеринен сүрүп чыгарууга жана моюн сундурууга аракет кылып жатышат. Мунун ичинде алардын колунан жаралган ачарчылык да бар. Бул ачарчылык табигый ресурстардын жетишсиздигинен эмес, тескерисинче, мусулман өлкөлөрүндөгү жана бүтүндөй дүйнөдөгү бул кылмышка шерик болгон башкаруучулардын жана саткындардын жийиркеничтүү кыянатчылыгынан келип чыккан. Алар үммөттүн бардык байлыгын душмандын колуна берип салышкан жана Газадагы ачка балдарды азыктандырганга да жол беришпейт, аларды көз алдыларында, Аллахтан коркпой, эч бир ырайымсыз ачарчылык менен өлтүрүп жатышат. Алар бул кылмышты өз кожоюндарынын буйругун аткарып, өздөрүнүн убактылуу, кагаздай алсыз тактыларын кармануу үчүн жасап жатышат. Бирок алар жакында Аллахтын уруксаты менен кулатылат.

Газадагы балдарды, аялдарды жана жалпы элди куткаруу, Палестинаны жана башка оккупацияланган мусулмандардын жерлерин бошотуу, бул саткын, коркок, кылмышка шериктешкен башкаруучуларды тамырынан жулуп алып, бийликти элди коргоп, жерди бошотуп, үммөттүн байлыгын Батыштын көзөмөлүнөн куткарган камкор Имамга берүү менен гана мүмкүн болот. Бул болсо пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу ишке ашат. Бул Аллах үчүн кыйын эмес.

﴿إن يَنصُرْكُمُ اللهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ وَإِن يَخْذُلْكُمْ فَمَن ذَا الَّذِي يَنصُرُكُم مِّن بَعْدِهِ وَعَلَى اللهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ

«Эгер силерге Алла жар болсо эч ким силерди жеңе албайт. Эгер Ал силерди жардамсыз койсо, Андан Өзгө эч бир затжардамчы боло албайт. Ыйман келтирген заттар АлланынӨзүнө гана сүйөнүшсүн!» (Али Имран сүрөсү, 160-аят).

Хизб-ут-Тахрирдин Борборду маалымат бөлүмү / Аялдар бөлүмү

05.07.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here