Йемендеги Саудия каржылаган жаңы аскерий түзүм Бириккен Араб Эмираттарына атаандаштык аракети

31
0

Йемендеги Саудия каржылаган жаңы аскерий түзүм Бириккен Араб Эмираттарына атаандаштык аракети

Йемендин түштүк-чыгышындагы Шабва провинциясында Сауд Арабиянын каржылоосу жана колдоосу менен жаңы аскерий күчтөр түзүлдү. (Арабия 21, 2025-жылдын 3-июлу).

Комментарий:

Сауд Арабия буга чейин да Йемендин түштүгүндө «Ватан калканы» аттуу аскерий түзүм түзүп, бул күчтөрдү Аденде, анын тегерегинде (Тур Аль-Баха), жана Хадрамаутта жайгаштырган. Мунун максаты Аденде Бириккен Араб Эмираттары түзгөн коопсуздук курун, Хадрамауттагы Эмираттар түзгөн Хадрамаут элиталык күчтөрүн көзөмөлдөн чыгарып, аларга атаандаштык кылуу эле. Бүгүн болсо, Сауд Арабия түштүк Йеменде, тактап айтканда, Шабва провинциясында жаңы аскерий түзүмдү түзүп жатканы жарыяланды. Бул түзүм Бириккен Араб Эмираттарына таандык Шабва элиталык күчтөрүн ал жерден сүрүп чыгарууга багытталган!

Газадагы биздин элибизди кырып жаткан яхудий түзүмүнүн өлүм машинесинен куткаруу үчүн же аларды колдоо үчүн армиясын жөнөтүүнүн ордуна, Сауд Арабиясы Йемендин жаштарын бири-бирине каршы согушка тартууда. Алар Йемендеги терең жакырчылыктан жана жаштар арасындагы жумушсуздуктан пайдаланып жатышат. Бул аракеттер Йемендин кызыкчылыгы үчүн да эмес, Сауд Арабиясынын кызыкчылыгы үчүн да эмес, АКШнын Йемендеги кызыкчылыгын коргоо жана Бириккен Араб Эмираттары аркылуу түштүк Йеменде жайылган Британиянын таасирин сүрүп чыгаруу үчүн жасалууда.

Ошентип, түштүк Йемендин балдары батыштын долбоорлоруна кызмат кылуу үчүн бири-бири менен согушуп, мусулмандардын акчасы менен өз ара кыргынга учурап жатышат. Бүгүнкү күндө бул күчтөр өз жерин, динин же ар-намысын коргоп жаткан жок. Тескерисинче, алар — эмираттын дирхамы менен сауд риалынын кулдары. Алар өздөрүнүн чыныгы душмандарын жана чыныгы тагдырий маселелерин унутуп калышкан. Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«تَعِسَ عَبْدُ الدِّينَارِ، تَعِسَ عَبْدُ الدِّرْهَمِ، تَعِسَ عَبْدُ الْقَطِيفَةِ».

«Динардын кулу курусун! Дирхамдын кулу курусун! Жумшак кездеменин кулу курусун!».

Бул аскерий күчтөр өлкөдөгү бийликтин көз алдында түзүлүп жатат. Ал эми бийлик бул зулумдукту токтотпойт, тыюу салбайт, тескерисинче, элге каршы кутумга кошулуп, алардын душмандарынын тарабында турушууда. Бүгүнкү күндө Сауд Арабия режими ачык эле Трамптын, Американын кызыкчылыгына кызмат кылып жатканы ачык-айкын болуп калды. Бул режим АКШ үммөттү бөлүп-жарып, өлкөлөрдү бөлүп, мусулмандардын ортосунда яхудий түзүмүн тынч жана коопсуз абалда калтыруу долбоорун ишке ашыруу үчүн колдонгон кылыч. Муну мурда Бириккен Араб Эмираттары да кылган.

Оо, Йемен калкы!

Өз уулдарыңардын каны төгүлүшүнө алып келген бул аскерий түзүмдөрдү четке кагууга тийишсиңер. Бул түзүмдөр түштүк Йеменде Саудия менен Эмираттардын ортосундагы атаандаштык үчүн түзүлүп жатат. Алардын хуситтер менен болгон согушка да, же бөлүнүп кеткен Йемендеги коргонууга да эч кандай тиешеси жок.

Оо, мусулмандардын жигиттери!

Кедейчилик Аллахка каршы күнөө кылууга шылтоо боло албайт. Жахилиянын сокур улутчулдук долбоорлору үчүн согушуу — чоң күнөөлөрдөн. Эгер бул согуш эл аралык күчтөрдүн таасири жана өлкөдөгү байлык үстүнөн үстөмдүк үчүн жүргүзүлүп жатса, андан да оор! Мусулмандын жашоодогу иши Аллахтын шариятын колдонуу, Ислам мамлекетин коргоо жана аны сактоо, Исламды дүйнөгө даават жана жихад аркылуу жайылтуу. Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деп эскерткен:

«مَنْ قَاتَلَ لِتَكُونَ كَلِمَةُ اللهِ هِيَ الْعُلْيَا فَهُوَ فِي سَبِيلِ اللهِ»

«Ким Аллахтын сөзү эң бийик болушу үчүн согушса, ал Аллахтын жолунда» (Бухари жана Муслим).

Мунун сыртындагы ар кандай согуш тогуттун жолунда согуш. Аллах Таала мындай деген:

﴿وَمَنْ يَكْفُرْ بِالطَّاغُوتِ وَيُؤْمِنْ بِاللَّهِ فَقَدِ اسْتَمْسَكَ بِالْعُرْوَةِ الْوُثْقَى لَا انْفِصَامَ لَهَا﴾

«Демек, ар кандай шайтанга каапыр болуп, Жалгыз Аллага ыйман келтирген адам гана эч ажырап кетпей турган бекем тутканы кармаган болот. Алла Угуучу, Билүүчү!» (Бакара сүрөсү, 256-аят).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here