Бисмиллаахи рахмаанир рахиим.
Суроо жооб
Белгилүү аалым, Хизб-ут-Тахрирдин амири Ата бин Халил Абу ар-Раштанын Фейсбуктагы “Фикхий” баракчасынын суроолоруна жооп берген бир катар жооптору.
Иш жүзүндө согушуп жаткан мамлекеттер менен мамиле кылуу.
Абу Мухаммад Салимге.
Суроо.
Ассаламу алейкум рахматуллоохи уа баркаатуху.
Жараткан Аллахдан ден-соолукта болуп, сиздин колуңуз менен даңктуу жеңишке жеткиришин жана баардык жакшылык эшиктерин ачуусун тилейм.
Мен шейхибиз жана Хизб-ут-Тахрирдин сүйүктүү амири Ато бин Халил Абу Ар-Раштага суроо узатам:
Бир бир тууган менден Баркан конушундагы контейнерлерди чыгарган заводдо иштейм деп сурады. Бул заводдун бир бөлүгү жакында (Израиль) армиясынын пайдасына айландырылды. Генераторлорду жана башка аскердик техникаларды ташуу үчүн машиналарды чыгарат. Аскердик унааларды чыгарган бул бөлүмдө иштесе болобу?
Аллах ыраазы болсун жана эң жакшы сыйлык менен сыйласын. Аллах сизди коргосун, жеңишти насип кылсын, сизге күч-кубат берсин жана сиз аркылуу жеңиш жана улуулук берсин. Жараткан Аллахдан сизди сактоосун жана бардык жамандыктардан өз коргоосуна алуусун тилейм.
Мүмкүн болсо тезирээк жооп берсеңиз.
Жооб.
Алейкум ассалам рахматуллоохи уа баракаатуху.
Жогоруда айтылган заводго келсек (анын бир бөлүгү жакында (Израиль) армиясынын пайдасына айландырылган жана ал электр генераторлорун жана армияга керектүү нерселерди ташыган унааларды чыгарат), ал иш жүзүндө согушуп жаткан мамлекет яхуд вужудуна караштуу завод.
Жооп эки учурда болот:
Биринчиси басып алуу астындагы мусулмандар үчүн… экинчиси басып алуудан тышкары жердеги мусулмандар үчүн…
Биринчисине келсек, Мадинада мамлекет тикеленгенден кийин Меккеде калган мусулмандардын вакыйы аларга тиешелүү. Жөөт баскынчылыгы астындагы Палестина калкы жөөт менен сатып алуу-сатуу менен алектенүүсү жаиз… ж.б. Бирок душманды күчтөндүрө турган иш мындан тышкары. Ошол сыяктуу, мисалы, Америка жарандыгын алган бир мусулмандын өкүмү Меккеде хижрат кылбаган мусулмандардын өкүмү сыяктуу. Өкүмдүн себебин иликтөөгө ылайык, Каапырларды мусулмандарга каршы күчтөндүрүүчү иштерден тышкары иштерде, алар жашаган доорул харб ( иш жүзүндө мусулмандарга каршы согушуп жаткан мамлекет) менен мамиле кылышы жаиз.
Экинчиге келсек, биз буга чейин бул суроого бир нече жооптор менен жооп бергенбиз, анын ичинде:
31.03.2009-ж суроого жооп:
1- иш жүзүндө согушуп жаткан өлкөлөр менен түздөн-түз мамиле кылуу жаиз эмес жана ал мамлекеттердин компаниялары менен да иштешүү жаиз эмес, себеби иш жүзүндө мусулмандарга каршы согушкандар менен болгон мамиле согуш мамилеси, ал тынчтык соода мамилеси эмес.
2- иш жүзүндө согушуп жаткан мамлекеттер менен иш алып барып жаткан компаниялар менен иштешүү каралат:
А- Эгерде ал компания тарабынан ишке ашырылган долбоор иш жүзүндө согушуп жаткан өлкөлөр үчүн болсо, анда бул долбоор боюнча ал компания менен иштешүүгө болбойт.
Б- Эгер ал компания тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор иш жүзүндө согушуп жаткан мамлекет үчүн эмес, тескерисинче, мектеп куруу же жол салуу сыяктуу өлкөнүн эли үчүн болсо… Күнөө иш жүзүндө согушуп жаткан мамлекет менен иш алып барган компаниянын моюнуна түшөт. Бирок долбоор иш жүзүндө согушуп жаткан мамлекеттер үчүн болбосо, ал компания менен бул долбоор үстүндө иштөөгө уруксат…
24.07.2011 суроого жооп:
Мусулман жерлерин басып алган, “иш жүзүндө согушуп жаткан” мамлекеттердин ишканалары жана уюмдары менен түз келишим түзүү жаиз эмес, себеби ал иш жүзүндө согушуп жаткан өлкөлөр менен иш алып барат… Ал эми жергиликтүү бийлик же баскынчы өлкөгө тиешеси жок, бирок баскынчы өлкө менен байланышы бар жергиликтүү уюм менен келишим түзүүгө келсек, анда төмөнкүлөр каралат:
1-Жергиликтүү ишканалардын басып алган мамлекет менен карым-катнаштары аскердик долбоорлордо болсо, бул жаиз эмес.
2-Жергиликтүү ишкананын басып алуучу мамлекет менен мамилеси өлкөгө зыяны тийбеген коммерциялык долбоорлордо болсо, анда бул жаиз, бирок зыян келтирет деген шектенүү менен аны менен иштешпеген жакшы.
3- Эгерде жумушчу жергиликтүү мамлекетте кызматкер болуп иштесе, бирок анын эмгек келишими түздөн-түз басып алган мамлекет менен болсо, анда ал жаиз эмес.
4- Эгерде жумушчу жергиликтүү мамлекетте кызматкер болуп иштесе жана анын эмгек келишими ошол эле мамлекет менен болсо, жергиликтүү мамлекет басып алган мамлекеттен материалдык жардам алса да, бул жаиз.
5- Эгерде жумушчу жергиликтүү мамлекетте кызматкер болуп иштесе жана анын эмгек келишими жергиликтүү мамлекет менен болсо, бирок эмгек акысын түздөн-түз басып алган мамлекеттен алса, бул жаиз эмес.
Ал эми далилдерге келсек, бул иш жүзүндө согушуп жаткан өлкөлөр менен болгон карым-катнаш боюнча өкүмдөр.
Бул жетет деп үмүттөнөм, эң туурасын Аллах билүүчү.
Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рашта.
1447-х, 12-мухарам.
2025-ж, 07- июль.