АКШ достук беткабы астында Казакстанды бажы төлөмдөрү менен коркутууда

43
0

АКШ достук беткабы астында Казакстанды бажы төлөмдөрү менен коркутууда

АКШ Казакстанга экономикалык кысымды күчөтүп, казакстандык бир катар товарлардын импортуна 25 пайыздык бажы төлөмүн киргизди. АКШнын Президенти Дональд Трамп Казакстан менен өнөктөштүк мамилелерди сактоо жана урматтоо жөнүндө билдирүүлөрүнө карабастан, бул кадамдардын маңызы бир тараптуу бой көтөрүүнү көрсөтүп турат. Анын айтып аткан “достугу” сыр катылган коркутуулар жана өнөктөштүн экономикалык эркиндигин баш ийдирүү аракети менен коштолууда.

Президент Касым-Жомарт Токаевге жөнөтүлгөн катта Трамп бажы төлөмүн 10 пайыздан 25 пайызга көтөрүү жөнүндө билдирип, бул чечимин Казакстан рыногунда америкалык товарлар үчүн тоскоолдуктар болуп жатканы менен түшүндүргөн. Бирок ал так мисалдар келтирбестен, «тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктар» жөнүндө бүдөмүк сөздөргө таянган. Бул нерсе анын аргументтеринде саясий кысым бар экенинен, объективдүү экономикалык анализди чагылдырбай турганынан кабар берет. Каттын акыркы бөлүгү өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Анда АКШ Казакстанды мүмкүн болушунча жоопкерчиликке тартары айтылган. Эгерде Казакстан америкалык товарларга да бажы төлөмдөрүн жогорулатса, Вашингтон кошумча санкциялар менен жооп берүүнү убада кылууда. Бул болсо анын тең укуктуу диалогго даяр эместигин, тескерисинче, күч колдонуу жана шантаж механизмдерин ишке салууга даяр экенин көрсөтөт. Мындай риторика адилеттүү соода эрежелерине карама-каршы келип, Вашингтондун кырдаалды өз кызыкчылыктарына гана колдонуу ниетин билдирет.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстандын АКШга экспортунун 95 пайызы жаңы бажы төлөмдөрүнө дуушар болбойт, негизинен бул стратегиялык болгон мунай, уран, күмүш, тантал, титан жана ферроэритмелерди камтыйт. Бир караганда, бул жерде жакшы ниет бардай сезишилиши мүмкүн, акыйкатта болсо бул Американын өзүнүн экономикасы үчүн эң маанилүү болгон товарларды алып салуу жөнүндө сөз болууда. Ошентип, АКШ өзү үчүн маанилүү ресурстардын жеткирилишин сактап, Казакстандын экспортунун башка багыттарына шарттарды катаалдаштырып, анын америкалык рынокко көз карандылыгын күчөтүүгө умтулууда. Мындан тышкары, Вашингтондун соодага болгон мындай тандалма мамилеси Астананын экономикалык саясатына таасир этүү каалоосун, ошол эле учурда өзү эч кандай тең салмактуу сунуш бербей турганынан кабар берет.

Казакстандын бул кысымга жообун салмактуу, бирок токтоо деп бааласак туура болот. Астана бийлиги сүйлөшүүлөргө даяр экендиктерин билдирип, Ак үйдүн администрациясына соода шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштарды жөнөтүштү. Бирок, бажы төлөмдөрүнүн кысымы тушунда мындай «сунуштардын» зарыл болушу Астананын катуу экономикалык соккудан качуу үчүн компромисске барууга аргасыз экенин көрсөтүүдө. Учурдагы жагдайда, АКШнын чечимин бажы саясатын тууралап жатат деп эмес, багыты ал күткөн чек арадан чыгып бараткан өлкөлөрдүн экономикасына кысым көрсөтүү стратегиясынын бир бөлүгү катары караш керек. Борбор Азияда стратегиялык мааниге ээ жана баалуу ресурстарга бай болгон Казакстанга өзгөчө көңүл бурулууда. Астананын ар кандай көрүнүштөгү өз билемдиги экономикалык кысым куралдарына туш болууда.

Кырдаал Казакстандан дипломатиялык ийкемдүүлүктү гана эмес, стратегиялык туруктуулукту да талап кылат. Глобалдык таасир чөйрөлөрүн кайра бөлүштүрүү шартында соода мамилелерин, коркутуулардын кысымы астында эмес, өз ара урмат кылуу шартында куруу керек. АКШнын “өнөктөштүк” атыккан бир тараптуу эрежесиз чабуулдары кескин жана көз карандысыз позиция менен кабыл алынышы керек экени айкын. Казакстан саясий жетиктик жана экономикалык көз карандысыздык боюнча дагы бир сыноонун алдында турат. Белгилей кетчү нерсе, убактылуу бейпилдик үчүн жасалган чегинүүлөр узак мөөнөттүү көз карандылыкка жана эл аралык соодага таасир этүү рычагдарын жоготууга алып келиши мүмкүн.

Хужжат Жамиа

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here