Кыргызстанга кайсы тил зарыл?

5
0
Кыргызстанга кайсы тил зарыл?

Кыргыз президенти акыркы сүйлөгөн сөзүндө мектептерде орус тилин милдеттүү үйрөнүүнүн зарылдыгын белгилеп, «орус тилин билбесе, бизнес, илим жана улуттар аралык байланыштарда ийгиликке жетүү мүмкүн эмес» деп билдирди. Бул сөздөр, өзгөчө учурдагы саясий шарттарды эске алганда, коомчулукта кызуу талкуу жаратып, өлкөнүн тил саясаты тууралуу талкууларга себеп болду.

Президенттин сөзү Россия Федерациясынын башчысы менен өткөн жолугушуудан кийин айтылды. Анда тараптар «стратегиялык өнөктөштүктү» жана «тарыхый жакындыкты» дагы бир ирет тастыкташты. Бирок бул — чындыгында мурдагы колониалдык мамилелердин уландысы экени айтпаса да белгилүү. Билим берүү тармагында орус тилин алдыга сүрөө саясатын — Кремлдин көңүлүн алуу, ага берилгендигинин, тышкы саясатта кыйшаюусуз, орустун кызыкчылыгына шайкеш кетээринин символикалык белгиси катары баалоого болот. Бул кадам Кремль өзүнүн «cоюздаштарынан» мурдагыдан да көбүрөөк «кулдук урууну» талап кылып жаткан чакта — анын региондогу амбицияларын «сооротуу» аракети болууда.

Бирок бул жерде суроо жаралат: мындай саясат Кыргызстандын өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына канчалык туура келет? Бүгүнкү көп полярдуу дүйнөдө жана эл аралык атаандаштык күчөп жаткан учурда, бир тилди — ал да мурдагы империялык борборго тиешелүү тилди — таңуулоо суверенитетке доо кетире турган кадамдардан экени талашсыз. Албетте, орус тилинин айрым тармактарда мааниси бар, бирок аны альтернативасы жок өнүгүү каражаты катары көрсөтүү чындыкка туура келбейт.

Дүйнөлүк деңгээлде азыркыга чейин англис тили эл аралык экономика, илим жана жогорку технологиялардын тили бойдон калууда. Ошол эле учурда Кытай тили Борбор Азияда Пекиндин таасири күчөгөн сайын маанилүү болуп баратат.

Ал эми, араб тили жөн гана чет тил эмес, ислам дининин тили, өлкөнүн мусулман калкы үчүн руханий жана маданий элемент болуп саналат. Буга кошумча, араб дүйнөсү менен кызматташтык өзгөчө экономикада, билим берүүдө жана дин тармагында — Кыргызстан үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүдө. Анын үстүнө, бул мамилелер – айрым өлкөлөрдөн айырмаланып – саясий басым артында эмес, табигый түрдө ишке ашууда.

Орус тилин артыкчылык менен алга сүрөө, башка маанилүү багыттарга зыян жетсе да, геосаясаттагы чегинүүгө ишарат кылгандай. Мындай кадам улуттук тилди, баалулуктарды өзгө кылып, маданий негиздерди алсыратуу менен тышкы көзкарандылыкка алып келүүчү багыт болушу мүмкүн. Бул өз кезегинде улуттук иденттүүлүктү жана маданий эгемендүүлүктү сактап калуу маселесине тынчсызданган элдин бир бөлүгүнүн каршы чыгуусуна себеп болушу ыктымал.

Ошентип, орус тилинин статусун көтөрүү тууралуу демилге — ички муктаждык эмес, тышкы саясаттагы берилгендикти көрсөтүү аракети катары кабыл алынууда. Глобалдык оюнчулардын басымы күчөп жаткан учурда мындай бир тараптуу мамилени стратегиялык эмес, көбүрөөк тактикалык кадам катары баалоого болот. Андыктан, Кыргызстан көп тилдүүлүктү баалай турган мамлекет катары, тил саясатын улуттук кызыкчылыктарга, маданий өзгөчөлүккө жана алыскы келечекти эске алуу шартында реалдуулук менен эсептешкен абалда жүргүзүшү керек.

Хужжат Жамия

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here