Өзөктүк куралга ээ болуу — өтө зарыл муктаждык
Иран революциялык сакчылар корпусунун жетекчисинин кеңешчиси Аль-Жазирага: «Биз чыккынчы душманга каршы турабыз, анын кол салуусу кайра кайталаysшы мүмкүн, аскерлерибиз катуу жооп кайтарууга даяр. Эгерде “Израил” биздин соккуларыбыздан сабак албаса, анда биз ага дагы катуураак сабак беребиз», — деди. (Аль-Жазира, «Икс» платформасы, 2025-жылдын 2-июлу).
Комментарий:
Үммөттүн душмандары яхудий түзүмү, Америка жана башка ири державалар өзөктүк куралга ээ. Бул душмандарга каршы туруу жана аларды токтотуу үчүн, шариат боюнча, өзөктүк куралга ээ болуу жана ага жараша даярдык көрүү фарз болуп саналат. Чыныгы олуттуулукту жана жоопкерчиликти сезүү, душмандын үрөйүн учура турган деңгээлде иш-аракеттерди талап кылат. Жалаң гана ураан чакыруу душманды коркутпайт, агрессорду токтотпойт.
Мындай иштердин катарына Эл аралык атомдук энергия агенттигинен чыгуу кирет. Бул агенттиктин яхудий түзүмүнө эч кандай таасири жок.
Андыктан, ядролук куралга ээ болуунун эң башында мусулмандардын арасында шариаттык аң-сезимди жайылтуу жана аалымдар кеңештеринин ушул багыттагы фатваларын чыгаруу турат. Аллах Таала айтат:
﴿وَأَعِدّوا لَهُم مَا اسْتَطَعْتُم مِّن قُوَّةٍ وَمِن رِّبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِن دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمُ اللَّهُ يَعْلَمُهُمْ﴾
«(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөрдүн барынча күч топтоп жана токулуу аттарды даярдап койгула, муну менен Алланын жана өзүңөрдүн душманыңарды жана да алардан тышкары, силер билбей турган, бирок Алла биле турган башка бирөөлөрдү да коркунучка саласыңар. Алла жолунда эмнени сарп кылсаңар, силерге зулумдук кылынбастан толук кылып кайтарылат». (Анфал сүрөсү, 60-аят).
Демек, согушка даярдануу фарз жана бул даярдыктан душмандарды коркутуу ачык көрүнүшү керек. Аллах Тааланын «коркутасыңар» деген сөзү даярдануунун иллети катары келтирилген. Ушундан улам аскерлер үчүн курал-жарак, жабдууларды, анын ичинде өзөктүк куралды даярдоо фарз болуп саналат. Себеби, душмандын мусулмандардын күчүн билиши анын аларга кол салуусун токтотот жана каршылык кылуусунан баш тарттырат. Бул согуштарды жеңүүнүн жана жеңишке жетүүнүн эң күчтүү ыкмасы.
Эгерде бүгүнкү мусулман мамлекеттери өзөктүк клубга кирүүгө ниет кылбаса же кире албаса, анда мусулмандардын арасында бул ишти өзүнө алган система түзүү зарылчылыгы тууралуу аң-сезим жайылышы керек. Бул система адам ресурстарын, материалдык, илимий жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү даярдап, өзүнө бул милдетти алат. Бул багытка миллиарддарды жумшоонун өзү ошол акчаларды Батыштагы базарларда жана банктарда тоңдуруп коюудан, же туристтик долбоорлорго, асман тиреген мунараларга, спорт клубдарына коротконго караганда кыйла пайдалуу.
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү