2025-жылдын июль айынын башында Азербайжандын Карабах аймагындагы Ханкенди (Степанакерт) шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) XVII саммити өттү. Бул окуя жөн гана регионалдык экономикалык форум болбостон, символикалык тактык менен аткарылган геосаясий иш-чарага айланды.
Жакында эле жаңжал чыгып, ал жерде тынчтык орнотууга келген орус аскерлери жүргөн аймакта ири саммиттин өтүшү Азербайжандын Карабах үстүнөн көзөмөлдү толук бекемдегенин жана аны таасир өткөрүү аймагына айлантууга аракет кылып жатканын билдирет.
Саммитке ЭКУга мүчө өлкөлөрдүн бардык лидерлери — Түркия, Иран, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан президенттери катышты, ошондой эле Пакистан менен Түркмөнстандын вице-премьерлери келишти. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саммитке Владимир Путин менен жолугушуудан кийин эле дароо барды.
Мындай деңгээлдеги жолугушуунун Ханкендиде өткөрүлүшү саясий мааниге ээ экени талашсыз. Бул Азербайжандын аймакты көзөмөлдөп гана тим болбостон, аны эл аралык экономикалык процесстерге активдүү интеграциялап жатканын көрсөттү.
Бирок символдук аоакеттер муну менен эле токтоп калган жок. Саммитти алга сүрөгөн негизги күч Түркия болду. Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын Түштүк Кавказ жана Борбор Азияны стратегиялык таасир чөйрөсү катары карап жатканын дагы бир жолу тастыктады. Азербайжан менен тыгыз союз аркылуу Түркия Борбор Азияга болгон экономикалык жана маданий жүрүшүн ырааттуу күчөтүүдө. Ханкендидеги саммит ушул концепциянын бир бөлүгү болуп калды. Бул Түркияга өз кызыкчылыктарын Россия менен Иранды айланып өтүп ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү бир мейкиндик.
Формалдуу түрдө экономикалык мүнөзгө ээ ЭКУ акырындык менен жаңы геоэкономикалык альянстын аянтчасына айланып баратат. Анын ичинде Түркия–Азербайжан–Борбор Азия байланышы Россиянын ЕАЭБ сыяктуу интеграциялык долбоорлоруна жана Кытайдын «Бир алкак — бир жол» демилгесине альтернатива катары калыптанууда. Бул конфигурацияда Азербайжан логистикалык жана дипломатиялык «брокердин» ролун аткарып жатат, айрыкча анын ЕБ менен энергетикалык байланыштары жана Каспийге чыгуусу бул ролду бекемдейт.
Ушул окуялардын алдында — саммитке бир нече күн калганда — Москвада азербайжан жарандарынын массалык кармалуусу орун алганын белгилеп кетүү маанилүү. Россиялык күч түзүмдөр бул ишти этникалык кылмыштуулукка каршы күрөш деген негизде өткөрүштү. Расмий түрдө бул алдын ала пландалган операция делгени менен, кармоолордун масштабы жана коомчулукта кеңири чагылдырылышы бул иштин саясий жана геосаясий себептери болушу мүмкүн деген суроону жаратты.
Бул жаңжал Москва тараптан сигнал катары бааланууда. Кремль, албетте, Ханкенди мурдагы жаңжал аймагынан Түркия менен Азербайжандын саясий долбооруна айланып бара жатканын көз жаздымда калтыра алган жок. Себеби, Россия саммитке чакырылган эмес, ага катышкан жок жана кала берсе күн тартибинде да аталган эмес. Муну Москва демонстративдүү кадам катары кабыл алды. Ушундан улам, Баку үчүн азербайжан диаспорасына байланыштуу окуя, экономикалык агымга жана коомдук пикирге таасир этүүчү эскертүү болушу мүмкүн.
Бул Кремлдин эзелтен бери колдонуп келген тактикасына туура келет: Москва жакынкы чет өлкөлөрдө өз таасири коркунучта экенин сезсе, дипломатиялык ноталар менен эмес, так максаттуу аракеттер менен жооп кайтарат. Бул энергетикалык басымдан баштап, Россия аймагында репрессиялык аракеттерге чейин жетет.
Ошентип, Ханкендидеги саммит жөн гана экономикалык форум болбостон, региондогу саясий өзгөрүүлөрдүн чагылышы болуп калды. Түркия өз позициясын бекемдөөдө жана Борбор Азияга интеграциянын альтернативдүү багытын сунуш кылууда. Азербайжан өз алдынча оюнчу катары баш көтөрө баштады. Ал эми Россия болсо постсоветтик мейкиндиктин кайрадан форматталышына жөн гана карап турбастыгын жана бейрасмий басым жасоо куралдарын колдонууга даяр экенин көрсөттү.
Латыфуль Расых