Сириядагы секулярдык режимди жана анын институттарын кайрадан иштетүү
Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмад Шара 2025-жылдагы 66-номерлүү жарлыкты чыгарып, Эл өкүлдөрүнүн кеңешине шайлоо өткөрүү боюнча Жогорку комитетти түздү. Бул чечим төрт беренеден турат. Алардын ичинде он мүчөдөн жана төрагадан турган Эл өкүлдөрүнүн кеңешине шайлоо боюнча Жогорку комитетти түзүү бар. Бул комитет облустарда шайлоо өткөрүүчү аймактык органдарды түзүүгө көзөмөл кылат. Ошол органдар мүчөлөрдүн үчтөн экисин шайлашат, калган үчтөн бирин президент дайындайт. Жалпысынан 150 мүчө болот жана алар бардык провинцияларга бөлүштүрүлөт.
Исламдагы башкаруу принциптери туруктуу жана өзгөрүлбөйт. Алардын ичинде эң негизгилери: жогорку бийлик шариятка, ал эми башкаруу укугу үммөттүн колунда. Ислам — Жаратуучу Аллах тарабынан Пайгамбар Мухаммад ﷺ га адамзат үчүн түшүрүлгөн толук система. Мыйзам чыгаруу укугу жалгыз Аллах Таалага гана таандык, адамдарга эмес. Мусулмандар өздөрүнүн атынан исламды колдонуп башкарууга өкүл шайлап алышы мүмкүн, бирок өз алдынча мыйзам чыгарууга алардын да, башкаруучунун да укугу жок. Мыйзам чыгаруу укугу толугу менен Жаратканга таандык жана эч бир макулдашууга же каршы чыгууга жатпайт. Адамдар Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларына баш ийиши зарыл. Анткени адамды жараткан Аллах Таала аны эң жакшы билүүчү. Ал мындай деген:
﴿أَلَا يَعْلَمُ مَنْ خَلَقَ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ﴾
«(Акыры) Жараткан Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал Мээримдүү жана (ар нерседен) кабардар Зат». (Мүлк сүрөсү, 14-аят).
Ошондуктан, мусулмандар жашаган өлкөлөрдөгү азыркы шарттагы Эл өкүлдөрүнүн кеңеши биздин асыл динибизге каршы келет. Анткени алар бир топ адамдарды «элдин өкүлү» деген жүйө менен мыйзам чыгаруучу кылып коюшат жана кээде Аллахтын ачык-айкын өкүмдөрүнө да добуш беришет. Мисалы, Тунистеги парламентте болгон окуялардай жана башка бардык мамлекеттердегидей. Баарыбызга маалым, бул режимдер үммөттүн бийлигин тартып алып, аны бөлүп-жарып жиберишти.
Ал эми ислам толук ишке ашырылган исламий мамлекетте болсо, Эл өкүлдөрүнүн кеңеши (Мажлис аль-Умма) болот жана анын өз орду, чектери бар. Алар кеңеш берүү, эсеп-китеп кылуу, үммөттүн көйгөйлөрүн жана үнүн жеткирүү менен чектелет. Ар бир мүчөгө ой-пикирин эркин билдирүүгө укук берилет, бирок бул эркиндик шарият чегинде болот. Ар бир мүчө – мусулмандардын өкүлү, алар үчүн пикир айтып, башкаруучуну эсепке тартууга жана башка иштерге катышууга милдеттүү.
«Парламент» же «Эл өкүлдөрүнүн кеңеши» деген түшүнүктүн өзү — Батыштан келген термин.
Бул түшүнүк халифалык мамлекети кыйратылгандан кийин бизге таңууланган. Батыш каапыр биздин өлкөлөрүбүздү бөлүп-жарып, аларга өз кулдары болгон күзөтчү башкаруучуларды зордоп коюп, бизди башкарууну күч менен тартып алган. Андан кийин бул түшүнүктү исламдагы шура (кеңеш) принциптерине окшоштуруп көрсөтүп, чындыкты бурмалап, Осмон халифалыгынын акыркы мезгилинде жана ал кыйрагандан кийин, адамдардын ой жүгүртүүсүнүн алсыздыгынан пайдаланып киргизишти.
Ал эми шура менен парламент же эл өкүлдөрүнүн кеңеши бири-бирине карама-каршы. Шура — бул мыйзам чыгаруу же өкүмгө добуш берүү эмес. Ал уруксат берилген иштерде же шариат жалпы элдин оюн сураган маселелерде колдонулат. Мисалы, халифаны тандоо сыяктуу маселеде эл өз өкүлүн шайлоо укугуна ээ. Демек, шура мыйзам чыгаруучу орган эмес.
Ал эми Эл өкүлдөрүнүн кеңеши болсо, Аллахтан башка мыйзам чыгарууну кабыл кылат. Ал эми бул болсо, чоң ката (Аллах сактасын).
Ошондуктан, бүгүн Сирияда заалимдин кулашына Аллах таала жардам бергенден кийин, биздин милдет — жетишкен жеңиштерибизди сактап, аларды ислам башкаруусу менен таажы катары сактап калуу. Бул Шам элинин көчөлөргө чыккан биринчи күндөн тартып көтөргөн негизги талабы болчу. Алар: «Бул Аллах үчүн, бийлик же даңк үчүн эмес!», «Биздин түбөлүк жолбашчыбыз биздин саййидибиз Мухаммад ﷺ ислам халифалыгын каалайт!» — деп ураан чакырышкан. Бул ураандар үчүн канча адам жанын берди, курман болду, мекенинен айдалып кетти. Алар ушул максат жолунда күрөшкөн, курмандыкка барган, бийлик ээси болгон чыныгы эл. Алар шурада жана башкарууда өздөрүнүн өкүлүн тандап алууга акылуу. Бул укукту мурунку режимдин калдыктары же Батыштын кол алдындагы «Эл өкүлдөрүнүн кеңеши» сыяктуу институттар уурдап албашы керек!
Ошондуктан, түз сызык менен ийри сызыкты чогуу тартуу өзгөрүүнүн Пайгамбар ﷺ тарикатындагы услубу. Исламды толук жана түп-тамырынан бери төңкөрүш жолу менен ишке ашыруу бизди ушул кордук, алсыздык жана душмандардын айла-амалдарынан куткаруунун жападан жалгыз жолу. Биздин курмандыктарыбыздын чыныгы жетишкендиги — бул Халифалык мамлекети алдында толук ислам башкаруусун орнотуу менен мүмкүн болот.
Халифалык коопсуздуктун кепилдиги, ага Аллах динди үстөм кылат, мусулмандарды улуктап, бүткүл адамзатты зулумдук башкаруудан чыгарып, исламдын жарыгына жана адилеттүүлүгүнө жетелейт. Бул Аллах үчүн кыйын иш эмес.
Аллах таала мындай дейт:
﴿أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ آمَنُوا بِمَا أُنزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنزِلَ مِن قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَن يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَن يَكْفُرُوا بِهِ وَيُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَن يُضِلَّهُمْ ضَلَالاً بَعِيداً﴾
«(Эй Мухаммад) өздөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) жана сенден мурунку түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтирген, деп эсептей турган (айрым) адамдардын шайтанга өкүм сурап барууну каалап жаткандарын көрбөдүңбү? Акыйкатта болсо, аларга ага ишенбөө буйрулган. Анткени, шайтан аларды биротоло жолдон азгырууну каалайт». (Ниса сүрөсү, 60-аят).
Роя гезити
Устаз Ахмад Муаз