Трамп менен Нетаньяху мактанып, менменсинип жатышат. Ал эми биздин башкаруучулар көрүстөндөгү өлүктөй унчугушпайт!

15
0

Басма сөз баянаты

Трамп менен Нетаньяху мактанып, менменсинип жатышат. Ал эми биздин башкаруучулар көрүстөндөгү өлүктөй унчугушпайт!

Иран менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы согуш аяктады. Бирок Газадагы яхудийлердин кылмыштары токтогон жок. Америка «Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн жок кылдык» деп жар салып, жасалма шоу көрсөттү. Бул шоу Трамп биринчи мөөнөтүндө келишимден чыгып кеткен Иран менен ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөрдөн кийин уюштурулду. Тагыраагы, Европа өлкөлөрүнүн министрлери менен Ирандын Тышкы иштер министринин жолугушуусунан кийин уюштурулду.

Иран да эл көрсүн үчүн шоу уюштуруп, АКШнын Катардагы «Аль-Удейд» базасына бир нече ракета атканын жарыялады. Бирок Трамп айткандай, Иран бул жөнүндө Америкага алдын ала кабарлаган болчу. Бул окуялар болуп жаткан учурда айрым мусулман мамлекеттеринин башкаруучулары Ирандын аймагын яхудий түзүмү жана Америка бузганын, Иран болсо Катарга кол салганын сындап чыгышты. Бирок ошол эле башкаруучулардын айрымдары яхудий жана Америка учактарына Иранды бомбалоо үчүн өз аба мейкиндигин ачып беришкен! Ал эми кээ бирлери Ирандын яхудий түзүмүнө аткан ракета жана дрондорун атып түшүрүшкөн!

Бул окуялар талдоочулар айткандай, жөн эле спектакль болуп, жөнөкөй элге да түшүнүктүү болду. Бул окуялар бүткөндөн кийин Трамп ядролук программа боюнча жетишкен «жетишкендиктери» менен мактанып, Иран менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы согушту токтотууга «кудурети» жеткенин жарыялады. Андан кийин Нетаньяху дагы чыгып, Иранды өзөктүк куралдан ажыраттык деп текеберленди жана аны жеңүү менен мактанып чыкты.

Ал эми Иран жана башка мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучуларына мунун баары маанилүү эмес! Алардын көңүлү башка жакта! Иран башкаруучулары яхудий түзүмүнүн кол салууларына даярданбай, бардык эскертүүлөргө жана чыңалууларга карабай, өздөрүн «карапайым» түрдө кол салууга кабылып калгансып көрсөтүштү. Алар яхудий түзүмүнүн учактарына Ирандын асманын толук көзөмөлдөөгө мүмкүндүк беришти, ал учактар каалагандай бомбалап, өлтүрүп, талкалады. Ар бир соккудан кийин гана абадан коргонуу системалары иштеп жатты. Бул кандай гана жаман иш!

Андан кийин аларга кол салынганына карабай согушту токтотууга макул болушту. Эми болсо Трамп менен Нетаньяху менменсинип, мактанып жатышат. Ал эми мусулман жетекчилеринин ичинен бири да үн катпады, эркектик намысы ойгонбоду. Калган мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучулары болсо, мурункудай эле кыянатчылык жана элдерине каршы кутумдар менен алек. Алар үммөттүн душмандарына өз өлкөлөрүндө эркин жүрүп, каалагандай өлтүрүп, талкалап, басынтып турууга уруксат беришкен. Алар яхудий түзүмүнө Газаны талкалоого, элди кырууга, жер котортуп, ачарчылыкка учуратууга жол ачып беришкен. Алардан чыккан эң чоң реакция айыптоо же сын айтып коюу. Эң «жакшы» деп эсептелгендери болсо маселени мусулмандарга кутум кылган эл аралык уюмдарга көтөрүүгө аракет кылышат. Кандай гана жаман иш кылышууда!

Бул башкаруучуларда эркектик намыс калбадыбы?! Алардын ичтеринде ар-намыс, абийир, урмат деген сапаттар жокпу?! Алардын сөздүгүндө «айыптоо» менен «сындан» башка сөз жокпу?! Алардын сөздүгүндө «Эч ким аср намазын Бани Курайзага жетмейинче окубасын» деген буйрук жокпу?! Алардын сөздүгүндө Харун ар-Рашиддин Никифорго айткан кайраты, аль-Му’тасимдин намысы жокпу?! Алардын сөздүгүндө Салахуддиндин эрдиги жана баатырлыгы, Абдулхамиддин кайраты жокпу?!

Эй мусулмандар!

Бул башкаруучулардын чыныгы жүзү ашкере болуп калды. Алар силердин эмес, душмандарыңардын кызыкчылыгын көздөшөт. Алар өздөрүнүн майып тактыларын сактап калуу үчүн, силерди душмандарыңарга курмандыкка чалууга дайым даяр. Алар муну көп жолу кылышкан, Газа буга эң жакшы далил. Мына Иран да көз алдыңарда, ага чейин Сомали, Ирак, Йемен, Ливия, Сирия — баары бир тизгинде. Качанга чейин унчукпай отура бересиңер?!

Чечим кабыл алуунун, үнүңөрдү бийик чыгаруунун, бул саткын башкаруучуларды кулатуу үчүн туруп, силерди алдабаган, чыныгы ойгонуу долбооруна ээ, үммөттүн чыныгы лидери болгон Хизб ут-Тахрир менен иштөөнүн убагы келбедиби?! Намысыңарды, урматыңарды кайтарып, дүйнөнүн кожоюну болуп, бардык адамзатка туура жолдун чырагын көтөрүп чыгуу убактысы келди!

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

02.07.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here