Хижрат Ислам мамлекетин кабарлаган улуу саясий иш

21
0

Хижрат Ислам мамлекетин кабарлаган улуу саясий иш

Үммөттөрдүн жашоосунда окуялардын баалуулугу алардын пайда болушуна жана жүрүшүнө тийгизген таасирине жараша айырмаланат. Мусулмандардын тарыхында хижрат эң чоң окуя болуп эсептелет. Ал Ислам мамлекети түптөлүшүнө негиз болду жана бул мамлекет он үч кылымдан ашык убакыт жашады. Бул мезгилде мусулмандар дүйнөнүн кожоюну болуп, бардык адамзатка туура жолдун жана адилеттиктин жарчысы болушкан.

Жаркын пикирлөө хижрат окуясын анын айланасындагы шарттар менен чогуу т.а убактысы жана жери тууралуу назар таштоону талап кылат. Хижратка чейин Пайгамбарыбыз ﷺ  тарабынан жасалган, хижратка алып барган иштер кылынган. Хижраттан кийин да анын натыйжасында ишке ашкан иштер болду. Демек, бул окуяны алардан бөлүп кароо туура эмес. Ошондой эле жер маселеси, Меккедеги окуялар хижратка чейин жана хижрат учурунда, ал эми Мединадагы окуялар хижраттан кийин деп аталды. Хижрат окуясына терең жана жаркын көз караш, ал андан мурдагы, кийинки жана аны курчаган окуялардан ажыратылбашы керек экендиги аныктайт. Мына ушундайча хижратка так жана туура көз караш жаралат. Бул көптөгөн иштердин жыйынтыгында келип чыккан улуу окуя, ал чоң натыйжаларга жеткирген. Бул маселе, тилекке каршы, көбүнчө мечиттерде жана телеканалдарда баян айткан дааватчылар жана мугалимдер тарабынан үстүртөн гана айтылып келет. Айрым учурда анын майда-чүйдөсүнө кирип түшүндүрүшкөнү менен, терең жана жарык көз караш берилбегендиктен, хижрат мусулмандардын аң-сезиминде тийиштүү ордун таппай калууда. Муну менен эскерүү дагы эле кадимки бир эскерүү катары, сабак алынбай өтүп кетип жатат. Бул окуя экинчи Ислам мамлекетин куруу үчүн аракет кылууга түрткү бербей калды.

Хижрат чоң саясий окуя. Аны терең жана жаркын көз караш менен кароо зарыл. Хижратка мындай көз караш менен кароо, ал ойгонгон үммөттү түзгөндүгүн, мабдага негизделген мамлекетти жана коомду кургандыгын көрсөтөт. Бул мабда акылга негизделген аклий акыйда, андан толук система келип чыгат. Бул Ислам мабдасы. Муну менен тарыхтын багыты жана жүрүшү өзгөргөн. Пайгамбарыбыз ﷺ  Ислам мабдасы аркылуу курган үммөт тарыхтын таажысындагы берметке айланган жана узак кылымдар бою тарыхты өзү жараткан. Пайгамбарыбыз ﷺ  хижрат маалында жасаган ар бир иши жана ал кездеги муъжизалар хижрат окуясын түзүп, алардын баарын Аллах Таала Куранда ачык түрдө Өз жардамы катары сыпаттаган. Аллах Таала мындай деген:

﴿إِلاَّ تَنصُرُوهُ فَقَدْ نَصَرَهُ اللهُ إِذْ أَخْرَجَهُ الَّذِينَ كَفَرُواْ ثَانِيَ اثْنَيْنِ إِذْ هُمَا فِي الْغَارِ﴾

«Эгер силер ага (пайгамбарга) жардам кылбасаңар Алланын Өзү ага жардам кылды. Аны каапырлар ал эки адамдын бири болгон абалында (тагыраак айтканда, бир жолдошу менен Меккеден) айдап чыгышканда (ага Алла жардам берда эле го)». (Тообо сүрөсү, 40-аят).

Бул Аллах Тааланын Өзүн колдогондорду жеңишке жеткирүү убадасынын ишке ашуусу. Аллах Таала дагы айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تَنصُرُوا اللهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾

«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат». (Мухаммад сүрөсү, 7-аят).

Ошондой эле бул Аллахтын убадасына бекем тургандыгы, анткени Ал мындай деп касам кылган:

﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Албетте, Алла Өзүнүн (динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылып койот. Шексиз, Алла Күчтүү, Кудуреттүү». (Хаж сүрөсү, 40-аят).

Бул бизге Пайгамбарыбыз ﷺ  хижратка чейинки Меккедеги иштери Аллах Таалага жана Анын динине берилген жардам экенин көрсөтөт. Бул иштер үчүн Пайгамбарыбыз ﷺ  жана анын алгачкы сахабалары Аллахтын жардамына татыктуу болушкан. Алардын бул аракеттеринин акыбети хижрат жана Мединадагы биринчи Ислам мамлекетинин курулушу болду. Пайгамбарыбыз ﷺ  Аллахтын буйругу боюнча Раббинин рисаласын жеткирүүдө Аллахтын жардамына татыктуу болду. Ал эми сахабалар чындыкта бекем турушу менен Аллахтын жардамына татыктуу болушту.

Эгер кимдир бирөө кылдат карап, Аллахтын жардамына жетүү үчүн коюлган аракеттер менен анын натыйжасында берилген жардамды салыштырып көрө турган болсо, чоң айырмачылыкты байкайт. Алдын ала жасалган иштер — канчалык чоң болсо да — Аллахтын жардамынан жана анын көлөмүнөн абдан эле аз. Бул нерсе мурунку пайгамбарлардын, Пайгамбарыбыз ﷺ  жана анын сахабаларынын жана алардын кыямат күнүнө чейин жолун уланткандардын тарыхында да далилденет. Бул жыйынтык ыймандын чындыгын бекемдейт. Жеңиш Аллахтын Өзүнөн гана келет, Ал каалаганына жардам берет, Ал Азиз, Мээримдүү. Бул чындык жана жыйынтык бүгүнкү күндөгү мусулмандарды Аллахтын буйругуна ылайык Ислам мамлекетин экинчи ирет курууга үндөйт. Алар аз гана нерсе кылышат. Жер бетинде Ислам бийлигин кайра орнотуу үчүн аракет кылышат, бирок анын акыбетинде Аллахтан чоң жана ачык жеңишке жетишишет.

Аллах Таала Өзүнүн аз сандагы, жер жүзүндө алсыз, куурап калган, каапыр коомдор тарабынан куугунтукталган, адамдардан коркуп, таркап кетүүдөн чочулаган момун кулдарына чоң рахмат кылды. Ал хижраттан кийин аларды Мединада жаңы Ислам мамлекетинде жайгаштырды, аларды күчү менен колдоду жана аларды тайиб (таза, адал) нерселер менен ырыскыландырды. Аллах Таала мындай деген:

﴿وَاذْكُرُواْ إِذْ أَنتُمْ قَلِيلٌ مُّسْتَضْعَفُونَ فِي الأَرْضِ تَخَافُونَ أَن يَتَخَطَّفَكُمُ النَّاسُ فَآوَاكُمْ وَأَيَّدَكُم بِنَصْرِهِ وَرَزَقَكُم مِّنَ الطَّيِّبَاتِ﴾

«Дагы силер жерде (атап айтканда Меккеде) азчылыкжана алсыз болгон чагыңарда, адамдар (Мекке мушриктери) талап кетүүлөрүнөн коркуп турган чагыңарда силерге жай берип, (Мадинага көчүрүп) Өз жардамы менен колдоп-кубаттаганын жана шүгүр кылышыңар үчүн пакиза нематтардан ырыскы бергенин эстегиле!» (Анфал сүрөсү, 26-аят).

Бул Аллах Тааланын жараткан кулдарына карата мыйзамы (сүннөтү). Бул сүннөт өзгөрбөйт жана алмашпайт. Мурунку пайгамбарлар менен да ушундай болгон:

﴿وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ * وَنُمَكِّنَ لَهُمْ فِي الْأَرْضِ﴾

«Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды (кордук, бечаралыктан чыгарып, бардык адамдарга) башчы заттарга айландырууну жана аларды (Фиравндын мүлкүнүн) мураскорлору кылууну каалайбыз. Дагы аларды ошол жерде жайгаштырабыз…» (Касас сүрөсү, 5–6-аяттар).

Бул сүннөт акыркы күнгө чейин, Аллах жер жүзүн жана анда жашагандарды мураска алгыча, уланат. Бул бүгүнкү күндө биз мусулмандарга да тиешелүү. Биз бүгүн жер жүзүндө алсызбыз, майда мамлекеттерге бөлүнүп, колонизатор курама мамлекеттер тарабынан башкарылып жатабыз. Ошого карабастан, биздин күч булагыбыз Аллах Таала, жана Бизди колдогон да Аллах Таала бар. Анын сүннөтү мурунку мурункулардай эле, бизде да иштеп жатат.

Демек, бүгүн биз Ислам үммөтүнүн жаңыдан ойгонушу үчүн аракет кылууга, Пайгамбарыбыз ﷺ  биринчи жолу кургандай экинчи жолу Ислам мамлекетин куруу үчүн иштөөгө кудуреттүүбүз. Аллахтын жеңиш убадасы туруктуу, анда мусулмандар эмне үчүн дагы эле күтүп жатышат? Чындыгында, хижрат тарыхтын жүзүн өзгөрткөн, дүйнөнүн жүзүн өзгөрткөн, жана экөөнү тең Аллах Таала каалаган түс менен боёгон:

﴿صِبْغَةَ اللهِ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللهِ صِبْغَةً وَنَحْنُ لَهُ عَابِدون﴾

«Алланын (дини) Өңү менен өңдүүбүз. Түшүндүрмө: Бул аяттагы Алланын өңүнөн максат – Алланын дини. Анткени, кудум кийимдин үсүндө өңү көрүнгөнү сыяктуу момундарда да диндин белгилери көрүнүп турат. Алладан да көркөм өң-түс берүүчү ким бар?! Биз Ага гана сыйынуучуларданбыз!» (Бакара сүрөсү, 138-аят).

Бирок бүгүн биз эмне көрүп турабыз? Яхудий түзүмүнүн жийиркеничтүү жетекчиси текеберленген добушу менен Жакынкы Чыгыштын жүзүн өзгөртөбүз деп айтканын көрүп жатабыз. Америка президенти болсо, Жакынкы Чыгыштын (б.а. Ислам жерлеринин) жүзүн өзгөртө турган келишимдерди түзөбүз деп какшап жатат. Алардын ичинде эң аз дегенде «Ибрахим келишими» бар.

Эй мусулмандар! Бардыгын көрүп, угуп туруп кайда жүрөсүңөр? Силер жердин ээси эмессиңерби? Жердеги жана жер астындагы байлыктардын, стратегиялык абалдын ээси эмессиңерби? Силер караңгылыктан жарыкка алып чыккан, мабдага негизделген ойгонуунун, анын узак тарыхынын мураскорлору эмессиңерби?

Силер хижратты жүзөгө ашырып, дүйнөнүн жана тарыхтын жүзүн өзгөрткөн биринчи Ислам мамлекетинин ээлери эмессиңерби? Силердин араңарда улуу Ислам мaбдасынын негизинде ойгонуу байрагын көтөрүп келе жаткан, үммөткө калп айтпаган алдыңкы Хизб ут-Тахрир партиясы жокпу?

Силер армияларыңар жана күчүңөр менен аны колдой аласыңар, ошондо Аллах Таала силерге жардам берет, силер аркылуу экинчи Ислам мамлекетин орнотот. Мына, Аллах Таала Пайгамбарыбыз ﷺ  жана анын кутман сахабаларына хижрат жана биринчи Ислам мамлекетин куруу аркылуу кантип жардам берген болсо, силерге да ошондой жардам берет.

Эй мусулмандар! Бул улуу жакшылыкка шашылгыла! Хизб ут-Тахрир менен бирге иштегиле жана аны колдогула!

Роя гезити

Халифа Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here