Юнус менен Тариктин Лондондогу келишими: АКШнын үстөмдүгүн жана анын капиталисттик түзүмүн сактап калуу аракети

29
0

Басма сөз баянаты

Юнус менен Тариктин Лондондогу келишими: АКШнын үстөмдүгүн жана анын капиталисттик түзүмүн сактап калуу аракети

2025-жылы 13-июнда Лондондо жашаган убактылуу өкмөттүн башчысы доктор Юнус Бангладеш элинин үмүтүн актай албай, Бангладеш Улуттук партиясынын төрагасы Тарик Рахман менен саясий келишим түздү. Бангладеш эли Улуттук партиянын башкаруучу таптарынын кара такка толгон тарыхын жана алардын жасаган коррупциялык иштерин унуткан эмес. Чынында, Юнус менен Тариктин бул саясий келишими жана бийликти бөлүшүүсү АКШнын планын түздөн-түз колдогонун билдирет. Бул план аркылуу АКШ өзүнүн колониялык долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүндүк алат. Мурдагы америкалык элчилер Дэн Мозена, Берника жана Питер Хаас — бул келишимди кубаттап, ага ыраазычылыктарын билдиришти. Жаңылыктарда айтылгандай, Бангладеш Улуттук партиясы доктор Юнусту президент кылып дайындоону да сунуш кылган. Хасина диктатордук режиминин кулашы менен бул өлкөнүн эли өкүмзор капиталисттик түзүмдөн жана батыштык каапыр колонизаторлордун үстөмдүгүнөн кутулууну каалаган эле. Бирок мындай берилгендик бул өлкө элине жасалган чыккынчылык.

Биз, Хизб ут-Тахрир / Бангладеш вилаяты, Убактылуу өкмөттү жана саясий чөйрөнү эскертебиз! Бул өлкөнүн эли өз жеринде каапырлардын жана мушриктердин үстөмдүгүн чыңдоо үчүн кутумдардын эч бирин эч качан кечирбейт. Алар жек көрүлгөн Хасинанын кулатылышынан сабак алышы керек. Аллах Таала мындай дейт:

﴿الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِنْدَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعاً﴾

«Алар момундарды коюп, каапырларды дос тутушат, эмне, алар ошол каапырлардын жанынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!). Анткени бардык күч-кубат Аллага таандык». (Ниса сүрөсү, 139-аят).

Ошондуктан, Убактылуу өкмөт элдин үмүттөрүн жана тилектеринин жүзөгө ашырылышын чагылдырган, Исламга жана элдин кызыкчылыктарына негизделген, өлкөнүн эгемендүүлүгүн коргоого багытталган саясий макулдашууга жетиш үчүн ылайыктуу саясий чөйрөнү даярдашы керек. Аллах Таала мындай дейт:

﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ فَأَصْلِحُوا بَيْنَ أَخَوَيْكُمْ وَاتَّقُوا اللهَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ﴾

«Момундар эч шек-күмөнсүз ага-инилер. Ошондуктан, силер эки ага-иниңердин ортосун оңдоп койгула! Алладан корккула-балким Ал Зат тарабынан боло турган ракымга жетишесиңер». (Хужурат сүрөсү, 10-аят).

Ошондуктан, биз айырмачылыктарды унутуп, каапырларды жана мушриктерди четке кагып, катарларыбызды бириктиришибиз керек. Бангладеш калкы, он беш жылдык күрөш, аракет жана көптөгөн курмандыктар натыйжасында секулярдык капиталисттик түзүмдүн кызматчысы болгон Хасинаны кулатты. Абу Хурайра رضي الله عنه риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:

«المؤمن لا يلدغ من جحر مرتين»

«Момун бир тешиктен эки ирет чактырбайт» (Бухари жана Муслим).

Демек, Батышка — Британия менен Америкага — берилген башкаруучу таптардын саясий келишимдери жана бийликти бөлүшүүлөрү аркылуу ошол эле секулярдык капиталисттик түзүмдүн тузагына кайрадан түшпөшүңөр керек. «Мамлекетти оңдоо» деп аталган «циркти» четке кагып, мамлекетти түп-тамырынан өзгөртүүгө активдүү катышышыбыз керек. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:

«… ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ»

«… Андан кийин күч менен башкарган заалим падышалык болот. Ал Аллах каалаганча болот, андан кийин Аллах кааласа аны жок кылат. Андан кийин Пайгамбарлык жолундагы Халифалык болот. Анан Пайгамбар ﷺ унчукпай калды» (Муснад Ахмад).

Пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөн ушул Халифалыкты кайра тикелөө үчүн, сөзсүз түрдө Пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты курууга саясий биримдик зарыл. Халифалык орногондо гана Ислам сакталып, үммөттүн кызыкчылыктары жана ислам өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгү корголот, ин шаа Аллах.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар”. (Анфал сүрөсү, 24-аят).

Хизбут-Тахрирдин Бангладеш вилаятындагымаалыматбөлүмү

19.06.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here